Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 12-апрели №84
Т.А. Чымыновдун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчүн четге кагуу тууралу
Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчүн карап чыгып, жасаган кылмышынын оордугун, жаза өтөөнүн анча көп эмес мөөнөтүн өтөгөндүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгынын сунушун эске алып, "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
2010-жылдын 3-июнунда Сокулук райондук сотунун өкүмү менен соттолгон, 1970-жылы туулган Чымынов Турдубек Алибековичтин ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчү четке кагылсын
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |