КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 12-марты ПЖ № 59
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
айрым судьяларын кызматынан четтетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызматынан четтетилсин:
- Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Исманов Марс Молдоевич;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Эгембердиев Жунусмамат Мурзамамытович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |