Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 2-декабры ПЖ № 4
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы 2011-жылдын 1-декабрынан баштап:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаеваны төмөнкүлөр менен камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө акчалай күтүүнү, муну менен акчалай күтүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулай тургандыгы аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде медициналык тейлөөнү;
2) Кыргыз Республикасынын экс-президентине төмөнкүлөр бекитип берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик № 1 резиденциясында мамлекеттик дача өмүр бою пайдалануу укугу менен;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорт бирикмесинин айдоочусу менен белгиленген ченемге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдар жана техникалык тейлөөсү менен.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган чаралардын толук көлөмүндө мамлекеттик күзөт менен камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын аймагында аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдары менен станциялардын расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу укугун камсыз кылсын;
2) республикалык бюджетте ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын карасын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |