КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 2-майы ПЖ №98
Т.Дж. Саатов жөнүндө
Бишкек шаардык сотунун судьясы Т.Дж.Саатовдун отставка жөнүндө арызына жана ал арыз боюнча Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушуна негизденүү менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 27-1-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2012-жылдын 3-февралынан баштап Саатов Таалайбек Джапарович Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу менен өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |