Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 31-октябры ПЖ № 272

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 7-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чуй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнүн которуу жөнүндө" Жарлыгынан келип чыккан кээ бир маселелерди жөнгө салуу жөнүндө

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын саясый партияларынын, шайлоочулардын топторунун жана жарандарынын бирдей шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 7-сентябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнүн которуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды кабыл алсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева