Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 14-декабры ПЖ № 26
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 11-декабрындагы № 585 Жарлыгы менен дайындалган, Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Кожобекова Гульмира Турдумаматовнанын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 12-декабрынан токтотулсун.
2. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |