Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 8-февралы ПЖ № 35
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңеши жана Балыкчы шаардык кеңеши, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңеши жана Кемин районунун Кемин шаарчасынын поселкалык кеңеши таркатылсын.
2. Жогоруда аталган райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары:
- жогоруда аталган кеңештердин карамагындагы документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишти күчөтүшсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |