КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 6-февралы ПЖ № 31
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
- Калилов Аязбек Эсентаевич Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн;
- Таштанбеков Сагынбек Рысбекович Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн;
- Токсобаева Анаркуль Калыковна Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |