Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 4-июну ПЖ № 116
Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 2010-жылы июндагы кайгылуу окуяларды Эскерүү күнү жөнүндө
2010-жылы июнда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда элге каршы күчтөр тарабынан Кыргызстандын жарандарынын курмандыгына алып келген этностор аралык кагылышуулар чыгарылган.
Болуп өткөн бул трагедия Кыргызстандын көп улуттуу элинин жалпы кайгысы болуп, өлкөнүн коомдук жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу залал келтирген, курман, жарадар болгондордун, башка жапа чеккен жарандардын үй-бүлөлөрүн колдоого, турак жайды жана аймактардын кыйраган инфраструктурасын калыбына келтирүүгө зор чыгымдарды талап кылды.
Кыргызстандын эли мамлекеттик органдардан, бардык саясый жана коомдук күчтөрдөн тийиштүү таалим алып, өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук үчүн жогорку даражадагы жоопкерчиликти, трагедиянын кайталанышына жол бербөө боюнча натыйжалуу аракеттердин зарыл экендигин аңдап-түшүнүүнү талап кылат.
Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 2010-жылы июндагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын элесине урмат көрсөтүү менен, ошондой эле коомду баш коштуруу, туруктуу тынчтыкка, ынтымакка жана кечиримдүүлүккө жетишүү, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун, жарандардын укуктарын жана алардын бакубаттыгын камсыз кылуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү үчүн токтом кылам:
1. 2012-жылдын 10-июну Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында:
- Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 2010-жылы июндагы кайгылуу окуяларды Эскерүү күнү (мындан ары - Эскерүү күнү) деп жарыялансын;
- 2010-жылы июндагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын урматы бир мүнөт унчукпай туруу (саат 10.00) менен эскерилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башка мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- 2010-жылы июндагы кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерүүгө байланышкан иш-чараларды өткөрүүнү уюштурсун;
- Кыргызстандын элинин биримдигин, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо, этностор аралык жаңжалдардын себептерин табуу жана жоюу, ошондой эле терс залалдарын жоюу, адам укуктарын сактоо, жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 2010-жылы июндагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө жасалган кылмыштардын бетин ачуу, этностор аралык кагылышууларды уюштурууга айыпталган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана кармоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды көрсүн.
4. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга Эскерүү күнү оюн-зоок программаларын, иш-чараларды өткөрүүнү жана берүүлөрдү чектөө сунуш кылынсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |