Редакцияот 30.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 30-декабры ПЖ № 68

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 29-декабрынан баштап токтотулсун:

- Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясы Асанбаев Нуркалый Жумабековичтин;

- Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Атакулов Сулайманкул Солтокуловичтин;

- Ош облустук сотунун судьясы Аширбаев Исламидин Маматовичтин;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Байсеитов Таалайбек Карыбаевичтин;

- Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Байышов Мирлан Байышовичтин;

- Ош облустук сотунун судьясы Галиева Жаркынай Душаевнанын;

- Ош шаардык сотунун судьясы Джулдашев Талант Тюленбаевичтин;

- Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы Джээнбекова Альбина Бакеновнанын;

- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Ибраимова Жылдыз Белековнанын;

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Калыбаев Алмаз Жээнкуловичтин;

- Нарын облустук сотунун судьясы Керимкулова Айнакүл Токтогуловнанын;

- Ош шаардык сотунун судьясы Максутов Закир Сатаровичтин;

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Молдобаев Алмазбек Тавалдыевичтин;

- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Рыскулова Айжан Рыспековнанын;

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Салиев Калыгул Абдылдаевичтин;

- Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Сапаралиев Акмат Ниезмаматовичтин;

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Тилекеева Аида Мейманалиевнанын;

- Ош облустук сотунун судьясы Чикиев Таалайбек Дуйшенкуловичтин;

- Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Чырмашев Урмат Дуйшенбековичтин;

- Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Эргешов Абдижалил Садыбакасовичтин;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эркебаева Гүлайым Абдыганиевнанын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев