Редакцияот 01.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 1-марты ПЖ № 55

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын

ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кээ бир ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 5-мартынан баштап алар ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Арзыбаев Алмазбек Субаналиевичтин;

- Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Мамаев Жыргалбек Аскеровичтин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев