Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 5-марты ПЖ № 57
Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын
шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аякташына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун айылдык аймактарынын Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине, Араван районунун айылдык аймактарынын Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Жумгал районунун айылдык аймагынын Чоң-Дөбө айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2012-жылдын 6-майына, жекшемби күнгө дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берсин;
- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунун, Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоочулардын тизмелерин топтоо, тактоо жана түзүү, шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүшсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |