Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы № 1 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы ПЖ №50 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын катардагы жана башкаруучу курамы кызмат өтөшүнүн укуктук негизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында (мындан ары - Финансылык полиция) кызмат өтөө Финансылык полиция органдарында кызмат орундарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет.
2. Финансылык полициянын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо түзөт.
3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук, адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, кызмат тартибин сактоо, кызматы үчүн адилеттүү сыйлоо, кызматкерлердин жөндөмүн жана квалификациясын эске алуу менен кызматтык ишинин натыйжасы боюнча кызматы боюнча көтөрүлүү принциптеринде түзүлөт.
4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгиленген тартипте Финансылык полициянын аттестацияланган курамынын штаттык кызмат орундарын ээлеген, Финансылык полициянын атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жетон берилет.
Жетондун жана күбөлүктүн сыпаттамасы Финансылык полициянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын белгиленген тартипте табелдик куралды жана атайын каражаттарды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берүүчү жана Финансылык полиция органдарында ыйгарылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоочу расмий документ болуп эсептелет.
Кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси кызматка жаңы алынган Финансылык полиция кызматкерине кызматтык күбөлүктү тапшыруу учурунда документти пайдалануунун эрежелери жана аны сактоонун тартиби жөнүндө нускоо берет.
Кызмат боюнча кийин иштен орун которгондо, кезектеги атайын наам ыйгарылганда, Финансылык полициядан иштен бошогондо жана мурда берилген күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө аны алган жери боюнча кайтарып берилет.
Финансылык полициянын кызматкерлери тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укуктуу.
5. Финансылык полицияга кызматка кирген жарандар өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, антты, ички иш тартибин, Тартип уставынын жана ушул Жобонун талаптарын сактоого милдеттүү.
6. Финансылык полицияга кызматка кабыл алуу жарандар алардын кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо үчүн милдеттүү түрдө атайын текшерүүдөн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тутумундагы аскердик-врачтык комиссияларда медициналык текшерүүдөн, ошондой эле талапкерлердин дене-күч даярдыгын текшерүүдөн өткөн шартта ишке ашырылат.
Финансылык полиция кызматкерин кызматка алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансылык полициянын төрагасынын буйругу менен таризделет.
Буйрук Финансылык полициянын кызматкерине кол койдуруу менен жарыяланат.
Финансылык полиция кызматына кабыл алынган жарандар ушул Жободо белгиленген тартипте ант берет.
Финансылык полицияга кызматка жаңыдан кабыл алынып жаткан адамдарга сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн, ал 3 айдан ашпайт. Талапкер тиешелүү кызматка катардагы жана башкаруучу курамдын атайын наамын ыйгаруу менен дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчы бекитилет.
7. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматка төмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:
- соттун күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугу чектелүү деп табылса;
- соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен реабилитацияланбаган негиздер боюнча бошотулса;
- башка мамлекеттин жарандыгына ээ болсо;
- саясый партиянын мүчөсү болсо;
- терс жүйөөлөр боюнча укук коргоо органдарынан, ошондой эле мамлекеттик башка органдардан иштен бошотулган болсо.
8. Финансылык полициянын кызматкерлери жакын туугандык (ата-эне, жубай, бир туугандар жана балдар) байланышта болгон, түздөн-түз баш ийүүсүндө же контролдугунда турган адамдар менен байланышкан кызматта болууга укуксуз.
9. Финансылык полиция кызматкерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- чыгармачылык, илимий жана педагогикалык иштер менен байланышкан кызматтарды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө;
- ишкердик жүргүзүүгө;
- кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсү болууга;
- финансылык полиция органдарында жана башка мамлекеттик органдарда үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
- финансылык каражаттарды, материалдык-техникалык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү, ошондой эле кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта колдонууга;
- саясый партиялардын катарында турууга, саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убактысында катышууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишке ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сый акы алууга.
Ушул пункттун жоболорун бузган жана ээлеген кызматына шайкеш келбеген кандайдыр бир иш аракетти жасаган учурда Финансылык полициянын кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан кызматтан бошотулууга тийиш.
10. Финансылык полициянын катардагы жана кенже башкаруучу курамынын кызмат ордуна орто, атайын-орто жана жогорку билими бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полициянын орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын кызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку билими бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полициянын катардагы жана башкаруучу курамынын тиешелүү кызмат ордуна дайындалган аскердик кызматка милдеттүү адамдар белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана атайын каттоодо турат.
11. Катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын тизмеси жана ушул кызматтарга туура келген атайын наамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык полициянын төрагасы тарабынан аныкталат.
Кызматка кабыл алынган Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамындагы адамдарга кызматка дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин Финансылык полициянын төрагасы тарабынан атайын наамдар ыйгарылат.
12. Финансылык полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлер төмөнкүдөй мазмундагы антты берет:
"Мен, Кыргыз Республикасынын жараны (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция органдарына кызматка киришип жатып, Кыргызстандын элине берилгендигим менен:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кынтыксыз сактоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жетекчиликке алууга;
жарандардын жана мамлекеттин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана мыйзамга жат кол салуулардан коргоого, зардалдардын буйруктарын ак ниеттүү аткарууга;
мыйзамдуулукту сактоого, чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекенимдин экономикалык таламдарын коргоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;
кызматтык милдеттерди жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниеттүү аткарууга;
иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө салтанаттуу ант берем.
Антымды бузсам, мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жаза толук колдонулсун".
Ант берүүчү анттын текстине кол коет жана ант берген убактысын көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин жеке ишинде сакталат.
Ант берүү тартибин төрага аныктайт.
13. Финансылык полициянын кызматкерин кызматы боюнча көтөрүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- жогору турган кызматка - кызматы боюнча көтөрүү иретинде;
- теңдеш кызматка:
иш тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча алда канча максаттуу пайдалануу үчүн; кызматтын кызыкчылыктарында кызматкерди башка жерге которууга - ротациялоого байланыштуу. Кызматкерлерди ротациялоо, эреже катары, 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт;
кызматкердин үй-бүлөлүк муктаждыгына, курагына жана ден-соолугуна байланыштуу, жеке өтүнүчү боюнча.
Мында кызмат орду, эгерде ага мурдагы кызмат орду боюнча атайын наамына теңдеш атайын наам жана ээлеген кызмат орду боюнча теңдеш кызматтык маяна каралган болсо, теңдеш болуп саналат.
- төмөн турган кызмат ордуна:
штаттардын саны кыскарганда же Финансылык полиция кайра уюштурулганда бул адамдарды теңдеш кызмат орундарына которууга мүмкүндүк болбогондо;
аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден соолугунун абалы боюнча;
аттестациялоо тартибинде кызматка дал келбегендиги боюнча;
жаза колдонуу тартибинде;
жеке өтүнүчү боюнча.
14. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полициянын кадрларында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кызматын улантуу үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн.
Финансылык полициянын кадрларында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кызматын улантуу үчүн жөнөтүлгөн кызматкерлерди акчалай күтүү (эмгек акы) кызмат өтөөгө жиберилген тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда белгиленген эрежелер жана ченемдер боюнча камсыздалат.
Аталган мамлекеттик органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкерлер Финансылык полициянын кадрлар карамагына келет жана мамлекеттик органдарга жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна же ага барабар кызмат орунга ишке орноштурулууга тийиш.
Финансылык полиция кызматкерин кызматы боюнча ордун которуу бардык учурларда ордун которуунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу таризделет.
Төмөн турган кызматка жылдырылган Финансылык полиция кызматкери кийин анын кызматтык квалификациясын, иш тажрыйбасын, иштиктүү жана жеке сапаттарын, ден соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча жогору турган кызматка жылдырылышы мүмкүн.
15. Финансылык полициянын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан кызматтан четтетүү жөнүндө токтом чыгарылганда - иш боюнча биротоло чечим чыкканга чейин;
- кызматтык тергөө жүргүзүүдө (тергөө кызматкердин өзүнүн талабы менен дайындалган учурларды кошпогондо) - тергөөнү жүргүзүүнүн толук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматтык тартипти одоно түрдө бузган учурларда.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда кызматкер кызматтан убактылуу четтетилген учурда анын эмгек акысы сакталат, буга кызматтык тартип одоно түрдө бузулган учурлар кирбейт.
16. Финансылык полициянын кызматкерин башка жерлерге кызмат өтөөгө которууга анын өтүнүчү боюнча Финансылык полициянын тийиштүү бөлүмдөрүнүн зардалдары менен макулдашуу боюнча жол берилет.
17. Финансылык полициянын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт.
18. Финансылык полициянын ички иш тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык полициянын төрагасы тарабынан иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен бекитилет.
Зарыл учурларда Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген убакыттан тышкары, түнкү убакытта, майрам күндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир айдын ичинде кошумча эс алуу күндөрү же компенсация берилет.
19. Финансылык полициянын катардагы, орто жана улук башкаруучу курамынын адамдарын аттестациялоо алардын ээлеген кызмат ордуна шайкеш келүүсүн жана кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо, алардын кесиптик даярдыгынын деңгээлине, укуктук маданиятына, адамдар менен иштей билүү жөндөмүнө баа берүү, кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, адистерди тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртуу, алардын квалификациясын, демилгесин, чыгармачыл жигердүүлүгүн жана тапшырылган ишке жоопкерчилигинин өсүшүнө түрткү берүү максатында жүргүзүлөт.
Аттестациялоо учурунда баа берүүнүн негизги критерийи болуп кызматкерлердин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүүлүгү эсептелет.
Кызматкерлерди аттестациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык полиция органдарында кызматта болгондо үч жылда бир жолудан ашык жүргүзүлбөйт.
Аттестациялык-конкурстук комиссияны Финансылык полициянын төрагасы түзөт жана ал жөнүндө Жобону бекитет.
Финансылык полициянын кызматкерлерин аттестациялоого даярдоо жана өткөрүү тартиби Финансылык полициянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Аттестациялык-конкурстук комиссия аттестациялоону аны өтүп жаткан кызматкердин катышуусунда жүргүзөт.
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын жыйналышына жүйөлүү себеп менен катышпаган кызматкерлер (өргүү, ооруп калуу, иш сапар) ишке чыккандан кийин бир айдан эрте эмес жана 4 айдан кеч эмес аттестациялоодон өтүүгө тийиш.
Аттестациялоонун натыйжасында Финансылык полициянын кызматкерине төмөнкүдөй баалардын бири берилет:
- ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келет;
- анын кызматтык иши боюнча аттестациялык комиссиянын сунуштамасын аткарган учурда, 6 айдан кийин кайта аттестациялоодон өтүү шарты менен ээлеген кызматына ылайык келет;
- ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келбейт;
- кызматынан көтөрүлүүгө сунушталат.
Кезексиз аттестациялоо өткөрүүгө жол берилбейт.
II. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (андан ажыратуу) тартиби
20. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- кенже атайын наамдар - Финансылык полициянын катардагысынан тартып прапорщигин кошо алганда ага чейинкилер;
- орто атайын наамдар - Финансылык полициянын кенже лейтенантынан тартып капитанын кошо алганда ага чейинкилер;
- улук атайын наамдар - Финансылык полициянын майорунан тартып
полковнигин кошо алганда ага чейинкилер;
- жогорку атайын наамдар - Финансылык полициянын генерал-майорунан тартып генерал-лейтенантын кошо алганда ага чейинкилер.
Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу, жекелик түрдө, алардын квалификацияларын, билимин, кызматка болгон мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат ордун эске алуу менен ыйгарылат.
21. Ыйгаруунун ырааттуулугуна жараша атайын наамдар баштапкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.
Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы атайын наамындагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же болбосо ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору наам иштеги жогорку натыйжаларга жеткендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн колдоо көрсөтүү катарында Финансылык полициянын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Улук жана жогорку башкаруучу курамдын жетектөөчү кызмат ордуна кабыл алынган Финансылык полициянын кызматкерине Финансылык полициянын подполковнигинен жогору эмес алгачкы атайын наам, эгерде анын запас боюнча кыйла жогорку аскердик наамы болбосо, ыйгарылышы мүмкүн.
Ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо, Финансылык полициянын кызматкерлерине кезектеги атайын наам ырааттуу түрдө кезектеги наам ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган наамга туура келгенде жана мурдагы наамындагы өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
Финансылык полицияга кызматка алынган запастагы офицерлердин аскердик жана атайын наамдарындагы өтөгөн жылдарынын мөөнөтү алардын Финансылык полицияга кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда аларга кезектеги атайын наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
22. Ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, салык кызматынын жана финансылык полициянын мурдагы аскер кызматчыларына жана башкаруучу курамдагы адамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын аскердик, атайын наамдары же атайын класстык чендери бар, Финансылык полицияга кызматка алынган кызматкерлерге атайын наамдар алардын мурдагы аскердик, атайын наамдарын же атайын класстык чендерин эске алуу менен колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык ыйгарылат.
23. Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурунку атайын наамында иштөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык кызматында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наамга туура келгенде ыйгарылат.
24. Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору болгон кезектеги атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Мында ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда кызмат өтөө жылдарынын бүткүл мезгилинде бир жолу жүргүзүлөт. Ушундай негиздер боюнча бир эле учурда наамдарды ыйгарууга жол берилбейт, буга Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен жүргүзүлгөн учурлар кирбейт.
25. Атайын наамда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
Пенсия дайындоодо эске алынуучу 20 жана андан ашык жыл иштеген, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана аттестациялоодон жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги атайын наам ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган чектик наамга карабастан пенсияга кетүү же оорусу боюнча аларды кызматтан бошотуу менен бир эле учурда Финансы полициясынын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
26. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаруучу курамдагы кызматка дайындалган Финансылык полициянын кызматкерлери ошол наамында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу курамдын алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.
27. Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине кызмат ордуна дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган учурда, алып салына элек тартиптик айып болгондо, реабилитациялоочу негиз боюнча кылмыш-жаза иши токтотулганча, кызматтык териштирүү (бирок бир айдан ашык эмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт.
Финансылык полиция бөлүмүнүн жетекчиси кызматкерине кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечеңдеткендиги үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат.
28. Финансылык полициянын жогорку атайын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
29. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
Финансылык полициянын кенже сержантынын наамында - бир жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын сержантынын наамында - бир жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын улук сержантынын наамында - эки жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын старшинасы наамында - төрт жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын кенже лейтенанты наамында - бир жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын лейтенанты наамында - эки жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын улук лейтенанты наамында - үч жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын капитаны наамында - үч жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын майору наамында - үч жылдан кем эмес;
Финансылык полициянын подполковниги наамында - төрт жылдан кем эмес.
Финансылык полициянын катардагысы, прапорщиги, полковниги, генерал-майору жана генерал-лейтенанты атайын наамдарында иштөө жылдарынын мөөнөтү белгиленбейт.
III. Финансылык полициядагы кызмат тартиби
30. Финансылык полицияда кызмат тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Антта, Финансылык полициянын Тартиптик уставында, ошондой эле Финансылык полициянын төрагасынын буйруктарында жана ушул Жободо белгиленген ченемдерди жана эрежелерди кызматкерлеринин сакташын билдирет.
31. Финансылык полициянын тийиштүү бөлүмүнүн зардалы ага баш ийгендердин арасында кызмат тартибинин абалына жекече жоопкерчилик тартат.
Жетекчи:
- баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт;
- баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчилик сезимин тарбиялайт;
- баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылат;
- баш ийгендердин кадыр-баркын урматтайт;
- жеке курамдын арасында коррупция көрүнүштөрүнө, Финансылык полициянын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же кемчиликтерин сындоо боюнча баш ийгендердин артынан түшүүгө бөгөт коет.
32. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иштеринде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белек же акчалай сыйлык менен сыйлоо;
- мурунку тартиптик жазасын алып салуу;
- Финансылык полициянын Грамотасы же Ардак грамотасы менен сыйлоо;
- төш белги менен сыйлоо;
- ведомстволук медаль менен сыйлоо;
- мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наам ыйгаруу же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир баскычка жогору наам ыйгаруу;
- ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо.
Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.
33. Кызматтык милдеттерин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине төмөнкүдөй жаза чаралары колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматына толук ылайык келбегендиги тууралу эскертүү;
- кызматынан төмөндөтүү;
- атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү;
- ээлеген кызматынан бошотуу;
- Финансылык полициядагы кызматынан бошотуу.
34. Сыйлоолор жана тартиптик жаза берүүлөр Финансылык полициянын төрагасынын буйруктары менен жарыяланат. Айып салынган адамга кабыл алынган чечим үч күндүк мөөнөттө (кол койдуруу менен) Финансылык полициянын кадр бөлүмү тарабынан билдирилет.
Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук менен таанышуудан баш тартуу учурлары Финансылык полициясынын кадр бөлүмү тарабынан акт түзүү жолу менен таризделет.
Сыйлоо колдонуу тартиби Финансылык полициянын төрагасы тарабынан өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде аныкталат.
Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине тартиптик жаза ушул Жобого жана Финансылык полициянын Тартиптик уставына ылайык колдонулат.
35. Финансылык полициянын Тартиптик уставы Финансылык полициянын төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилет.
IV. Финансылык полиция кызматкерлеринин өргүүлөрү жана социалдык кепилдиктери
36. Финансылык полиция кызматкерлерине өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
ар жылдык төлөнүүчү;
кошумча (иштеген жылдары үчүн);
социалдык (убактылуу ишке жарамсыздыгы, кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү, бала баккандыгына байланыштуу);
окуу (окуу жайлардын угуучуларына, сырттан окуган кызматкерлерге);
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өргүүлөрдүн башка түрлөрү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгиленген жалпы мамлекеттик майрам күндөрү өргүүлөрдүн узактыгын аныктоодо эске алынбайт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине ар жылдык өргүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) өргүү ар жылдык өргүүлөрдүн тизмесине ылайык Финансылык полициянын ар бир кызматкерине календардык жыл ичинде берилиши керек.
Ар жылдык өргүү (анын бир бөлүгү), өргүү мезгилинде кызматкердин убактылуу ишке жарамсыздыгы болгон учурда башка мөөнөткө которулат же узартылат, бирок бул учурда акчалай үлүш өргүүгө дал келген күндөр үчүн сакталат.
Кезектеги өргүүдөн кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык полициянын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык зарылдык учурунда жол берилет. Кезектеги өргүүдөн чакырып алууда анын пайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылда же кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.
Кызматкер иши боюнча жылдырылса, ага чейин колдонулбаган кезектеги өргүүсү жаңы иштеген жери боюнча берилет.
37. Узактыгы 45 сутка болгон кезектеги өргүү иштеген жылдарына карабастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан жогору) кызмат өтөгөн, аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.
Кызматы аттестацияланган курамга жеңилдетилген шарттарда пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүк кезектеги өргүү алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
38. Финансылык полициянын кызматкерине убактылуу ишке жарамсыздыгына байланыштуу төлөнүүчү өргүү аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат.
Узакка ооруган катардагы жана жетекчи курамдын адамдары, эгерде ишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же жыл ичинде үзгүлтүктөр менен беш айды түзсө Финансылык полициянын кадр бөлүмү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо максатында аскердик-врачтык комиссиянын медициналык текшерүүсүнө жиберилет.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же майыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда жүргөн мезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө дарылоо бүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.
Оорусуна байланыштуу өргүү кезектеги ар жылдык өргүүнүн эсебине кошулбайт.
39. Финансылык полициянын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (календардык эсептөөдө) акы төлөнө турган төмөндөгүдөй кошумча өргүү берилет:
а) 5тен 10 жылга чейин - жыл сайын 2 календардык күнгө чейин;
б) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 4 календардык күнгө;
в) 15 жыл жана андан ашык - жыл сайын 6 календардык күнгө.
40. Финансылык полиция кызматкерлери - аялдарга (эркектерге) баланы багуу боюнча, ошондой эле үч айга чейинки курактагы уул (кыз) асырап алгандыгы үчүн айлык (акчалай үлүшүн) акысын сактабастан өргүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилет.
Социалдык жана окуу өргүүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Мындай өргүүлөрдүн узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин кезектеги ар жылдык өргүүсүнө кошулбайт.
41. Бала багуу боюнча өргүүдө болгон кызматкердин ордун, кызматында атайын наам бербестен, оперативдүү кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздары менен иштөө талап кылынбаган башка кызматкер менен алмаштырууга уруксат берилет.
42. Финансылык полиция кызматкерлерин акчалай күтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет жана төлөнөт.
43. Финансылык полиция кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стационардык дарыланууда жүргөн мезгилинен тышкары календарлык күндөргө азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөнүп берилет.
Финансылык полиция кызматкерлерине кызмат кылган жылдары боюнча пенсияга укугу бар, бирок, аны белгиленген тартипте тариздебеген жана иштөөсүн улантып жаткандарга негизги акчалай үлүшүн төлөп берүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон пенсиясынын суммасынын 50 пайыздык өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
(КР Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы ПЖ №50 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
44. Финансылык полиция кызматкерлери ар жылдык кезектеги өргүүгө чыккан учурда аларга айлык акынын эки айлык фондусу өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул төлөнүп берилет.
Календарлык жылдын аягында Финансылык полициянын кызматкерлерине орточо айлык акы өлчөмүндө он үчүнчү айлык акы төлөнүп берилет.
45. Финансылык полиция кызматкерлерин милдеттүү түрдө мамлекеттик, өздүк жана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
V. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу
46. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- Финансылык полиция органдарынан кызматтан бошоо;
- Финансылык полициянын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартипте белгисиз себептер менен келген жок, дайынсыз жоголду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;
- Финансылык полиция кызматкеринин каза болушу.
Финансылык полициянын кызматкерлери соттун чечими менен атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн. Атайын наамдарынан ажыратылган кызматкерлер Финансылык полициядан финансылык полициянын катардагы кызматкери катары бошотулат. Иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга укугу барларга, пенсиялары Финансылык полициянын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүн мыйзамда белгиленген шарттар жана ченемдер боюнча эсептелет. Мында пенсияны эсептөөдө атайын наам боюнча маяна Финансылык полициянын катардагы кызматкеринин атайын наамына жараша эсепке алынат.
47. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция органдарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
- өз каалоосу боюнча;
- Финансылык полиция органы жоюлганда же кайра түзүлгөндө Финансылык полициянын кызматкерин кызматка пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбой калганда;
- оорусу боюнча - Финансылык полицияда иштөөгө жарамсыздыгы тууралу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- ден соолугу боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүү экендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин ден соолугуна байланыштуу аткарууга мүмкүн эместиги, кызматы боюнча башка жерлерге барып иштей албастыгы тууралу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- аттестациялоо тартибинде кызматына ылайык келбестиги боюнча;
- кызмат тартибин одоно же дайыма бузгандыгы үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу;
- башка мамлекеттин жараны болгонуна байланыштуу;
- Финансылык полицияга кызматка кирүүдө жасалма документтерди жана атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;
- ротация иретинде которуудан баш тартканда;
- кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин.
48. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
- кызматкердин кызматтык милдеттерди аткарбоосу;
- кызматкердин күжүрмөн куралды жоготуусу (буга кармашууда жана кылмыштуу кол салууда жоготкондон учурлар кирбейт);
- кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде ар күндүк белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык себепсиз иште жок болушу;
- кызматкердин ишке алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас абалда келиши;
- ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген чектөөлөрдү сактабоо;
- мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгаргандык;
- иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо;
- кызматты өз эркинче таштап коюу.
49. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу Финансылык полициянын төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат.
50. Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтан бошотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери иштен бошотула тургандыгы тууралу кеминде бир ай мурда өзүлөрүнүн түздөн-түз зардалдары же Финансылык полициянын кадрлар бөлүмү тарабынан жазуу түрүндө билдирилет.
Каза (курман) болгон, белгиленген тартипте дайынсыз жок деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлерине, ошондой эле атайын наамынан ажыраган кызматкерлерге Финансылык полициянын кызматкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Финансылык полициянын төрагасынын буйругу чыгарылат.
51. Финансылык полициянын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана ченем боюнча ишке ашырылат.
52. Финансылык полициянын кадрларынын карамагына штаттык санынын кыскарышына байланыштуу, анын ичинде Финансылык полиция органын кайра уюштурууга байланыштуу, ошондой эле ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызмат орундарынан бошотулган кызматкерлер киргизилет.
Кызматкердин кадрлардын карамагында турган мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили, кезектеги же башка өргүүлөрдө болгон, жазык жоопкерчилигине тартууга байланыштуу камакта болгон убакыт, жазык иши токтотулган же соттун актаган өкүмү чыккан учурда камак күнүнөн тартып бошотулган күнгө чейинки мезгил кошуп эсептелбейт.
Кызматкерди Финансылык полициянын кадрларынын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук менен милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө тааныштыруу бир эле учурда Финансылык полиция органдарынан мүмкүн болгон бошотуу жөнүндө билдирүү болуп саналат.
53. Финансылык полициянын кызматтан бошотула турган кызматкерлерине бир жолку жөлөкпул кызматынын жалпы узактыгы:
5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай үлүштүн 5 айлык маянасы өлчөмүндө;
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай үлүштүн 10 айлык маянасы өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай үлүштүн 15 айлык маянасы өлчөмүндө;
20 жылдан ашык - акчалай үлүштүн 20 айлык маянасы өлчөмүндө төлөнөт, буга төмөнкүчө бошотулган учурлар кирбейт:
- өз каалоосу боюнча;
- аттестациялоо тартибинде кызматына ылайык келбестиги боюнча;
- кызмат тартибин одоно же дайыма бузгандыгы үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу;
- башка мамлекеттин жараны болгонуна байланыштуу;
- Финансылык полицияга кызматка кирүүдө жасалма документтерди жана атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;
- кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин.
54. Финансылык полициянын кадрларынын карамагына киргизилген кызматкерлерге 3 айдын ичинде акчалай маяна (кызмат орду жана наамы боюнча) төлөнүп берилет. Үч ай өткөндөн кийин алар кызматка дайындалбаган учурда Финансылык полиция органдарынан бошотулууга тийиш.
VI. Финансылык полицияда кызмат ордун, атайын наамдарын жана кызматында калыбына келтирүү
55. Белгиленген тартипте кызматтан мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызмат ордунан бошотулган же кызмат ордунан төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамынан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансылык полиция органдарынан мыйзамсыз бошотулган деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полицияда тиешелүү түрдө кызмат орду, атайын наамы, кызматында калыбына келтирилүүгө тийиш.
Финансылык полицияда кызмат ордун, атайын наамын, кызматында калыбына келтирүүнүн негиздери болуп кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча корутунду, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими саналат.
56. Кызматы боюнча которуу, ээлеген кызматынан бошотуу, кызмат ордунан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык полициядан бошотуу жөнүндө чечимдерге Финансылык полициянын кызматкери макул болбогон учурда ал кызматы боюнча которуу, ээлеген кызматынан бошотуу, кызмат ордунан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык полициядан бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү колуна тийген күндөн тартып же болбосо Финансылык полицияда кызмат ордун, атайын наамын, кызматында калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү берилген күндөн тартып сотко даттанууга укуктуу.
Финансылык полицияда кызмат ордун, атайын наамын, кызматында калыбына келтирүү жөнүндө кабыл алынган соттун чечими, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку инстанцияларга даттануулар берилбесе аткарылууга тийиш.
Финансылык полицияда кызматында калыбына келтирүү Финансылык полициянын бошотулган кызматкерин мурдагы кызмат ордуна дайындоо, мурдагы кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогондо, ага тете ишке дайындоо аркылуу ишке ашырылат.
57. Финансылык полицияда кызматында калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу, пайыздык үстөк акыны төлөө жана пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына алардын иштен бошогон учурдан тартып кызматын калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган датага чейинки убактысы кошулат.
VII. Корутунду жоболор
58. Финансылык полициянын кызматкерлери ушул Жобонун жана Финансылык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Кызмат адамдары тарабынан Финансылык полициянын кызматкерине карата укукка жат иш-аракеттер кызматкерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен кызматтык калыс териштирүүдөн өтүүгө тийиш, ал эми мындай тартип бузууларга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
59. Финансылык полицияга кызматка кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, прокуратура жана сот органдарынын, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын кызматчыларына алар тиешелүү кызмат ордуна дайындалгандан кийин аскердик жана атайын наамдарын эске алуу менен финансылык полициянын атайын наамдары ыйгарылат.
Аталган кызматкерлерге Финансылык полицияда иштеген жылдары, анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн органдарда алардын иштеген мөөнөтүн эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет. Финансылык полиция органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын иштеген жылдарына, аларга "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоодо, алардын Финансылык полиция органдарына кызматка киргенге чейинки иш мезгили кошулат.
Финансылык полиция кызматкерлеринин согуш мезгилинде жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Финансылык полициянын кызматкери башка мамлекеттик органга которулган учурда анын атайын наамы сакталып, ал мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдарына, класстык чендерине, атайын класстык чендерине, дипломатиялык рангдарына теңештирилет.
60. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман (каза) болгон же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган жаракаттан, контузиядан, оорудан улам каза болгон Финансылык полициянын кызматкерлеринин сөөгүн коюу Финансылык полиция органдарынын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн зардалдары тарабынан уюштурулат.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын ар айлык кошумча акчалай үлүшүнүн түрлөрү жана кызматтык акы акчалай түрүндө анын өлгөн күнүнө чейин алынбаган маянасы (анын ичинде кызматкер каза болгон ай үчүн толук) аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан каза болгон кызматкердин багуусундагы адамдарга төлөнүп берилет. Мындан тышкары, аларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген өлчөмдө акчалай жөлөкпул төлөнөт.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө Финансылык полиция кызматкери пайдаланбаган өргүүсү үчүн компенсация да төлөнөт.
Финансылык полициянын каза болгон кызматкеринин сөөгүн коюу расымдарынын тартиби Финансылык полициянын төрагасы тарабынан аныкталат.