Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 27-декабры ПЖ №66
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Агентствонун чогуу уюштуруучулары катары: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү башкаруу органдарынын Ассоциациясынын юридикалык жактарынын бирикмеси, "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмеси аныкталсын.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |