Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 13-июну ПЖ №121
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин борбордук органдары" бөлүмүнүн II тобу төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" бөлүмүнүн 3-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
┌────┬────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ │ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум │
│ │ өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы │
├────┴────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Жогорку кызмат орду │
├────┬────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ж1 │Аппараттын жетекчиси │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ж2 │Аппараттын жетекчисинин орун басары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ж3 │Башкарманын начальниги │
├────┴────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Башкы кызмат орду │
├────┬────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б1 │Башкарманын начальнигинин орун басары │
│ │Бөлүм башчы │
│ │Окуу борборунун директору │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б2 │Атайын өкүл │
│ │Бөлүмдүн башчысынын орун басары │
│ │Сектор башчы │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б3 │Эксперт │
├────┴────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Улук кызмат орду │
├────┬────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│У1 │Системалык администратор │
└────┴────────────────────────────────────────────────────────────────┘
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |