Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы № 1 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Финансылык полициянын негизги милдеттери
III. Финансылык полициянын функциялары
IV. Финансылык полициянын укуктары
V. Финансылык полициянын ишин уюштуруу
VI. Финансылык полициянын кызматкерлери
VII. Мүлк, финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
VIII. Эсепке алуу жана отчеттуулук
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы (мындан ары - Финансылык полиция) мамлекеттик укук коргоо органынын статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын Президентине тикелей баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган болуп саналат, анын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында каралган экономикалык жана башка кылмыштарды табууга, алдын алууга, болтурбоого, бетин ачууга жана изилдөөгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, мамлекеттик бийлик органдарынын Финансылык полициянын карамагына таандык маселелерге кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
2. Финансылык полиция өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Финансылык полиция юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү болот, борбордук аппараттан жана аймактык бөлүмдөрдөн турат.
4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын укук мурастоочусу болуп саналат.
II. Финансылык полициянын негизги милдеттери
5. Финансылык полициянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- милдетине Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу кирген башка мамлекеттик органдар менен бирге мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
- жарандардын, ишкердик ишмердүүлүк субъекттеринин, коомдун, мамлекеттин мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында каралган экономикалык жана башка кылмыштарды табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга, бетин ачууга жана изилдөө жүргүзүүгө багытталган изин суутпай издөө жана изин суутпай иликтөө ишин жүргүзүү;
- Финансылык полициясынын карамагына берилген маселелер боюнча эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү.
III. Финансылык полициянын функциялары
6. Финансылык полиция коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
- изин суутпай издөө жана изин суутпай иликтөө ишмердүүлүгүн жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт;
- жасалып жаткан, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү жана маалыматтарды кабыл алат, каттайт жана карайт, аларга өз убагында бөгөт коюу, бетин ачуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана коомдук коркунучтуу кесепеттерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында каралган алгачкы иликтөө жана тергөө иштерин жүргүзөт, ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- изин суутпай издөө иш-чараларынын жыйынтыктарын бекемдөө максатында зарыл учурларда экономикалык иштин субъекттеринде финансылык, салыктык жана башка текшерүүлөргө катышат;
- жазык-процесстик мыйзамда каралган экономикалык жана башка кылмыштарга каршы күрөшүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын өркүндөтөт, изин суутпай издөө ишинин тактикасын жана усулун аныктайт, Финансылык полициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- аларды жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, администрациялык жана экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;
- мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- эсепке алууну жана отчеттуулукту, оперативдүү, тергөө, эксперттик жана кадрдык иштердин жана материалдардын абалына баа берүүнү уюштурат;
- Финансылык полициянын изин суутпай издөө жана тергөө ишин талдайт;
- Финансылык полициянын карамагына таандык кылынган жазык иштери боюнча адамдарды издөөнү жүргүзөт;
- Финансылык полициянын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана зарыл болгон учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү маселелери боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенет, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде эл аралык уюмдардын ишине катышат;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат, алар боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту, ошондой эле Финансылык полициянын аймактык бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишине ички ведомстволук контроль жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Финансылык полицияга жүктөлгөн башка функцияларды жүргүзөт.
IV. Финансылык полициянын укуктары
7. Финансылык полиция өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- өндүрүшүндө турган текшерүү материалдары жана козголгон жазык иштери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жеке жактардан алардын карамагында турган маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз түрдө суратууга жана алууга, уюмдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны берүүнү талап кылууга, алардан көчүрмөсүн алууга, маалымкат жана түшүндүрмө алууга;
- Финансылык полициянын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча жарандарды жана кызмат адамдарын чакырууга;
- өндүрүштөгү жазык иштери боюнча чакыруудан качкан адамдарды алып келүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү убактылуу кармоо изоляторлорун, тергөө изоляторлорун пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык Финансылык полициянын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча документтерди, товарларды, буюмдарды же башка мүлктү тартып алууга же алып коюуну жүргүзүүгө;
- укук бузуунун аныкталган жана белгиленген фактылары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле ишкердик жүргүзгөн адамдарга укук бузууга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чара көрүү жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө;
- козголгон жазык иштери боюнча соттук-экономикалык экспертизаларды дайындоого жана жүргүзүүгө, ошондой эле келип түшкөн материалдар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда текшерүү, ревизия, аудит жүргүзүү жана баа берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга;
- Финансылык полицияга жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү камсыз кылуучу маалымат тутумун түзүүгө жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
V. Финансылык полициянын ишин уюштуруу
8. Финансылык полицияга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулуучу төрага башчылык кылат.
Төраганын үч, анын ичинде бир биринчи орун басары болот, алар төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
9. Төрага Финансылык полициянын ишин уюштурат жана жетектейт, өз компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат жана Финансылык полициянын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
10. Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- Финансылык полицияга жетекчилик кылат;
- Финансылык полициянын аймактык бөлүмдөрүн уюштурууну жана контролдоону, Финансылык полициянын аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин бардык багыттары боюнча координациялоону жана макулдашылган аракеттерин камсыз кылат;
- Финансылык полицияны кайра түзүү жөнүндө, анын ичинде уюштуруу-штаттык, кадрдык жана материалдык-техникалык жактан чыңдоо маселелери боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет.
- бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда Финансылык полициянын атынан иш алып барат;
- Финансылык полициянын борбордук аппаратынын, ошондой эле аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Финансылык полиция башкармалыктары, бөлүмдөрү, секторлору жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитет;
- Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын кенже, орто жана улук наамдарды ыйгарат;
- өзүнүн орун басарларынын, борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, облустардын, Бишкек, Ош шаарларынын Финансылык полиция башкармалыктарынын (бөлүмдөрүнүн) жетекчилеринин функциялык милдеттерин бөлүштүрөт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Финансылык полиция органдарынын аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Финансылык полициянын кызматкерлерине жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- мыйзамда белгиленген тартипте Финансылык полиция кызматкерлерин сыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү жана тартип жазасын колдонуу маселелерин чечет, аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
- Финансылык полициянын бөлүмдөрүнүн кадрларын тандоону, жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
11. Финансылык полиция органдарында коллегия түзүлөт. Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасы коллегиянын төрагасы болот, анын орун басарлары кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын сандык жана жекече курамы төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Финансылык полициясынын коллегиясы жөнүндө Жобону төрага бекитет.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана төраганын буйругу менен ишке ашырылат.
VI. Финансылык полициянын кызматкерлери
12. Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосу астында болот. Финансылык полицияда кызмат өтөө тартибин Кыргыз Республикасынын Президенти белгилейт.
13. Финансылык полициянын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- атайын техникалык каражаттарды пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ок атуучу куралдарды, атайын каражаттарды жана күч менен таасир көрсөтүү чараларын колдонууга жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте менчигинин түрүнө жана жайгашкан ордуна карабастан юридикалык жана жеке жактар ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн колдонгон бардык өндүрүштүк, кампа, соода жана башка жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды текшерүүгө.
14. Финансылык полиция кызматкери укукка каршы аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Финансылык полиция кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери менен жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулууга тийиш.
VII. Мүлк, финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
15. Мүлк Финансылык полицияга оперативдүү башкаруу укугу менен бекитип берилет.
Финансылык полиция ага бекитилген мүлктү өз алдынча ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө акысыз.
16. Финансылык полиция органдарын финансылоо республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле мыйзамда каралган башка финансылоо булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
Финансылык полиция органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын каражаттарды түзүү жана пайдалануу укугуна ээ.
17. Финансылык полиция органдарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартибин жана ченемин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
VIII. Эсепке алуу жана отчеттуулук
18. Финансылык полиция өзүнө жүктөлгөн функцияларын жүзөгө ашырууда финансылык, статистикалык жана өз ишмердүүлүгүнүн башка эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга отчет берет.
19. Финансылык полициянын ишмердүүлүгү кайрадан уюшулганда же жоюлган учурда токтотулат. Финансылык полициянын ишмердүүлүгү токтогон учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.