Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 28-январы ПЖ № 23
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу
Мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары" бөлүмүндө:
- II топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору";
- III топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |