Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 7-майы ПЖ №101
М.Ш. Баркыбаев жана Б.Кашкарбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары М.Ш.Баркыбаев менен Б.Кашкарбаевдин кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө арыздарына жана ал арыз боюнча Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушуна негизденүү менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 27-1-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары өз каалоолору менен 2012-жылдын 30-апрелинен баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Баркыбаев Мырзабек Шабралиевич Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу менен;
- Кашкарбаев Бердибай Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу менен.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |