ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» жарлыгы

Редакция11.01.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 11-январы ПЖ № 5

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-декабрындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта:

бешинчи жана жыйырма экинчи абзацтар алып салынсын;

алтынчы абзацтагы "Нарын облусунун шаардык сотунун" деген сөздөр "Нарын облустук сотунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык 2011-жылдын 30-декабрынан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев