Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы N 24 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын (мындан ары - Катчылык) ишмердигинин укуктук негиздерин бекемдейт, милдеттерин жана функцияларын, ошондой эле ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Катчылык Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын ишмердигинин укуктук негиздери
3. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын милдеттери
4. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйналыштарын жана аларга материалдарды даярдоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ишин жана чечимдерин жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо жана иштетүү, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө коопсуздук абалы жөнүндө талдоо докладдарын даярдоо;
- коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы үчүн коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле өзгөчө же аскердик абалды киргизүү боюнча чараларды жана өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча мыйзамда каралган башка чараларды кабыл алууга багытталган сунуштарды даярдоо;
- коргонуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын функциялары
5. Катчылык милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашырууга контролдукту ишке ашыруу;
- коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүүлөрүн жана ишин координациялоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
- жогорку аскердик жана атайын наамдарды, ардактуу наамдарды берүү, ошондой эле аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын жана республиканын башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- жарандардан, министрликтерден, мамлекеттик, комитеттерден, администрациялык ведомстволордон Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине даректелген каттарды жана башка кайрылууларды карап чыгуу;
- Катчылыкка жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
- коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоого катышуу;
- мыйзам долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо саясаты жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча жарлыктарын иштеп чыгуу.
(КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ишин уюштурууну жана чечимдерин аткарууну камсыз кылат.
7. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийет, ал эми башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси менен өз ара аракеттенет.
8. Коопсуздук кеңешинин катчысынын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу орун басарлары болот.
(КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы:
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча Катчылыктын ишин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин иш пландарын иштеп чыгууну уюштурат, анын жыйналыштарынын күн тартибин түзөт, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйналыштарына жумушчу материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин тиешелүү органдары, эл аралык уюмдар менен анын ишине байланыштуу маселелер боюнча мамилелерде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин атынан иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн, чакырылган адамдарды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйналышын өткөрүү күнү жана орду, күн тартиби жөнүндө алдын-ала маалымдайт, аларды зарыл болгон маалыматтык материалдар менен камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйналыштарынын протоколдорун тариздейт жана кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүнө контролдукту ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткарууиун жүрүшү жөнүндө маалымдайт.
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы
10. Катчылык Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын энчилүү бланкына ээ.
Катчылык тынчтык мезгилинде Коопсуздук Кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык камсыз кылууну ишке ашырат, ал эми согуш мезгилимде бул камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы ишке ашырат.
(КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Катчылыктын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан дайындалышат жана бошотулат.
12. Катчылыктын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
13. Катчылыктын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин иши жөнүндө купуя маалыматты же болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу аларга белгилүү болгон башка маалыматты жарыялоого укугу жок.
14. Катчылыктын ишин маалыматтык-талдоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго жүктөлөт.
15. Катчылык маселелерди даярдоо үчүн зарыл болгондо мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, ишканалардын, менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардын адистерин, эксперттерин тартат.
7. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын комиссиялары жана жумушчу топтору
16. Катчылык анын ишинин негизги милдеттерине ылайык туруктуу комиссияларды түзөт.
17. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгондо убактылуу комиссиялар жана жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Убактылуу комиссияларды түзүү, алардын милдеттери жана жеке курамы жөнүндөгү маселелер Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чечилет.
18. Туруктуу жана убактылуу комиссияларды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери, алардын орун басарлары же болбосо, Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген адамдар башчылык кылышы мүмкүн.
19. Туруктуу жана убактылуу комиссиялар, жумушчу топтор Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйналыштарына материалдарды даярдоону ишке ашырат, улуттук коопсуздукка келтирилген коркунучка баа берүү боюнча талдоо ишин аткарат, мамлекеттик, экономикалык, коомдук, маалыматтык, аскердик, экологиялык, энергетикалык, азык-түлүк жана коопсуздуктун башка түрлөрү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгат, өз ишинин натыйжасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө маалымдайт.