Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 23-апрели ПЖ №93
Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө
Кыргызстан элинде энени урматтоо жана ардактоо, анын балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөнү бекемдөөдөгү, коомду өнүктүрүүгө салым кошуудагы маанилүү ролун таануу салтынын тамыры тереңге кетет.
Жаш курагына карабастан ар бир жаран энеси менен руханий байланышты сезип, анын колдоосун жана мээримин баамдап турат. Биз "Эне сүтүн актоого" канчалык аракет кылбайлы, баары бир биз анын алдында карыз бойдон калабыз. "Бейиш эненин таманынын алдында" деген белгилүү сөз кылымдар бою энелердин үй-бүлөдөгү жана коомдогу жогорку ролун, биздин ар бирибиз үчүн анын өзгөчө маани-маңызын таануу жөнүндө айгинелеп турат.
Келечектеги муундардын ден соолугу, балдарга билим берүүнүн сапаты, коомдун адептик өзөгүн жана баалуулуктарын калыптандыруу үй-бүлөнүн бакубаттыгы, эненин ден соолугунун абалына жана анын билим деңгээлине жараша болот.
Коом жана мамлекет тарабынан аялзатынын жогору статусун таанымайынча жана анын чыныгы абалын жакшыртмайынча өлкөнүн келечектеги өнүгүшү мүмкүн эмес. Тилекке каршы, соңку жылдардагы өлкөдөгү кырдаал коопсуз жана бакубат энеликти камсыз кылуу, үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү маселелерине олуттуу көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ал маселелерге көңүл буруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын арасында болууга тийиш.
Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык жактан коргоо, маданият жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңешүү жагында комплекстүү чараларды кабыл алуу зарыл. Бүткүл коом тарабынан энеликке аяр мамиле кылуу, эң оболу, зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу, бүткүл өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү ресурс катары аялдардын потенциалын ачып берүү андан кем эмес мааниге ээ.
Мамлекет үй-бүлөнү коомдун негизи жана өзүнүн камкордугунун милдети катары тааный турган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-, 37-, 60-беренелеринин негизинде "2012-жылды - үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк Жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыкты өнүктүрүү иретинде, ошондой эле Энелер Күнүн майрамдоонун эл аралык тажрыйбасын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасында майдын үчүнчү жекшембиси жыл сайын майрамдалуучу Энелер Күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында энеликти коргоо, үй-бүлөнүн абалы жагындагы кырдаалдын кабыл алынган эл аралык укук милдеттенмелерге жана укуктарга ылайык келишине талдоо жүргүзсүн. Талдоонун натыйжалары боюнча үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программаны иштеп чыксын жана бекитсин;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен Энелер Күнүнө карата кеңири маалыматтык жана таалим берүү өнөктүгүн өткөрсүн;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башкача мүнөздөгү маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |