Редакцияот 20.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 20-апрели ПЖ №89

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын төмөнкү кызмат орундарындагы ыйгарым укуктары 2012-жылдын 23-апрелинен баштап алар ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

Нарын облустук сотунун судьясы - Абдыбеков Алдаярбектин;

Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы - Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевичтин;

Жалал-Абад облустук сотунун судьясы - Молдобаев Амангелди Мурзатовичтин;

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы - Тажибаев Абибила Кадыровичтин;

Ош облустук сотунун судьясы - Тургумбаев Кокон Апишовичтин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев