Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 16-ноябры ПЖ № 292
Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармагына кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн:
III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлансын:
Жүзүмалиева Күлүйпа | - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Ак-Жалга» ачык акционердик коомунун төрайымы; |
«Данк» медалы менен сыйлансын:
Атамбаев Жусупакмат Сатышович | - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы «Маткерим» дыйкан чарбасынын башчысы;
|
Кыдырмаев Адашбек | - Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директорунун илим боюнча орун басары; |
«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Абдусаламов Абдулвохид Абдуханноновичке | - Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондор аралык мамлекеттик үрөнчүлүк инспекциясынын начальниги;
|
Акматова Асылканга | - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эмгек ардагери;
|
Акматов Режепали Орозалиевичке | - Кыргыз Респубяикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин Баткен бассейндик суу чарба башкармасынын суу пайдалануучулар Ассоциациясынын колдоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Жолдошов Нурмаматка | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо Департаментинин Ноокат райондук жерге жайгаштыруу боюнча райондук башкармасынын жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Исаков Эсенгулга | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
|
Мусаев Зарлыкка | - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Кара-Булун» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
|
Сатиев Сейдакмат Жунусовичке | - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы агрардык өнүктүрүү башкармасынын жайыттар боюнча башкы адиси;
|
Токсонова Жамилага | - Талас облусунун Бакай-Ата районундагы «Анарбек» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
|
Холопов Геннадий Владимировичке | - Чүй облусунун Москва райондук суу чарба башкармасынын начальниги; |
«Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилсин:
Лущихина Евгения Михайловнага | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биотехнология Институтунун генетика лабораториясынын башчысы; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абдураимова Лайлохан | - Ош облусунун Кара-Суу районунун айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси;
|
Абдуллаев Жумабай | - Баткен облусунун Лейлек районундагы «У.Маткаримов» атындагы жеке үрөнчүлук айыл чарба кооперативинин башчысы;
|
Баатыров Баймурза | - Ош облусунун Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси;
|
Гутник Валерий Геннадьевич | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин гидромелиорациялык системаларды жана курулмаларды эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги;
|
Кыштобаев Жолочу Абдрасулович | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусунун Түп райондук суу чарба башкармасынын начальниги;
|
Тен Дмитрий Анатольевич | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорт сыноо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы;
|
Чебодаев Дмитрий Викторович | - Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун кой-эчкилердин генетикалык ресурстары бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери;
|
Чондиев Суюналы Суеркулович | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин Талас бассейндик суу чарба башкармасынын башкы адиси. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |