ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2012-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 56 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» жарлыгы

Редакция01.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 1-марты ПЖ № 56

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төрагасынын

ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кээ бир ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Астаркулов Шаршенбек Касаболотовичтин ыйгарым укуктары Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы катары 2012-жылдын 5-мартынан баштап ал ээлеген кызмат орду Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев