Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 15-ноябры ПЖ № 289
Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, эл аралык тажрыйбанын алкагында чет мамлекеттердин башчылары жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү менен расмий иш-чараларда жана жолугушууларда Кыргыз Республикасынын Президентинин протоколдук өкүлдүгүн камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгисинин сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгисинин сүрөтү (эскизи) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгисинин турган жери Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинети болуп саналаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгисин даярдоону камсыз кылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жогорку артыкчылык даражасындагы өзгөчө белги "Кыргыз Республикасынын Баатыры" - "Ак Шумкар" орденинин символикалуу көчүрмөсү болуп саналат, алтындан жана күмүштөн жасалат. Төш белги "Ак Шумкар" орденинде камтылган пластикалык идеяны өркүндөтүп жана 70 миллиметрдик айлананы түзгөн жогорку деңгээлдеги симметриялык жети нурлуу күмүш жылдызды жана диаметри 50 миллиметрдик айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлдеги симметриялык жети нурлуу алтын жылдызды чагылдырат. Нурлардын, анын кырларынын жана жылдыздын формасынын сүрөттөлүшү тоолордун бийик чокуларын жана ачылган тоо кызгалдактарын элестетет. Жылдыздын борбордук алкагын айланта "КЫРГЫЗСТАН ПРЕЗИДЕНТИ" деген текст жазылган.
Алтын айлананын борборунда күмүштөн жасалган ыйык "Ак Шумкардын" катталган рельефтик сүрөтү жайгаштырылган.
Төш белгинин алтындан жана күмүштөн жасалган чынжыры 14 тогоодон турат: алардын төртөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин чагылдырган фрагмент түрүндө, алтоо - тегерек шакекче түрүндө болуп, аларды айланта кыргыз жана орус тилдериндеги: "Эл, Жер, Биримдик", "Земля, Народ, Единство" деген ураан жазылган жана 4 элемент түндүк түрүндө жайгашкан. Чынжырда ийилген лавр жалбырагы түрүндө аралык элементтер пайдаланылган. Төш белгинин чынжырынын негизги элементтеринин өлчөмү 40 миллиметрди, аралык элементи - 22 миллиметрди түзөт. Төш белгинин чынжырынын жалпы узундугу 102 см түзөт.
Төш белгинин чынжырынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан тактада Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, аты-жөнү жана анын кызматка киришкен убактысы жазылат.