КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 20-апрели ПЖ №90
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын төмөнкү кызмат орундарындагы ыйгарым укуктары 2012-жылдын 23-апрелинен баштап алар ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:
Жунушпаев Кыдык Карыбаевичтин - Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы;
Курманбаев Жекшеналы Анарбековичтин - Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасы.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |