Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 119 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары Кызмат) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарындагы мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кадр саясаты жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Кызмат түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет жана отчет берет.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин жумушчу органы болуп саналат. Кеңештин ишмердиги Кеңеш тарабынан бекитилген Кеңеш жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
4. Кызмат юридикалык жак болуп саналат.
5. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү;
2) мамлекеттик кызматты башкаруу системасын өркүндөтүү жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу.
6. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө төмөнкүдөй саясатты жүзөгө ашыруу функцияларын:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасынын иштешин талдоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди конкурстук тандап алуунун, алардын кызмат боюнча жогорулашынын жана ишмердигине баа берүүнүн жол-жоболорунун стандарттарын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын материалдык эмес жүйөөлөр системасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө жана аларды социалдык-укуктук жактан камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызмат тармагында маалыматтык-коммуникациялык жана башка тутумдарды киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын резервин калыптандыруу жана иштетүү механизмдерин жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын резервинде турган адамдарды окутуунун программаларын жана өнүктүрүүнүн жекече программаларын иштеп чыгуу;
- кадрлар резервинде турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга болгон жалпы керектөөлөрдү калыптандыруу, пландаштыруу жана божомолдоо;
- мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларациялардын формаларын, толтуруу, берүү жана аларды сактоо жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу жана эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү;
- мамлекеттик кызматчыларды колдоо Фондунун Байкоочу кеңешинин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу;
- жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жогору квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенүү;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен бирдикте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана окутууну туруктуу негизде уюштуруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында илим-изилдөө иштерин жүргүзүү тематикасы боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын жыл сайын жалпылоо. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик заказ катары аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында иштөө үчүн адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн маалыматтар базасын түзүү;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында окуу үчүн сунуш кылынган талапкерлерди тандоого катышуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дурус тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу;
- кадр ишинде гендердик саясатты жигердүү жүргүзүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат орундарына конкурстук тандоолорду өткөрүү;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине кошууга конкурстук тандоо өткөрүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинде турган адамдарды окутууну уюштуруу;
- мамлекеттик кызматчыларды кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун мамлекеттик билим берүү стандарттарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу программаларын макулдашуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик буюртмаларды калыптандыруу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө илим жана изилдөө иштерин жүргүзүү;
- мамлекеттик буюртманы жүзөгө ашыруу жана финансы каражаттарын тескөө үчүн билим берүү уюмдарынын арасында конкурс өткөрүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна баа берүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту калыптандыруу;
- мамлекеттик кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү, өнүктүрүү жана башкаруу;
- декларация берүүнүн электрондук форматын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- декларанттардын реестрин жүргүзүү жана алынган декларациялардын эсебин алуу, ачыкка чыгарылбай турган маалыматтардын сакталышын жана жашырындуулугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын кабыл алуу жана кароо;
- администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана талапкерлер үчүн тесттик суроолордун базасын, ошондой эле мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу атайын талаптарга ылайык башка тесттерди иштеп чыгуу, калыптандыруу жана модернизациялоо;
- администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөдө, ошондой эле алар аттестациялоодон өтүүдө жана квалификациялык сынак тапшырууда талапкерлерди тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;
- администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөдө, ошондой эле мамлекеттик кызматчылар аттестациялоодон өтүүдө жана кызматтык териштирүүдө полиграфта тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;
3) координациялоо функциялары:
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын жана аттестациялык-конкурстук комиссияларынын ишин координациялоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аткарышына мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик органдардын ишмердигин координациялоо, адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү жана эксплуатациялоо процессине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана билим берүү уюмдарынын ишин координациялоо;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаш адистердин кармалып калышына жана мансаптык өсүшүнө мониторинг жүргүзүү;
- донор уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды чет өлкөлөрдө окутуу программаларын жүзөгө ашыруу;
- зарыл чараларды көрүү, ошондой эле алардын аткарылышына контролдук кылуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды сактоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароо;
- саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын, администрациялык кызмат орундарынын Реестрине ылайык жогорку кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелери менен мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо;
- мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик кызматкерлердин базасын түзүү жана ал базаны алып баруу, ошондой эле келтирилген зыянды толтурууну көзөмөлдөө;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына консультацияларды берүү.
5) Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка функциялар.
7. Кызмат ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты андан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамды бузуу менен кабыл алынган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен өз ара аракеттенүүгө;
5) мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө иштин абалы жөнүндө статс-катчылардын отчетторун угууга;
6) мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызмат маселелери боюнча чет өлкөлөр менен белгиленген тартипте кызматташууга жана байланышты өнүктүрүүгө;
7) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн эл аралык жана башка уюмдардын финансылык каражаттарын мыйзамда белгиленген тартипте тартууга;
8) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө эл аралык макулдашууларга кол коюуда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга;
9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик маалымат системасын түзүүгө;
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
11) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселеси боюнча консультациялык-кеңешүү органын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө;
12) берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана материалдарды суратууга;
13) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
14) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
8. Кызмат, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү мамлекеттик кызмат иштери боюнча органдардын бирдиктүү системасын түзөт.
9. Кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындап жана бошото турган директор башчылык кылат.
10. Кызматтын директору:
1) Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат;
2) Кызматка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат;
3) Кызматтын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына жана сессияларына, анын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча комитеттер менен фракциялардын жыйналыштарына катышат;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларына катышат;
7) директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
8) Кызматтын статс-катчысынын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө мамлекеттик кызмат боюнча Кеңешке сунуш киргизет;
9) Кызматтын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларын дайындайт, ротациялайт, алмаштырат жана бошотот, статс-катчысынын сунушу боюнча сыйлайт жана тартип жазасын колдонот;
10) Кызматтын мамлекеттик кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди, ошондой эле муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык класстык чендерди берет;
11) мамлекеттик органдын жетекчиси менен бирдикте мамлекеттик кызматтын жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген адамдарга жогорку класстык чендерди берүү жөнүндө сунушту белгиленген тартипте киргизет;
12) өз орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
13) өз компетенциясынын чегинде тескемелерди, буйруктарды жана башка актыларды чыгарат;
14) белгиленген штаттык сандын чегинде Кызматтын түзүмүн, штаттык санын жана түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболорун бекитет;
15) Кызматтын эмгек акы фондун башкарат;
16) Кызматтын планын жана иштөө регламентин бекитет;
17) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жана башка адамдарды белгиленген тартипте сыйлайт;
18) Кызматтын мамлекеттик кызматчыларын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого сунуш кылат;
19) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерди, макулдашууларды жана протоколдорду түзөт;
20) Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
1. Директордун Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындап жана бошото турган эки орун басары болот.
12. Кызматта статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган, ал укуктук статусу боюнча өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кызматтын директорунун биринчи орун басарына теңештирилет.
13. Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин сунушу боюнча статс-катчыны Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана бошотот.
14. Директордун орун басарлары директор тарабынан жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде түздөн-түз директорго баш ийет жана Кызматтын ишин уюштурат.
15. Кызматтын директору жок болгон учурда анын функцияларын аткаруу - орун басарларынын бирине же статс-катчыга жүктөлүшү мүмкүн.
16. Кызматта 9 кишиден турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча Кызматтын директору (төрагасы), статс-катчысы, директордун орун басарлары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
17. Кызмат анын ишмердигин жүргүзүү үчүн зарыл болгон тийиштүү мүлккө ээ болот. Берилген мүлк Кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда бекитилет.
18. Кызматтын жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин финансылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка финансылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
19. Кызмат ага республикалык бюджеттен жана тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн финансы каражаттарынын эсебин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык статистикалык, финансылык жана башка отчетторду берет.
20. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. Кызматтын иши токтотулган учурда анын ишмердигинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте тапшырылат, сакталат жана пайдаланылат.