Загрузка документа…
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы №120 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Дүйнөлүк өнүгүү маселелери жана Кыргызстандын эл аралык абалы
2. Азыркы шарттагы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары
3. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун тышкы жана
ички коркунучтары
4. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу
системасы
5. Улуттук коопсуздуктун абалына мониторинг жана контроль
жүргүзүү, кризиске каршы чара көрүү
Улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун кепилденген абалы.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы - инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоо турмуштун бардык чөйрөлөрүндө коопсуздугун узак мезгил бою тышкы жана ички коркунучтардан коргоо боюнча көз караштардын, идеялардын жана принциптердин расмий кабыл алынган системасы.
Улуттук коопсуздуктун Концепциясынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
1. Дүйнөлүк өнүгүү маселелери жана Кыргызстандын эл аралык абалы
Эл аралык валюта фондунун маалыматтары боюнча орточо мөөнөттүү келечекте мамлекеттик карыз каатчылыгынан жана кээ бир өнүккөн өлкөлөрдүн банк чөйрөсүндөгү көйгөйлөрүнөн улам дүйнөлүк экономиканын өсүшү басаңдашы мүмкүн.
Азыркы учурда Европа өлкөлөрү финансылык туруксуздуктун тереңдешинен көрүнгөн кыйла кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат.
Өзгөчө бул Греция, Испания жана Португалия сыяктуу өлкөлөрдө байкалып жатат. Түзүлгөн абалдан улам эл аралык финансы уюмдарынын жана салттуу донор-өлкөлөрдүн Борбордук Азия регионунда, атап айтканда, Кыргызстандагы жигердүүлүгүнүн төмөндөшү күтүлүүдө.
Дүйнөдө экономикалык өсүштүн басаңдашын эске алганда, келечекте Кытайда экономикалык өсүш арымынын төмөндөшү мүмкүн. Ушундан улам республикага кыйла пайда алып келип жаткан региондо Кыргызстандын транзиттик ролу өзгөрүшү мүмкүн.
Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) мүчөсү болуп саналганы менен биздин экономиканын жана анын экспорттук потенциалынын начарлыгынан, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык процесстерге анча көп тартылбагандыгынан улам, глобалдык каатчылыктын терс кесепеттери негизги тышкы экономикалык байланыштар жүргүзүлгөн коңшу мамлекеттер - Россия, Кытай жана Казакстан аркылуу республикага да тийиши мүмкүн.
Россия менен Казакстан Кыргыз Республикасынын стратегиялык соода өнөктөрү болуп саналат, биздин экономикага отун-энергетика ресурстарын, азык-түлүк товарларын, техника жана жабдууларды берүү, ошондой эле ал өлкөлөрдө иштеген кыргыз эмгек мигранттарынын акча которуулары аркылуу олуттуу таасир көрсөтүүдө. Мунай жана газга дүйнөлүк баалар төмөндөп кеткен учурда, алардын экономикасы олуттуу кыйынчылыктарга туш болот, ал биздин экономикага да терс таасирин тийгизет.
Республика белгилүү даражада глобалдык саясый процесстердин, анын ичинде 2011-жылдагы "араб жазы" деп аталгандын таасирин сезет, анын натыйжасында Тунисте, Египетте, Ливияда жана Йеменде бийлик алмашкан. Кыргызстан апрель революциясынын жана жаңы Конституцияны кабыл алуунун натыйжасында демократиялык өнүгүү жолуна түшкөнү менен Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын айрым өлкөлөрүндөгү саясый туруксуздук жана согуш жаңжалдары ислам факторунун ролунун өсүшү аркылуу Борбордук Азия регионунун мамлекеттерине потенциалдуу коркунуч туудурат.
Иран Ислам Республикасы планетанын маанилүү регионунда - Жакынкы жана Орто Чыгыш, Кавказ, Каспий деңизинин зонасы жана Борбордук Азия кирген Батыш Азияда маанилүү ролдордун бирин ээлейт. Ошентип, бир эле учурда орто чыгыш да, кавказдык да, борбордук азиялык да жана каспийлик да тарап, ошондой эле Инди океанынын Персид жана Оман булуңдарынын суусу чайкаган өлкө болуу менен Иран Европа менен Азиянын ортосундагы деңиз жана кара жер жолдорун ага контролдоого мүмкүндүк берген маанилүү аскердик-стратегиялык абалды ээлейт. Ошондуктан бул региондо эл аралык абалдын курчушу борбордук азиялык республикалар үчүн да белгилүү бир кесепеттерди алып келет.
Афганистандагы кырдаал Борбордук Азияда туруктуулукка негизги коркунучтардын бири бойдон калууда, анткени ушул мезгилге чейин бул өлкөнүн бийликтери социалдык-экономикалык, саясый жана аскердик чөйрөдө негизги маселелерди чечүүдө зор кыйынчылыктарга туш болууда.
Ошондой болсо да Евразияда жана бүтүндөй дүйнөдө геосаясый атаандаштыкка олуттуу таасир тийгизген анын географиялык ыңгайлуу абалы көп алдыңкы өлкөлөрдүн Афганистанга болгон стратегиялык кызыгуусун аныктап жатат. Эл аралык күчтөрдүн контингентин Афганистандан чыгарып кетүү Пакистанда түзүлгөн кырдаалга да өзгөрүү киргизиши мүмкүн, анткени "Талибан" кыймылы Афганистан менен чектешкен, Пакистандын аймагындагы провинцияларга - Белуджистанда жана Вазиристанда жогору активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Республиканын компетенттүү органдарынын маалыматтары боюнча ушул провинциялардын аймактарында "Талибандын" үстөмдүгү астында Борбордук Азияда операцияларды жүргүзүүчү Өзбекстандын ислам кыймылынын жана башка диний-экстремисттик уюмдардын баскындарын даярдоо боюнча базалары жайгашкан.
Жогоруда аталган региондук коопсуздукка коркунучтар эл аралык кызматташтык системасын туруктуу өркүндөтүүнү талап кылат. Кыргызстан бул жагындагы маселелерди КМШга, ЖККУ жана ЕврАзЭСке мүчөлүгүн мүмкүн болушунча пайдалануу менен чечип жатат, алардын ишмердиги туруктуулукту сактоо жана туруктуу өнүгүү маселелерин чечүүдө өнөктөр менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталган.
Учурда ООН, Европалык Союз, НАТО, ОБСЕ өңдүү эл аралык уюмдар борбордук азиялык региондо коопсуздук маселелериндеги белгилүү бир ролду ойношот. Бул багытта НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасы жана Евро-Атлантикалык Өнөктөштүк Кеңеши (СЕАП) көбүнчө активдүүлүктү көрсөтүшүүдө. Европалык Бирлик негизинен көбүнчө Европа өлкөлөрүнө энергия ресурстарын жеткирүүлөрдү диверсификациялоо кызыкчылыктарында энергетикалык коопсуздук чөйрөсүндө иш жүргүзөт. ОБСЕ башкы мүнөздө региондун мамлекеттери тарабынан адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзөт жана ар кандай шайлоолорду жүргүзүүдө демократиялык эрежелерге жана жол-жоболорго мониторинг жүргүзөт.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) чегинде улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын атайын бөлүмдөрүнүн, коопсуздукту камсыз кылган башка министрликтер менен ведомстволордун биргелешкен командалык-штабдык, тактикалык-атайын жана антитеррордук машыгууларын өткөрүү зор мааниге ээ болот.
Учурда Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ) белгилүү даражада КМШ мейкиндигинде улуттук жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу механизми болуп саналат. Борбордук Азияда экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө ЖКУУ жана ШКУ менен кызматташуу да өнүгүп жатат. Ушуга байланыштуу 2011-жылы 14-июнда эки уюмдун ортосунда кызматташтык жөнүндө протоколго кол коюлган, бул экстремисттик ишмердикке каршы туруу боюнча күч-аракетти кыйла натыйжалуу координациялоого мүмкүнчүлүк берет.
ЖККУну өнүктүрүүнүн кийинки этабы мүмкүн болуучу коркунучтарга жана ЖККУга катышкан-мамлекеттердин улуттук, ошондой эле жамааттык коопсуздугуна карата өбөлгөлөргө тез арада жооп кылуу жана алдын алуу жагында Уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.
Учурдагы экономикалык кырдаалга, ата-мекендик экономиканын Бажы союзунун өлкөлөрүнүн потенциалына тең-тайлаша албагандыгына, ошондой эле ДСУнун алдында республиканын милдеттенмелерине негизденүү менен бул маселе боюнча позиция Кыргыз Республикасына ошол союзга этап боюнча кошулуу үчүн өткөөл мезгилге белгилүү преференцияларды берүүдө турат. Бул маселе республиканын ал уюмга кириши боюнча сүйлөшүүлөрдө белгилүү кыйынчылыктарды жаратып жатат.
Шанхай кызматташтык уюмун (ШКУ) түзүү жөнүндө чечим ага мүчө-мамлекеттер тарабынан региондогу өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү жолунда стратегиялык жактан такталып жасалган кадам болгон. ШКУнун өсүп жаткан ролунун көрсөткүчү болуп аны эл аралык шериктештик тарабынан таанылышы кызмат кылат. ООН ШКУга байкоочунун статусун берди жана аны менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду.
Азыркы учурда Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылуунун таасирдүү механизми катары ШКУнын ролу кыйла салмактуу болуп бара жатат. Кыргыз Республикасы үчүн ШКУнун чегинде региондук өз ара аракеттенүүнүн кыйла артыкчылыктуу багыттары болуп экономикалык кызматташтык жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу саналат.
Борбордук Азия регионунун маанилүү стратегиялык ролун аңдап-түшүнүү менен Кыргызстан региондук интеграцияны андан ары тереңдетүү маселесине биринчи даражадагы маани берет, бул социалдык-экономикалык туруктуу өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп саналат. Регион боюнча бардык коңшулаш өлкөлөр менен түбөлүк достук жана жакын коңшулаштык жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Эл аралык терроризмге, баңги бизнеске жана кылмыштуулукка каршы күрөш, жалпы социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү жана башка региондук көйгөйлөрдү чечүү коңшу мамлекеттердин бул багыттагы күч-аракеттерин бириктирүүнүн негизи болуп эсептелет.
Ошону менен бирге, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелердин сакталып турган көйгөйлөрү, эгерде өз убагында чечилбесе, келечекте интеграциялык процесстердин жолундагы бөгөт болуп калышы мүмкүн. КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы мамилелерде белгилүү бир маселелер коркунучтардын булактары менен шартталган, ага чек ара маселелери, Тянь-Шань жана Памирдин гидроэнергетикалык ресурстарын, Каспий деңизинин көмүр суутек ресурстарын пайдалануу, алардын геосаясый жана геоэкономикалык таламдарынын ар багыттуулугу кирет.
Мунайдын, газдын, көмүрдүн жана урандын ири запастарына ээ болуу, ошондой эле аларды казып алууга алдыңкы чет өлкөлүк компаниялардын тартылгандыгы менен Борбордук Азия энергетика коопсуздугунун системасында маанилүү роль ойнойт. Кыргызстан бул жагынан алганда көмүрдүн (совет мезгилинде жыл сайын ал 4 млн. тонна казып алынып турган) ири запастарына жана гидроэнергетикалык зор потенциалга ээ. Регионго чектеш өлкөлөрдүн - Кытай Эл Республикасынын, Индиянын жана Пакистандын көмүргө болгон суроо-талабынын көбөйүшү күтүлүп жатканда аны Кыргызстандан экспорттоо үчүн жагымдуу шарт келип чыгат.
Глобалдык энергетикалык туруксуздуктун учурунда жергиликтүү ресурстар региондук энергетикалык балансты камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт, ага региондо өсүп жаткан экспорттук маршруттардын ар түрдүүлүгү көмөк көрсөтөт. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу республика үчүн түштүк багытты карай көмүрдү экспорттоо каналдарынын бири болуп калат. Жалпысынан алганда бул жол Борбордук Азия республикаларынын, эң оболу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн белгилүү түрткү катары кызмат кылат.
Муну менен бирге региондун географиялык жакындыгы жана континенттин ичинде жайгашуусу Борбор Азиялык энергетика ресурстарын керектөөчү коңшулаш-өлкөлөр үчүн деңиз маршруттарына караганда энергетикалык ресурстарды ташуунун жогорку коопсуздук деңгээлин камсыз кыла тургандыгынын фактысын эске алуу керек.
Гидроэнергетика чөйрөсүндө инвесторлор региондун суу ресурстарынын 90%га жакыны калыптанган өлкөлөргө - Кыргызстан менен Тажикстанга зор кызыгуу көрсөтүп жатат. Чет өлкөлүк компаниялардын гидроэнергоресурстарды өздөштүрүүгө катышуусу региондо суу-энергетикалык маселелердин чечилбегендиги менен бөгөт коюлууда.
Ошентип, дүйнөдө жана региондо түзүлгөн кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, бүтүндөй алганда Кыргызстан достук маанайдагы мамлекеттер менен соода-экономикалык жана саясый чөйрөлөрдө жигердүү кызматташуу менен алардын курчоосунда турат. Республиканын ар кандай региондук түзүмдөргө (ЖККУ, ШКУ) катышуусу тышкы агрессиядан жана экстремисттик-террордук топтордун кирип келүүсүнөн жана башка коркунучтардан коргоонун белгилүү бир кепилдигинин кызматын аткарат.
Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, эл аралык жана региондук коопсуздук чөйрөсүндө бузуучу элементтер жана анык эместик факторлору күч алып жатат. Региондук коопсуздуктун натыйжалуу системасын калыптандыруу Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн күн тартибинде кала берет. Ошондуктан коопсуздуктун колдо бар структураларынан сырткары чыгуу менен Борбордук Азияда өнөктөштүк саясатын диверсификациялоо зарылчылыгы бышып жетилди. Регион бардык кызыкдар болгон тараптар коопсуздук маселелеринде кызматташа ала турган, туруктуу иштей турган аянтка муктаж. Бул боюнча сунуштар өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында эле да Казакстан тарабынан киргизилген, бирок Азиянын мамлекеттери тарабынан колдоого алынган эмес. Кыргызстан бул чөйрөдө чечимдерди кабыл алуунун региондук борбору болуп калуу үчүн бардык шарттарга ээ, ал жерде ОБСЕ сыяктуу борбордук азиялык уюм орун ала алмак, ал жыйырманчы кылымдын 70-жылдарында Европадагы жана дүйнөдөгү коопсуздук маселелеринин ийгиликтүү чечүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Республикада болгон белгилүү окуяларга байланыштуу эл аралык саясатта динамиканын жоктугу соңку мезгилде курчап турган дүйнөдө республиканын улуттук кызыкчылыктарына бекем турууга республиканын позициясын начарлатып баштады.
Республиканын эл аралык мамилелеринин бүтүндөй комплексин кайрадан форматтап чыгуу жана тышкы саясатка жаңы көз караштарды иштеп чыгуу зарылчылыгы эл аралык мүнөздөгү жаңы коркунучтардын жана региондо борбордук азиялык мамлекеттердин ортосунда сакталып калган ар кандай чечилбеген маселелердин чекке жеткен айкалышуусу менен шартталган.
Сууну пайдалануу, энергетика, миграция процесстери, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, террористтик жана баңги мүнөзүндөгү коркунучтарга каршы туруу сыяктуу мына ушундай региондук маанилүү мамилелерге бирдиктүү мамиленин жоктугу мамлекеттердин тышкы саясатынын артыкчылыктарынын ар багытта экендигин аныктайт. Албетте, республика региондо эл аралык процесстердин башка катышуучуларынын кызыкчылыктарын да эске албай кое албайт, бирок, алар да эсептешүүгө тийиш болгон өзүнүн улуттук кызыкчылыктары жөнүндө ачык билдирүүгө тийиш. Ушундан улам Кыргыз Республикасы региондо Борбордук Азиядагы коопсуздук боюнча ачык-айкын сүйлөшүүлөрдү өткөрүүчү жерди түзүүнү колдойт, бул болсо ушул чөйрөдөгү көйгөйлөрдү ачык жана калыс кароого мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда Кыргызстан бир нече коопсуздук системаларынын (ЖККУ, ШКУ ж.б.) мүчөсү болуу менен бирге ал уюмдар менен кызматташууда өз кызыкчылыктарын коргоо жагында жигердүү ишти улантууга тийиш. Мындай кызматташтык көп сандаган жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, бирок, кеп өзгөчө ар башка стратегиялык көз караштары жана таламдары, ыкмалары жана катышуучуларынын курамы бар эл аралык коопсуздук структуралары менен кызматташуу жөнүндө болгондо бир катар маселелерди айкын кылат. Бул Кыргызстандын коопсуздугуна тигил же бул коркунучтарды жана чакырыктардын келип чыгышынан улам өзгөрүүгө жараша, ошондой эле ошол тарыхый учурда улуттук таламдарды коргоо каражаттарын жана ыкмаларын тандоодо алар менен өзгөрүп турган мамилелердин динамикалуу мүнөзүн аныктайт.
2. Азыркы шарттагы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары
Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ жана анын тарыхый жолунда негизги максаттарды аныктайт, мамлекеттик ички жана тышкы саясатынын стратегиялык жана күндөлүк милдеттерин түзөт. Алар органикалык түрдө өзүнө инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын камтыйт.
Инсандын кызыкчылыктары конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылууда, жашоонун сапатын жана деңгээлин жогорулатууда, адамдын жана жарандын дене тарбия, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүндө турат.
Коомдун кызыкчылыгы демократияны бекемдөөдө, укуктук мамлекетти түзүүдө, коомдук макулдашуусуна жетишүүдө жана аны колдоодо, Кыргыз Республикасынын руханий - адеп-ахлактык жаңылануусунда турат.
Мамлекеттин кызыкчылыгы конституциялык түзүлүштүн бекемдигинде, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүндө жана аймактык бүтүндүгүндө, саясый, экономикалык жана социалдык туруктуулукта, мыйзамдуулуктун милдеттүү камсыз болуусунда жана укук тартибин колдоодо, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө турат.
Ошондой эле эл аралык, маалыматтык, аскердик, чек аралык, экологиялык, маданий, миграциялык жана башка чөйрөлөрдөгү кызыкчылыктар каралат.
Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун Концепциясы улуттук таламдарды коргоо боюнча өз ара байланыштуу көз караштардын жана идеялардын жыйындысы болуп саналат. Концепциянын айрым идеялары же жоболору убакыттын өтүшү менен ички жана сырткы кырдаалдын өзгөрүшүнөн улам актуалдуулугун жоготушу мүмкүн, бирок бул улуттук таламдарга тиешелүү эмес.
Убакыттын белгилүү бир тарыхый мезгил аралыгында улуттук кызыкчылыктардын бүтүндөй комплекси коомду жана мамлекетти сактоонун жана өнүктүрүүнүн чечүүчү маанисине ээ болгон, алардын ичинен бир нечесинде топтоштурулган түрдө чагылдырылышы мүмкүн. Азыркы учурда төмөнкү кызыкчылыктар алардын объективдүүсү болот.
Башка мамлекеттер жана эл аралык институттар менен мамиле түзүүдө, ошондой эле интеграциялык процесстерге катышууну кеңейтүүдө эл аралык укуктун универсалдык принциптеринин негизинде эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү сактоо Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн негизги мааниге ээ болот.
СССР ыдырагандан кийин Борбордук Азиянын мурдагы союздук республикаларынын ортосундагы чек аралар мурдагы бир мамлекеттин алкагында аларды аныктоодогу так эместиктерден жана каталыктардан улам алардын аймактарынын бүтүндүгүнө белгилүү коркунучтардын булагы болуп калды.
Жаш мамлекет катары Кыргызстан үчүн аймактардын бүтүндүгү өз коопсуздугун камсыз кылуунун негизи болуп саналат жана биринчи даражадагы көңүл бурууну талап кылат. Бул коңшу мамлекеттердин чектеш аймактарында элдин жыштыгы жана алардын жарандарынын биздин аймакка жылып кириши менен шартталган, ал акыр аягында республиканын аймактык бүтүндүгү жөнүндө маселени коюп жана ал өлкөлөр менен мамилелердин курчушун пайда кылышы мүмкүн.
Бир бүтүн эгемендүү мамлекетти ийгиликтүү куруу анда жашаган адамдардын жана элдердин ортосундагы тилектештик жана интернационализмдин негизиндеги адептик баалуулуктарына жана өз ара мамилелерине таянуу менен гана мүмкүн болот.
Кыргызстан аз сандуу жана муну менен бир учурда эле көп этностуу мамлекет болуп саналат, ошондуктан глобалдык коркунучтар жана коопсуздук чакырыктары күч алган, ошондой эле Борбордук Азиянын айрым региондорунда ресурстар жана жашоо мейкиндиги үчүн катуу атаандашуу жүрүп жаткан шартта өз элинин биримдигин жана ынтымагын камсыз кылуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасоо керек. Кеп көп улуттуу мамлекетти куруу жөнүндө гана болушу мүмкүн, анда этностук, тилдик, диний жана башка белгилери боюнча кодулоо болбоого тийиш. Андай болбогон учурда этнократиялык тенденциялар күч алганда алар кайсы гана тараптан көрүнбөсүн сөзсүз түрдө улуттар аралык кагылышууларга чейинки этностор аралык мамилелердин курчушуна алып келет, аны республика соңку он жылдыктардын ичинде эки жолу башынан кечирди.
Жалпы улуттук идеянын жоктугу, коомду баш коштуруу деңгээлинин төмөндүгү, республиканын ар кайсы улуттагы тургундарынын жалпы жарандык идентификациясынын начарлыгы этностор аралык мамилелерде дайыма оорчулукту пайда кыла берет. Мамлекет этностор аралык жана региондор аралык араздашууну тутандыруу фактылары боюнча улуттук жана тилдик таандыктыгына карабастан катуу чараларды көрүүсү керек.
Соңку жылдары элдин биримдиги этнорегионализм саясатынын терс таасир көрсөтүүлөрүнө туш болууда, айрым саясый күчтөр тарабынан өздөрүнүн тар мүдөөлөрү үчүн гана пайдаланылып, ал коомдун социалдык негизине орноп жана көп учурда региондордун ортосундагы карама-каршылыктарды жаратууда, акыр аягында ал мамлекеттин бүтүндүгүнө шек туудурууда. Коомдо көңүл борборундагы көрүнүштөрдү жоюу мамлекеттин жана бүткүл кыргыз элинин биринчи даражадагы милдети болуп саналат, анткени ар кандай коркунучтар күчөп жаткан шартта биримдик жана баш кошуу гана алардын жолундагы бөгөт боло алат.
Биздин республиканын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргызстандын улуттук таламдарын жүзөгө ашыруу жана коргоо бүткүл калктын катышуусу менен гана турмушка ашырылышы мүмкүн. Ал эми бул калктын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылып, коомдо туруктуулуктун негизи болгон жогору өнүккөн экономиканын негизинде гана мүмкүн болот.
Кыргызстандын экономикасы соңку жылдардын ичинде калктын киши башына ИДПны өндүрүү боюнча дүйнөнүн жогору өнүккөн өлкөлөрүнөн гана эмес, ошондой эле коңшу мамлекеттерден, өз кезегинде өнүгүү деңгээли боюнча болжол менен бирдей болгон мурдагы союздук республикалардан кыйла артта калып олтурат.
Эгерде орто мөөнөттөгү келечекте өндүрүш структурасын жакшы жагына кайра кура албаса - алардын эсебинен экономиканын жогору өсүш арымын камсыз кылууга мүмкүн болгон - өнөр жайдын кайра иштетүү тармактарынын үлүшүн көбөйтө албаса, анда республика узакка чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарында кала берет. Кыргызстанда жогору өнүккөн экономикага альтернатива жок, анткени республика оңой табыла турган жаратылыш ресурстарына ээ эмес, аларды сатуунун эсебинен коопсуздуктун кепилдиги катары калктын жогорку жашоо деңгээлин кармап турат эле. Ал эми колдо бар пайдалуу кен байлыктары өтө татаал жерлерде жатат жана аларды иштетүү зор каражатты талап кылат, ал бизде жок.
Республика адам факторун, болгондо да сан жагынан кыйла чектелүү болгон адам факторун натыйжалуу пайдалануунун эсебинен гана утушка жетише алат. Ошондуктан экономикалык саясат дал ушул фактордун өсүшүнүн белгилүү көрсөткүчүнө жетишүүгө - жумуш орундарынын структурасын индустриалдык сектордун пайдасына өзгөртүүгө, эмгекке жарамдуу калктын иш менен камсыз болушун көбөйтүүгө, тышкы миграцияны төмөндөтүүгө, жана эң башкысы, жумушчу күчүнүн жогорку сапатына жетишүүгө топтолууга тийиш. Ал эми бул калктын тийиштүү жашоо деңгээлинде жана анын реалдуу билимдүүлүгүндө гана мүмкүн.
Башка жагынан алганда экономиканы кескин көтөрүүдөн тышкары коомдо кирешелерди жана жыргалчылыктарды текши бөлүштүрүү маселесин чечүү керек. Республиканын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча азыркы учурда көбүрөөк камсыз болгон калктын 10% киши башына 10,1 миң сом суммасында айлык кирешеге, ал эми начар камсыз болгон калктын 10%ы болгон 842 сом кирешеге ээ, башкача айтканда ортодогу ажырым 12 эсе болууда. Ушул контексттен алганда калктын жашоо деңгээлинин жана сапатынын мүнөздөмөсү катары орточо көрсөткүчтөргө гана багыт алууга болбойт, социалдык тепкичтин төмөнкү баскычтарында турган калктын басымдуу бөлүгүнүн жашоо деңгээлин жогорулатууга жетишүү зарыл. Пенсионерлердин кыйла бөлүгү өздөрүнүн жашоо минимумунан төмөн пенсия алышат, бул алардын негиздүү нааразылыктарын пайда кылууда.
Эгерде жогору өнүккөн экономиканы түзбөй жана аз камсыз болгон жарандардын көпчүлүгүнүн татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кыла албасак, анда республика өзүнүн эмгекке жарамдуу калкынын кыйла бөлүгүнөн ажырап калат, алар башка өлкөлөргө жапырт эмиграцияга кетип жана алардын жарандыгын ала беришет. Азыркы учурда эле эмгекке жарамдуу калктын үчтөн бири башка өлкөлөрдүн экономикасы үчүн иштеп жатышат. Акыр аягында адам ресурстарынын "жок болушунун" жана калктын кыйла аймактардан чыгып кетишинин кесепетинен кыргыз мамлекетинин өзүн сактап калуу жөнүндө маселе коюлушу мүмкүн.
Коопсуздукту камсыз кылуу механизминде чечүүчү роль мамлекетке жана анын органдарына таандык. Республикада мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасынын болушу стратегиялык ресурстардын чектелүү болгондугунан улам социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүү жана региондо жана дүйнөдө өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу биринчи кезектеги шарты болуп саналат. Муну менен бирге ИДПнын 90%га жакынын жеке сектор өндүрүп жана жарандык коом социумдун ичинде көп маселелерди чечип жаткан коомдо мамлекеттин ролунун өзгөрүшүн эске алуу керек.
Бирок азыркы учурга чейин Советтер Союзунан мураска калган мамлекеттик башкаруу системасы өзгөрүүсүз кала берген, бул жаңы шарттарга ылайык келбегендиктен улам анын натыйжалуу эместигин аныктайт. "Советтик" институттарга жаңы рыноктук структуралар кошулган, мунун натыйжасында Кыргызстанда дүйнөдөгү эң чоң мамлекеттик аппарат сакталып калган, ага өлкөнүн бюджетинин кыйла бөлүгү чыгымдалат.
Натыйжалуу башкаруу системасын түзүү функцияларды өркүндөтүүнү, ошондой эле эркин рынок экономикасынын шартында андагы министрликтер менен ведомстволордун ордун жана ролун оптималдаштырууну караган түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдүн жолу менен жүрүшү керек. Алар удаалаш, бирин-бири кайталаган түзүмдөрдү жоюу жана борбордук органдар менен алардын аймактык бөлүктөрүнүн ортосунда чектелген функцияларды бөлүштүрүү, ошондой эле функциялар менен милдеттердин көп бөлүгүн жарандык коомдун ролунун өскөндүгүнө ылайык жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берүү менен коштолууга тийиш.
Кыргызстандын объективдүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен экономикалык жана социалдык өнүктүрүүдөгү демилге Өкмөткө гана эмес, жигердүү жарандык коомго жана анын айрым мүчөлөрүнө да таандык болууга тийиш. Ошону менен бирге азыркы убакта Кыргызстандын жарандык коому калыптануу мезгилинде турат жана өзгөчө активдешип жаткан этнорегионализмдин көрүнүшүндө ар кандай күчтөрдүн (саясый, урук-туугандык, кландык ж.б.) терс таасирине өтө дуушар болгон.
Ошондой эле башкаруу системасынын көңүлүнүн борборунда адам ресурсунун, анын саламаттыгынын жана интеллектуалдык абалынын сапатынын маселеси Кыргызстандын шарттарында өсүп-өнүгүүнүн башкы фактору катары дайыма турууга тийиш.
Айыл жерлеринен шаарга калктын миграциясынын натыйжасында аймактардын прогресстешкен урбанизацияланышы сапаттуу ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктүн төмөндөшү жана канализациянын адекваттуу системалары, стационардык булактардан жана автомобиль транспортунан чыккандардан абанын булганышынын кыйла көбөйүшү, жер ресурстарынын, экосистеманын жабыркашы, жалпысынан, тиричиликтин катуу калдыктарынын топтолуу көйгөйү, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын санынын жана масштабынын өсүшү менен коштолууда.
Адам жашаган чөйрөнүн сапатынын начарлашы, жаратылыш ресурстарынын жетишсиздиги адамдын саламаттыгына жана коопсуз өнүгүшүнө коркунуч жаратып, калктын оорусун күчөтүүдө. Республиканын калкынын ар кандай оору-сыркоолорунун деңгээли саламаттыкты сактоого жеткиликтүүлүк жана анын сапаты төмөндөгөн учурда өзгөчө жогору бойдон калууда. Республика боюнча жыл сайын саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан 2,6 млн. ашык оорулар катталат, оорулардын жайылышынын көрсөткүчү калктын 50%на жакындайт, башкача айтканда, республиканын ар бир экинчи тургуну ар түрдүү ооруга чалдыккан. Алардын арасында биринчи орунда жүрөк-кан тамыр оорулары турат, ага республикада бардык өлүм-житимдердин жарымынын көбү туура келет.
Калктын чет өлкөгө миграциясы менен катар эмгек ресурстарынын кыйла саны аракечтик менен баңгиликтин кесепетинен коомдук өндүрүштөн чыгып калууда, ага көпчүлүк учурда эмгекке жарамдуу курактагы жаштар чалдыккан. Аскерге чакырылуучулардын дээрлик 80%ы ар түрдүү ооруларга дуушар болгон, бул республиканын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүнө терс таасир тийгизет. Ушулардын бардыгы өнүгүүнүн адамдык ресурстук базасын кыйла тарытып, буга ошондой эле калктын билим деңгээли жана анын сапаты да олуттуу таасир тийгизет.
Республиканын экономикасынын түзүмүн натыйжалуу өндүрүштөрдүн пайдасына карата кайра куруу инновациялык технологияларды жапырт ишке киргизүүнү жана көптөгөн инвестицияларды өздөштүрүүнү талап кылгандыктан, жумушчу күчүнүн сапатына талаптардын деңгээли да тийиштүү түрдө жогорулайт. Эгерде, Кыргызстан инвесторлорго ушундай кызматкерлерди сунуштай албаса, анда аларды чет өлкөлүк жумушчу күчү менен алмаштыруу керек болот, бул албетте республикадагы коопсуздук абалына таасир этет.
Билим берүүнүн деңгээли жана анын сапаты соңку жылдарда кыйла начарлап кетти. Мектепте жана жогорку окуу жайларында окуу процессин начар педагогикалык кадрлар жүргүзүп, коррупция жана ар кандай жыйымдар өсүп, мектеп рэкети иш жүзүндө аларды криминалдык жамаатка айландырып жиберди. Кыргызстандын мектеп окуучулары интеллектуалдуулук жөндөмдүүлүгү боюнча эл аралык тестирлөөнүн натыйжасында акыркы орунда калды, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү кесиптик даярдыгынын сапаты боюнча эмгек рыногунун заманбап талаптарына дал келбейт, ошондуктан мигранттардын жана жумушсуздардын армиясын толуктоо менен ишке орношо алышпайт.
Мындай жагдайдын башкы себептеринин бири болуп билим берүүнү жетишсиз каржылоо, мугалимдердин жана билим берүү системасынын башка кызматкерлеринин эмгек акысынын салыштырмалуу төмөндүгү, окуу жайларынын материалдык-техникалык базасынын деградациясы саналат. Эгерде жакынкы мезгилде мындай процесс токтобосо, анда Кыргызстан башка мамлекеттердин рыногуна сабаттуулугу төмөн, арзан жумушчу күчтөрдү берүүчүгө биротоло айланат.
Жаштарды адептик-атуулдукка тарбиялоо маселелери, ар кандай диний жана жалган диний уюмдар, ошондой эле чет өлкөлүк ЖМКлар тарабынан күчтүү жана ар түрдүү таасир этүүнүн көрүнүшүндө маданий чөйрөнү өнүктүрүү менен катар сапаттуу билим берүүгө жеткиликтүү эместик калктын жалпы деградациясына жана идеологиялык жактан туура эмес багытка алып келет, анын натыйжасы экстремизм, терроризм, сепаратизм көрүнүштөрүн жана кылмыштуулуктун өсүшүн пайда кылат.
Кыргызстанда адам фактору коомдун, мамлекеттин жана экономиканын өнүгүшүнүн, саламаттыгы чың жана билимдүү калктын өнүгүшүнүн башкы таянычы болуп санала тургандыгын эске алсак - бул бүткүл мамлекеттик жана коомдук саясаттын негизги артыкчылыгы.
Демек, азыркы мезгилде, ошондой эле узак келечекте Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары төмөнкүлөр болуп саналат:
- өлкөнүн аймактык бүтүндүгү;
- этностор жана региондор аралык карама-каршылыктарсыз Кыргызстандын бирдиктүү калкы;
- жогорку өнүккөн экономика жана калктын жашоо турмушунун татыктуу деңгээли;
- мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу тутуму жана жигердүү жарандык коом;
- жагымдуу айлана чөйрө, саламаттыгы чың жана билимдүү калк.
Кыргыз Республикасы өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн сарамжалдуу жана прагматикалык ички жана тышкы саясатты жүргүзүүгө тийиш, бул болсо аларга ар кандай коркунучтардын терс таасир тийгизүүсүнө мүмкүндүк бербейт. Ал үчүн, алгач, коомдо социалдык туруктуулук, этностор аралык жана конфессиялар аралык макулдашуу камсыз болуусу зарыл.
3. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун тышкы жана ички коркунучтары
Улуттук коопсуздук коркунучу - бул жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине, жашоосунун татыктуу сапатына жана деңгээлине, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө, туруктуу өнүгүүсүнө, коргоо жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирүүнүн тике же кыйыр мүмкүнчүлүгү. Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна жашоо-турмуштун ар кайсы чөйрөлөрүндөгү коркунучтар региондогу жана дүйнөдөгү экономикалык жана саясый карама-каршылыктар, ички көйгөйлөрдүн чечилбегендиги, аскердик, маалыматтык, экологиялык жана башка факторлор менен шартталган. Жыйындысында ушул факторлордун бардыгы өлкөнүн улуттук коопсуздугунун тышкы жана ички коркунучтарынын кеңири спектрин түзөт.
Алар таасир тийгизүүнүн масштабы боюнча - глобалдык, региондук жана локалдык, аларды ишке ашыруу мүмкүндүгү боюнча - реалдуу жана потенциалдуу, ишке ашыруу ыкмасы боюнча - тике жана башка көрүнүштөрдүн жана процесстердин өзгөрүүсү аркылуу чагылдырылган кыйыр таасирлерге бөлүнөт.
Тарыхый өнүгүүнүн ар бир этабында коркунучтун реалдуулугуна жана аларды ишке ашыруунун кыйратуучу кесепеттерине жараша алардын кайсы бири биринчи планга жылдырылат. Азыркы мезгилде мамлекет жана коом тарабынан адекваттуу реакцияны талап кылуучу кыйла реалдуу коркунучтар болуп төмөнкүлөр саналат.
Тышкы коркунучтар:
- глобалдуу деңгээлде дүйнөлүк алдыңкы державалардын ортосунда жана Борбордук Азияда, ошондой эле бул региондун айрым өлкөлөрүнүн ортосунда карама-каршылыктын күчөшү;
- эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин масштабдарынын кеңейиши;
- Борбордук Азияда эл аралык баңги мафиясынын иши;
- Борбордук азиялык региондо суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу;
- региондун айрым өлкөлөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын эл аралык-укуктук жол-жоболоштуруусунун бүтпөгөндүгү;
- Фергана өрөөнүндө демографиялык көйгөйлөрдүн чечилбегендиги.
Ички коркунучтар:
- сепаратисттик тенденциялардын, этностор аралык карама-каршылыктардын, коомдук мамилелер системасында этнорегиондук жана жердешчилик факторунун күч алышы;
- калктын билим алуу, адеп-ахлактык жана маданий дараметинин начарлашы, коомдун турмушунда салттуу эмес диний агымдардын таасирин күчөтүү, республиканын айрым региондорундагы курч демографиялык кырдаал, тышкы жана ички миграцияны жөнгө салуу маселелеринин чечилбегендиги;
- республикада башкаруу системасынын жетишсиз натыйжалуулугу;
- республиканын экономикасынын кризистик абалы жана энергия менен камсыз кылуу системасынын чабалдыгы;
- коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө көмүскө экономиканын жана коррупциянын масштабдарынын өсүшү;
- кылмыштуулук, баңгилик, аракечтик жана жумушсуздук;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жетишсиз өнүгүшү жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин начар корголушу;
- экосистемалардын деградациясы, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү жана сарамжалдуу эмес пайдаланылышы, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана жооп кайтаруунун колдо бар системасынын жетишсиз натыйжалуулугу.
Тышкы коркунучтар
Глобалдуу деңгээлде дүйнөлүк алдыңкы державалардын ортосунда жана
Борбордук Азияда, ошондой эле бул региондун айрым өлкөлөрүнүн
ортосунда карама-каршылыктын күчөшү
Дүйнөдөгү азыркы аскердик-саясый жагдай жогорку динамизм, окуялардын өнүгүшүнүн капыстуулугу, дүйнөлүк алдыңкы жана региондук державалардын атаандашуусунун күч алышы, сепаратизмдин, улуттук жана диний экстремизмдин өсүшү менен мүнөздөлөт. Колдонулуп жаткан эл аралык-укуктук механизмдерди айланып өтүү менен күч ыкмаларын колдонуу эл аралык кырдаалды туруксуздаштырат, чыңалууну жана жарыша куралданууга азгырат, мамлекеттер аралык карама-каршылыктардын күчөшүн шарттайт. Эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка ар кандай деңгээлдеги жөнгө салынбаган аскердик жаңжалдар коркунуч жаратат. Региондук өлчөөдөн алганда глобалдуу атаандаштык планетанын ар кайсы жерлеринде кырдаалдын татаалданышын туудурат, ал мамлекеттер ичиндеги жарандык карама-каршы туруудан тартып куралдуу кагылышууларга чейин алып келет.
Өзүнө Сауд Аравиясын, Иранды жана Перс булуңунун өлкөлөрүн камтыган бүтүндөй Чоң Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушун ушул контекстте кароо керек, мында кайсы бир геосаясый оюнчулардын жергиликтүү мунай зат ресурстарынын негизги булактарын Чыгыш Азиядагы өз атаандаштарына башка геосаясый оюнчулардын рынокторуна келип түшүүсүнүн шарттарын кепилдик менен аргасыз кылуу үчүн толук контролдукка алуу аракеттери кагылышууга туш келүүдө. Геосаясый конфигурациянын мындай өзгөрүшү башка тараптын энергия ресурстарынын альтернативалуу булактарын издөөнү албетте, биринчи планга жылдырат.
Борбордук Азиялык регион ошондой эле, акыркы жылдары АКШ, Россия, Кытай сыяктуу дүйнөлүк алдыңкы державалардын анын мамлекеттерин өз таасирин көрсөтүү орбитасына тартуу жана анын ресурстарын, эң оболу мунайгаз запастарын контролдукка алуу үчүн атаандашуусунун объекти болуп калды. Ушуга байланыштуу Россия жана Кытай региондун өлкөлөрү менен КМШ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын өңүтүндө саясый, аскердик, экономикалык, маданий өз ара мамилелерди бекемдөөнү улантат, бул албетте Кыргызстандын таламдарына туура келет. Бул өз ара таймашуу зонасына көмүр суутек чийки затынын альтернативалуу булактарын издөө менен бушайман болгон Европа Союзунун кошо киришүүсү күч алып, жергиликтүү энергетикалык ресурстарды негизги керектөөчү болгон Кытайга атаандашуучу күч болууда.
ЖККУ өлкөлөрүнүн чет өлкөлүк аскердик базаларды жана объекттерди бул уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугусуз жайгаштырбоо жөнүндө жакындагы жетишилген макулдашуулары бул региондогу АКШнын таламдарын кыйла тийип өтөт.
Экинчи жагынан, АКШ жана анын союздаштары стратегиялык пландан алганда да, ошондой эле алардын союздаштары өз аскерлерин жана НАТО күчтөрүн Афганистандан чыгаруунун коопсуз жолдорун камсыз кылуу максатында Борбордук Азия республикаларында өз позицияларын бекемдөө үчүн бардык чараларды көрүүдө.
Келечекте Кытай ШКУга таянып жана Россия менен өнөктүктө региондогу коопсуздук проблемаларынын комплексин чечүүдө анын уйгур сепаратисттеринин "оорук" базасына айланышына жол бербөө үчүн региондо коопсуздук көйгөйлөрүнүн комплексин чечүүдө кыйла активдүү катышат. Ал ошондой эле оболу жергиликтүү жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүгө тиешелүү өз стратегиялык максаттарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу менен Борбордук Азия өлкөлөрү менен тыгыз мамилелерди өз алдынча өнүктүрөт.
Мына ошентип, Борбордук Азия мамлекеттеринин ар биринин ички саясый туруктуулугунун негизги фактору болуп Россиянын, АКШнын жана Кытайдын ар тараптуу таламдарын эске алууга даяр экендиги болуп калууда. Бул мамлекеттердин ар бири Борбордук Азияны стратегиялык өз кызыкчылыктарынын зонасы катары карайт. Алардын ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшүнүн белгилүү бир фактору болуп региондун айрым өлкөлөрүндөгү күтүүсүз ички өзгөрүүлөр же алардын өкмөттөрүнүн эл аралык саясатындагы кескин бурулуштары болушу мүмкүн. Бул жерде региондун мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердин морт балансын сактоо негизги маселе болуп саналат, аны бузуу алардын ортосундагы кеңири масштабдуу кризиске алып келиши мүмкүн. Андыктан Кыргызстан региондогу абалдын өзгөрүп кетүү динамикасынан озууга тийиш, ал тургай коңшу республикалардын ортосунда мамилелердин бул же тигил маселеси боюнча дүйнөлүк державалардын позициясындагы жылыштарды болжолдоп жана жооп кайтаруунун тийиштүү чараларын өз убагында иштеп чыгышы керек. Республика эл аралык терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү жаатында КМШ жана Батыш өлкөлөрү менен биргелешкен аракеттерге, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, ядролук куралды жана баңги бизнесин жайылтпоого өз салымын кошуп келген жана кошо берет.
Эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин масштабдарынын кеңейиши
Терроризмдин, диний экстремизмдин негизги идеологиялык жана аскердик күчтөрү жана "Аль-Каиданын", "Талибан кыймылынын", "Өзбекстан ислам кыймылынын", "Чыгыш Түркестан ислам кыймылынын", "Жихад тобунун" же "Ислам жихад бирлигинин" баскындарды даярдоонун атайын лагерлери жана башкалар жайгашкан Афганистан жана Пакистандагы татаал аскердик-саясый кырдаал бүткүл региондо коопсуздукка олуттуу коркунучту туудурат. Азыркы шартта, өзгөчө 2014-жылы Афганистандан АКШ жана НАТО күчтөрүн чыгаруудан кийин, бул аталган уюмдардын эмиссарларынын жана куралдуу аскерлеринин басып кирүүсүнө, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында террористтик жана экстремисттик көрүнүштөрдүн жигердешүүсүнө реалдуу өбөлгөлөрдү түзөт.
Бул үчүн жагымдуу шарттар Борбордук Азиянын жаңы көз карандысыз өлкөлөрүнүн трансформациялануу саясатындагы кыйынчылыктар менен чакырылгандыгын моюнга алуу керек. Бул калктын кайсы бир бөлүгүнүн жакырдануусуна жана социалдык кыйла дифференциацияланууга жана калктын билим алуу жана интеллектуалдык потенциалынын деградациялануу фонунда мамлекеттик саясаттын начарлашына алып келген. Бул социалдык боштукту ислам мамлекети гана адамдарга калыс жана татыктуу жашоо-турмуш бере алат деп тастыкташкан ислам экстремисттери ийгиликтүү толтурууда.
Азыркы учурда диний экстремизм жана эл аралык террормзм Кыргыз Республикасы үчүн масштабдуу коркунучту билдирет. Өз маңызында диний-экстремисттик жана террористтик уюмдар бирдей экстремисттик идеологиянын базасында өз күчтөрүн бириктирип, биздин республикада да өздөрүнүн пикирлештеринин кеңири тармагы бар кубаттуу кылмыштуу интернационалдуу түзүмдөр болуп калууда.
Эл аралык экстремисттик-террористтик түзүмдөрдүн борбордук азиялык региондун өлкөлөрүнүн коомчулугун исламдаштыруу жана радикалдаштыруу боюнча өз пландарын ишке ашырууда бир катар мусулман өлкөлөрүнүн жашыруун колдоосунда миссионерлердин жана фонддордун, ЖМКлардын жана Интернет-ресурстардын көп сандагы категориялары колдонулат, экстремисттик адабият жана калкты идеологиялык жактан иштеп чыгуунун башка атрибуттары ташылып келинет. Ага катарлаш эле алар тарабынан оболу Фергана өрөөнүндө туруксуздаштыруу жана бийликти тартып алуу жана бул жерде региондогу андан аркы экспансия үчүн плацдармды түзүү максатында саясый жана диний экстремизмдин, терроризмдин, сепаратизмдин, баңги мафиясынын жана башка кылмыштуу топтордун күчтөрүн кооперациялоого багытталган максималдуу күч-аракеттер жумшалууда.
2014-жылы коалициялык күчтөр чыгарылгандан кийин Афганистанда "Талибан" кыймылы ийгиликке жетишкен учурда, түндүк провинцияларда этностор аралык чыңалуунун жаңы багытынын келип чыгышы божомолдонууда. Аскердик күч-аракеттердин театры Афганистандын түндүк чек араларын көздөй жылса, бул Тажикстандын аймагына жана андан ары Кыргыз Республикасынын түштүк региондоруна кылмыштуу түзүлүштөрдүн коомдук-саясый абалды туруксуздаштыруу, масштабдуу террористтик акцияларды уюштуруу, акыр аягында Борбордук Азиянын аймагында ислам мамлекеттерин куруу боюнча пландарды жүзөгө ашыруу аракеттери максатында басып кирүү мүмкүнчүлүгү үчүн реалдуу шарттарды түзөт.
Терроризмге жана диний экстремизмге каршы туруу боюнча биринчи кезектеги чаралар болуп бул чөйрөдө эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле антитеррористтик иштин бирдиктүү укуктук негиздерин түзүүнү камсыз кылуучу мыйзамдык актыларды кабыл алуу жана өркүндөтүү саналат.
Ошондой эле дин жаатындагы мамлекеттик саясатты бул чөйрөдөгү экстремисттик көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө багыттоо, Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген мамлекеттин лайык (светское) мүнөзүн натыйжалуу коргоону камсыз кылуу, жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун ишке ашырууда салттуу диндер менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө зарыл.
Борбордук Азияда эл аралык баңги мафиясынын ишмердүүлүгү Баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйү Борбордук Азияда гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнөдө эң татаал жана актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.
Афганистандын аймагы Борбордук Азия регионунун өлкөлөрүнө баңги коркунучунун таралуусунун негизги очогу бойдон калууда, ал жактан Россияга жана чыгыш-европа рынокторуна баңги заттарынын "түндүк маршруту" деп аталып, транзиттик коридор катары пайдаланылган Борбордук Азия мамлекеттеринин аймагы аркылуу контрабанданын көлөмүнүн өсүшү токтобой келүүдө.
Буга ушундай эле Борбордук Азияны КМШ өлкөлөрү менен байланыштыруучу кыйла жетиштүү өнүккөн транс чек аралык жана трансконтиненталдык темир жолдордун жана автомобиль жолдорунун, аба жолдорунун болушу жагымдуу шарт түзөт. Мында баңги каражаттарынын бир бөлүгү региондо калып, бул өз кезегинде региондун өлкөлөрүнүн калкынын алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен байланышкан кылмыштуу ишке тартылышына, баңги заттарын медициналык эмес колдонуу чөйрөсүндө да жалпы жазыктык укук бузуулар менен кырдаалдын начарлашына алып келет.
Баңги бизнесине уюшкандык, туруктуу баңги трафиктеринин түзүлүшү, акчаларды адалдоонун жолго коюлган механизми, мамлекеттик органдарда, анын ичинде күч ведомстволорунда таасирлүү калкалаган колдоочулардын болушу мүнөздүү. Ал тургай акыркы жылдары баңги экспансиясы мурдагыдан да агрессивдүү болуп, генофондго келтирилген коркунучтун башкы булагына айланууда, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукту, терроризмди, экстремизмди, мурда болуп көрбөгөндөй баңги коррупциясын азыктандырат, анын натыйжасында республиканын улуттук коопсуздугуна коркунучтун башкы факторлорунун бири болуп калууда.
Кыргызстан баңги транзиттик өлкө жана эл аралык баңги бизнесинин экспансиясынын объектиси болуу менен баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууга жана баңгикорлукка адекваттуу чараларды көрүүгө аргасыз. Ушуга байланыштуу баңгилик менен (баңги кылмыштуулугу, баңги бизнеси) күрөшүү Кыргызстанда коомдогу туруктуулукту камсыз кылуунун жана мамлекетти ийгиликтүү өнүктүрүүнүн маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.
Республиканын укук коргоо органдарынын ишинин тажрыйбасы, Кыргызстандын серепчилеринин жана эл аралык эксперттердин эксперттик баа берүүлөрү Кыргыз Республикасында баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн прогрессиялык динамикасы жөнүндө айгинелейт.
Бир катар алдын алуучу чаралардан улам, Кыргызстан баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу системасын түзө алды, ага кайрадан түзүлгөн баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик орган башчылык кылат. Ошентсе да, бул иш концепциялык, укуктук, программалык жана уюштуруучулук деңгээлде туруктуу өркүндөтүүнү камсыз кылат.
Баңги трафигине каршы туруу чөйрөсүндө маанилүү милдет болуп укук коргоо органдарынын күч-аракеттерин баңги заттарын жана прекурсорлорду жеткирүү каналдарына гана эмес, ошондой эле анын бардык элементтерине жана коштолгон факторлоруна бөгөт коюу болуп саналат. Баңги бизнесинен кылмыштуу кирешелерди "адалдоо" менен күрөшүүгө, баңги трафигине жана аны менен байланышкан терроризмге жана коррупцияга байланышкан финансы булактарын табууга жана конфискациялоого багытталган бир катар чаралар зарыл. Баңги трафигинин түзүмүндөгү, динамикасындагы жана тенденцияларындагы өзгөрүүлөргө оперативдүү жооп кайтаруу максатында, анын үзгүлтүксүз мониторингин жүргүзүү уюштурулат, талдоо жана баңги кырдаалын божомолдоо берилет.
Баңги трафик менен күрөшүү жагында мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана көп тараптуу негизде эл аралык кызматташууга катышуусу саналат. ООН, ОБСЕ, Европалык Союз, Экономикалык Кызматташуу Уюму, ШКУ, ЖККУ алкагында, башка эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен эл аралык байланыштарды жана кызматташууну өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө өзгөчө маани берилет.
Борбордук Азия регионунда суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу
Кыргыз Республикасы суу ресурстары менен кыйла жогору камсыз болгон дүйнөнүн анча көп эмес өлкөлөрүнүн бири болуп саналат. Аянты 8 миң кв.кмдан ашкан мөңгүлөрдөгү суунун запастары 700 куб.км түзөт. Өлкөнүн башкы суу артериясы жана негизги энергетикалык ресурсу болгон Нарын дарыясынын ар жылдагы орточо агымы - 27 куб.км түзөт. Бул Сырдарыя суусунун бассейнинин суу ресурстарынын 73%ы жана Борбордук Азия регионунун суу ресурстарынын 25%ы.
Борбордук Азияда сууну пайдалангандыгы үчүн белгилүү бир атаандаштык жана аны ар кандай өз ара карама-каршы максаттарга колдонуу менен чакырылган региондун мамлекеттеринин ортосунда карама-каршылыктар бар. Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда суу айыл чарбасында жай мезгилинде, ал эми Кыргызстанда жана Тажикстанда суу электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн кыш мезгилинде колдонулат. Мында эгер Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мунайдын, газдын жана таш көмүрдүн жетиштүү запастарына ээ болуу менен өз энергетикалык керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыра алышса, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан аларды импорттоого аргасыз. Кыргызстан жана Тажикстан электр энергиясын Казакстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга экспорттогон жана ага удаалаш жайында ирригацияга сууну кое берүүлөр, ал эми кышында анын ордуна көмүр, газ алган мурдагы мамиле азыр ар кандай себептерден улам колдонулбайт.
Акыркы жылдары суу үчүн атаандаштык жана карама-каршылык климаттык өзгөрүүлөрдүн жана суу ресурстарынын кыскарышынын фонунда улам өсүүдө. Борбордук Азия регионунун өлкөлөрү суу бөлүштүрүүдө өз катышуусун камсыз кылууга умтулууну көрсөтүшүүдө, өздөрүнүн суу сактагычтарын куруу, ошондой эле электр энергиясы менен өздөрүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө. Бул Кыргызстанды суу топтоо жана электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнүн артыкчылыктарынан ажыратат.
Региондогу суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу климаттын өзгөрүүсүнүн глобалдуу процесстери менен тереңдеши мүмкүн. Кыргызстандын аймагында Борбордук Азиянын бардык мөңгүлөрүнүн 45%га жакыны жайгашкан, алар сууну толуктоонун негизги булактары болуп саналат жана алардын абалынын болжолдоолору өзгөчө тынчсызданууну жаратууда.
Ошондой эле суу агындыларды бөлүштүрүүнүн өзгөрүшү жана сезондуулугу да олуттуу чакырыктардан болуп калат. Мындай болгондо республиканын сууларынын агындыларынын кыйла азаюусу мүмкүн, бул Кыргызстандын гана эмес, ошондой эле жалпы эле Борбордук Азия регионунда суу ресурстары менен жетишсиз камсыз болууга, энергетикалык потенциалдын жана жер ресурстарынын азыктуулугунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Муну менен бирге 2020-2025-жылдарга чейин мөңгүлөрдүн тездикте эришинин эсебинен суулардын агымынын көбөйүшү күтүлүүдө, андан ары анын 42-20 куб.кмге чейин азаюусу болжолдонууда, бул 2000-жылдагы агындынын көлөмүнүн 44төн 88%ге чейинкисин түзөт. Бул процесстин кесепеттери албетте Кыргыз Республикасында, ошондой эле коңшу, көбүнчө өрөөндөгү мамлекеттердин жашоо жана чарба жүргүзүү шарттарына залалын тийгизбей койбойт. Акыр аягында бул суу ресурстарын бөлүштүрүүдө коңшу өлкөлөрдүн ортосунда карама-каршылыктардын андан да курчушуна алып келиши мүмкүн.
Региондун айрым өлкөлөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын эл
аралык-укуктук жол-жоболоштуруусунун бүтпөгөндүгү
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасын эл аралык-укуктук тариздөөсүнүн аягына чыгарылбагандыгы, инженердик мамиледе мамлекеттик чек аранын тосулбагандыгы жана аларда зарыл болгон чек аралык инфраструктуранын жоктугу эгемендүүлүккө, аймактык бүтүндүккө жана чек аралык коопсуздукка коркунучтун бүтүндөй комплексине алып келет:
- жаңжалдар жана чек аралык инциденттер;
- контрабанда;
- мыйзамсыз миграция;
- жаратылыш жана өндүрүштүк ресурстарды талап-тоноо;
- Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан өздөрүнүн чек аралык жер участкаларын, турак жайларын жана көмөкчү жайларын документтик тариздөөсүз чектеш мамлекеттердин жарандарына ыктыярдуу сатуу;
- Республиканын жайыттарын чектеш мамлекеттердин жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын бийлик органдары менен тиешелүү макулдашуусуз пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын жер участкаларын чектеш мамлекеттердин жарандары тарабынан мыйзамсыз өздөштүрүү жана пайдалануу аракеттери.
Бул мамлекеттен мамлекеттик чек арада коопсуздукту сактоо боюнча, күч элементтерин гана эмес, бул коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн экономикалык, саясый, социалдык жана идеологиялык чараларынын бүтүндөй комплексин камтыган принципиалдуу жаңы мамилелерди табууну талап кылат.
Азыркы учурда коңшулаш мамлекеттердин стратегиялык кызыкчылыктары кагылышкан чек аралардын өтүү тилкелери, жана да чек аранын эки тарабындагы калктын жашоосунун күнүмдүк маселелери көптөгөн мамлекеттер аралык карама-каршылыктардын орду болуп саналат. Өзбекстан Республикасы менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 2000-жылдын февралынан тартып жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда узундугу 1375 км болгон, чек аранын 993 км делимитациялоо жүргүзүлгөн, анда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын чек араларынын алкагында 58 талаш участкалар бар, алар боюнча кошумча окуп-үйрөнүү жана макулдашуу талап кылынат.
Тажик Республикасы менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 2001-жылдын декабрынан тартып жүргүзүлүүдө. Көпчүлүк учурда кыргыз-өзбек чек арасынын делимитация маселелери менен окшош болгон, делимитация боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу өтө татаал болбойт. Тажикстан менен болгон чек аранын жалпы узундугу 970,8 км, Ош жана Баткен облустары аркылуу өтөт. Азыркы учурда чек аранын тилкесинин өтүүсүнүн 506,1 км же 56,2% жазылган, болжолдуу аянты 1724 га болгон макулдашылбаган 20дан ашык участкалар бар.
Кыргыз калкынын республиканын түндүгүнө жана жакынкы чет мамлекеттерге миграциясынын акыркы мезгилде күч алуусунун фонунда мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөө процесстерин создуктуруу чек аралык зоналарда жаңжалдар үчүн реалдуу шарттарды түзүүдө. Бул Кыргызстандан мамлекеттик чек арада коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, күч элементтерин гана эмес, бул коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн экономикалык, саясый, социалдык жана идеологиялык чараларынын бүтүндөй комплексин камтыган принципиалдуу жаңы мамилелерди табууну талап кылат.
Фергана өрөөнүндө демографиялык көйгөйлөрдүн чечилбегендиги Фергана өрөөнү Борбордук Азияда жайгашкан, ага азыркы Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактарынын бөлүгү кирет. Борбордук Азиянын тарыхында Фергана өрөөнү ар дайым кыйла ролду ойногон, ал байыркы убактардан тартып азыркы күнгө чейин ар кандай цивилизациялар топтолуп дыйканчылык, кол өнөрчүлүгү, материалдык жана руханий маданияттын борбору болуп саналган. Ошону менен бирге бул жерде экономикалык жана социалдык негизде ар кандай көйгөйлөрдүн, карама-каршылыктардын жана этностор аралык жаңжалдардын чырмалган түйүнү ар дайым болуп келген, ага эми чек ара көйгөйлөрү кошулду.
Фергана өрөөнүнүн бардык үч бөлүгүндө экономикалык иифраструктуранын жеткире өнүкпөгөндүгү, жер жана суу ресурстарынын чектелгендиги, массалык жумушсуздук, ошондой эле диний экстремизмдин өсүшүнүн күчөшү чыр-чатактык кырдаалдын потенциалдуу булактары болуп калды.
Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү эске алуу менен Фергана өрөөнү жогорку чыр-чатактуу потенциалдагы региондордун бири болуп саналат. Бул жерде тажик жана кыргыз бөлүгүндөгү тургундарды эске алып, болжол менен 15-16 млн. адам жашап жана дүйнөдө калктын эң жогорку жыш отурукташкандыгы байкалат - 1 кв.кмге 600-700 адам (Кытайдын түштүгүндө жана Бангладеште гана көбүрөөк). Төрөлүү деңгээли абдан жогору, натыйжада өрөөндүн калкы жакынкы келечекте ар кандай баа берүүлөр боюнча 19-20 млн. адамга жетмекчи.
Мына ошентип, Фергана өрөөнүндө демографиялык басым жыл өткөн сайын өсө бермекчи жана бул коркунуч коңшу республикалар үчүн туруксуздуктун жана сепаратизмдин туруктуу булагы болмокчу. Бул региондогу мезгил-мезгили менен кайталануучу этностор аралык кагылышуулар негизинен демографиялык фактор жана жашоо-турмуш, эң оболу жер үчүн ресурстардын чектелүүлүгү менен шартталган, анткени өрөөндүн өсүп келе жаткан мууну ар дайым эле үй-бүлө түзүүгө өзү үчүн шартты жана өз үйүн куруу үчүн жерди талап кылат, ал эми жер болсо дээрлик калган жок, анткени болгон жерге пахта эгилген. Объективдүү айтканда, Фергана өрөөнүнүн айрым бөлүктөрүндөгү өнөкөт болуп калган этностор аралык чыңалууну жана сепаратисттик тенденцияларды коңшулаш өлкөлөрдүн жакшы коңшулаштыгын жана өз ара таламдарын эске алуу менен гана чечүүгө болот. Бирок, тарыхый тажрыйба көрсөтүп тургандай, чек аралар боюнча гана сүйлөшүүлөр акыркы жыйырма жылда эч кандай натыйжа берген жок, ал эми бүткүл Фергана өрөөнүндөгү көйгөйлөрдүн комплексин чечүү үчүн үч гана коңшу мамлекеттин күч-аракети жетишсиз. Эл аралык коомчулуктун катышуусуз бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес окшойт жана аны ООН, ОБСЕ же башка эл аралык форумдардын талкуусуна алып чыгууга мезгил келип жетти.
Ички коркунучтар
Сепаратисттик тенденциялардын, этностор аралык
карама-каршылыктардын күч алышы, коомдук мамилелер системасында
этнорегиончулук жана жердешчилик фактору
Дүйнөдөгү улуттук өзүн-өзү аныктоо жана сепаратисттик жана улутчулдук маанай Кыргызстандан да четтеп өткөн жок. Тактап айтканда, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугунун радикалдуу лидерлеринин арасындагы сепаратисттик маанай этностор аралык кандуу кагылышууларга алып келди. 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү кайгылуу окуялардан кийин улутчулдук массаны мобилизациялоонун башкы идеологиялык аспабына айланып, ал саясый күрөштө да жигердүү пайдаланыла баштады. Натыйжада улуттар аралык негизде жаңжалдар, көбүнчө башка этностор чакан тобу менен жашаган жерлерде ар дайым чыга баштады. Улуттар аралык мамилелер чөйрөсүндөгү талдоолор республиканын кээ бир региондорунда - өзгөчө Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында кырдаал абдан татаал, карама-каршылыктуу жана болжолдонууга мүмкүн эмес мүнөздө экендигин айгинелейт.
Улуттар аралык жаңжалдардын субъекттери катары жаштар жана жашы жете электер чыккан учурлардын көп боло баштагандыгы кооптонууну чакырат. Баткен облусунун Андарак айылында, Чүй облусунун Жаңы-Жер жана Маевка айылдарында орун алган фактылар ар кандай улуттагы жашы жете элек мектеп окуучуларынын бейбаштык ниеттеринин айынан болгон.
Этностор аралык карама-каршылыктардын күч алуу коркунучу мурда болуп көрбөгөндөй реалдуу жана мамлекет, коом тарабынан чечкиндүү жана адекваттуу чараларды талап кылат. Ал коомчулуктун турмушундагы күч алган этнорегиончулук жана жердешчилик факторунун коштолушу менен тереңдейт, бул Өкмөттүн Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоо боюнча күч-аракетинде терс чагылат.
Кыргыз коомчулугу үчүн дале болсо өз уруусу менен өзүн бирбиз деп эсептөө мүнөздүү жана туугандар ортосунда кызмат көрсөтүүлөр менен туруктуу алмашуулардын болуп турушу бийликти бөлүштүрүү жана адамдардын жана топтордун ортосундагы таасир көрсөтүү сыяктуу региондор аралык саясый процесстерге жана мамилелерге кыйла таасир көрсөтөт. Кыргыз жамаатынын социалдык өзөгү тарыхый жактан ар түрдүү субъекттерди жана байланыштарды, жүрүш-туруштун жалпы кабыл алынган тибинин жана түзүлүштөрдүн артында "жашырылган" чечимдерди кабыл алуунун формалдуу эмес механизмдерин камтыйт. Уруу-уруктук байланыштарга негизделген этнорегиондук тилектештик жана колдоо көрсөтүү мамилелери жергиликтүү бирдейликти жана лоялдуулукту түзүүгө жана колдоого абдан таасир көрсөтүп, республиканын бардык жашоочуларынын жалпы жарандык бирдейлиги жөнүндө сөз кылбасак да, кыргыздардын жалпы улуттук бирдейлиги экинчи планга жылдырат.
Өлкө саясый туруксуздукту жана экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан акыркы убакта этнорегиондук таламдардын ролу кыйла өстү. Жергиликтүү тууган уруктук жамааттар өздөрүн тар ойлуу кызыкчылыгында региондогу саясый жана экономикалык процесстерге активдүү таасир көрсөтүп, республикадагы башкаруунун бирдиктүү өзөгүн бузуу менен өкмөттүн каатчылыктан арылуу боюнча күч аракетин жокко чыгарууда. Өзгөчө алар кадр маселелерин чечүүдө жетектөөчү кызматтарга компетенттүү эмес болсо да, бирок өз уруусунан же регионунан өкүлдөрдү жылдыруу менен бийликке катуу таасир көрсөтүүдө. Ушуну менен алар акыр-аягында бүткүл элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгында эмес, башкаруу процессине анархиянын элементтерин киргизүүгө аракет кылышат.
Мына ошентип, жогоруда айтылгандар республикадагы улуттар аралык кырдаалдын татаалданышынын тенденциясы жөнүндө жана коомчулуктун турмушунда этнорегиончулук факторунун күч алгандыгын айгинелейт. Көп этностуу коом болуп саналган Кыргызстан үчүн улуттук биримдикти түзүү жана чыңдоо мамлекеттин туруктуулугун, коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн, анын социалдык-экономикалык жана саясый өнүгүүсүндөгү стратегиялык артыкчылыктарды ишке ашырууну камсыз кылуунун негизги шарттарынын бири болуп саналат.
Калктын билим алуу, адеп-ахлактык жана маданий дараметинин
начарлашы, коомдун турмушунда салттуу эмес диний агымдардын
таасирин күчөтүү, республиканын айрым региондорундагы курч
демографиялык кырдаал, тышкы жана ички миграцияны жөнгө салуу
маселелеринин чечилбегендиги
Кыргызстандын шартында адамдык фактор коомдук өнүгүүнүн башкы факторуна айланууда, аны жигердүү пайдалануу менен гана республика өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат.
Адамдык капитал өзүнө ишмердүүлүктүн ар түрдүү чөйрөлөрүндө жана керектөөчүлүк чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу калк тарабынан топтолгон дене күч жана адеп-ахлактык ден-соолуктун, жалпы маданий жана кесипкөй компетенттүүлүктүн, чыгармачылык, ишкерлик жана жарандык активдүүлүктүн запасын камтыйт.
Бул чөйрөдөгү коркунучтардын келип чыгуусунун негизги себептери болуп бар болгон финансы жана кадр ресурстарын натыйжалуу жетишсиз пайдалануу, билим берүү тепкичтеринин жана деңгээлдеринин ортосундагы ажырым, шаар менен айылдын ортосунда берилүүчү мектептик билимди алуу мүмкүнчүлүгүндөгү жана сапаттуулугундагы ажырым, кесиптик билим алуу уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү болуп саналган адистердин компетенттүүлүгүнүн жетишсиз деңгээли, педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги, билим берүү системасы үчүн анын азыркы абалында кыйла динамикалуу эмгек рыногунун талаптарына жетише албай жаткандыгы саналат.
Калктын социалдык-корголбогон катмарынын балдары үчүн билимдин жеткиликтүүлүк проблемасы акыркы жылдардагы коомдун өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемаларынын бири болуп калды. Республикада мектепти жана башка окуу жайларына барбаган балдардын белгилүү бир үлүшү сакталууда. Балдардын мектепке барбагандыгынын себептеринин бири болуп үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык жактан начар болгондугу саналат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматтары боюнча 2011-2012-окуу жылында бул себеп боюнча бүткүл республика боюнча 2 миңге жакын бала окуган эмес.
Айылдык китепканалардын, маданият үйлөрүнүн, музейлердин, музыкалык мектептердин жана башка мекемелердин тармактарын өзүнө камтыган маданий-агартуучулук база региондордун тургундарын маалымдоонун жана агартуучулук деңгээлин жогорулатуунун альтернативалуу булагы болуп саналат. Бир катар объективдүү себептерден улам калкты маданий тейлөө чөйрөсүндө айылдык маданий үйлөрдүн бүтүндөй системасы азырынча курула элек. 40%га жакын китепканалар капиталдык жана учурдагы оңдоого муктаж, алардын 20%ынын гана телефондору бар, заманбап маалыматтык коммуникациялык технологиялар колдонулбайт.
Азыркы учурда калктын маданий-агартуучулук жана интеллектуалдык потенциалынын төмөндөшүнүн айынан республикадагы диний кырдаал коомдун ишмердүүлүгүнүн айрым чөйрөлөрүнө чет өлкөлүк ислам жана христиан диндеринин салттуу эмес агымдарынын таасиринин күч алышы менен мүнөздөлөт. Бул жагдай сыйынуу үйлөрүнүн, мечиттердин, диний окуу жайларынын көп саны, калк арасында Мун чиркөөсү, Иисус Христос чиркөөсү сыяктуу сектанттык христиандык агымдардын, ошондой эле исламдын тынчтык мүнөзүн расмий үгүттөгөнү менен, иш жүзүндө анын түшүндүрмөлөрүн экстремисттик мүнөздө чечмелеген "Хизб ут-Тахрир", "Акрамия", "Салафия" жана "Ваххабизм" сыяктуулардын сүңгүп кириши жана таралуусу менен шартталган. Бул багытта Борбордук Азияда Европадан, Америкадан жана Перс булуңунун өлкөлөрүнөн эмиссарлар менен фонддор өз ишин жигердештирүүсү күтүлөт. Ушуга байланыштуу мамлекеттин миграциялык саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен алардын республикага келүүсүнө контролду күчөтүү керек.
Андыктан бүгүнкү күндө Кыргызстанда миграциялык процесстерди жөнгө салуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги маселелеринин бири болуп саналат. Ички чар-жайыт миграцияны жана республикадан сырткары калктын кетүүсүнүн негизги себептери болуп экономикалык реформаларды жүргүзүүдө мамлекеттин жаңылыштыгы саналат. Айылдагы кайра уюштуруулар жер үлүштөрүн, мүлктү пайдалануунун жана региондун экономикасын өнүктүрүүнүн, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун камсыз кыла алган жок. Өнөр жай ишканаларын реструктуралаштыруудагы жана менчиктештирүүдөгү кыянаттык менен пайдалануулар жана одоно бузуулар өндүрүштүн ылдый түшүүсүнө жана шаардык калктын арасында жумушсуздукка алып келди.
Ички миграциянын натыйжасында стратегиялык жактан маанилүү чек арага чектеш райондордун калкынын саны кыскарууда, ири шаарлардын агломерациясынын инфраструктурасына оорчулук өсүп жана республиканын региондорунун өнүгүүсүндө дисбаланс өсүүдө. Бул пландан алганда кыйла курч болуп чек арага чектеш райондордогу миграция, коңшу мамлекеттердин жарандарынын республиканын түштүк чек арасын бойлото "жылуучу" миграциясы курч көйгөй болууда.
Тышкы эмгектик миграция, эмгек рыногундагы кырдаалды басаңдатуучу жана чет өлкөдө иштеген жарандардан валютанын келип түшүүсүнүн кошумча булагынын түзүлүшү сыяктуу оң кесепеттеринен сырткары өлкө үчүн бир топ терс кесепеттери да бар. Бул калктын квалификациялуу жана кыйла жигердүү бөлүгүнүн чет өлкөгө кетиши, демографиялык кырдаалдын начарлашы, үй-бүлөлөрдүн ажырашуулары, төрөлүүнүн жана калктын өсүү темптеринин төмөндөшү менен билдирилет. Кыргызстанга көптөгөн мигранттар биротоло кайтып келбей калышы боюнча кооптонуулар бар, анткени жүргөн өлкөлөрдүн жарандыгын массалык кабыл алуу процесси жүрүп жатат. Түзүлгөн кырдаал адамдарды мыйзамсыз ташып чыгууну уюштуруу жана сатуу фактылары менен кошо алганда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирет.
Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын белгилүү, бир категориясынын келүүсү жана жүрүүсү менен байланышкан бир катар көйгөйлүү аспекттер бар, алардын саны республикада жогору темптер менен өсүүдө. Либералдуу миграциялык мыйзам жана иммиграциялык контролдуктун жеткилең эместиги республикага олуттуу экономикалык зыян алып келүүчү чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгектик жана ишкерлик иши үчүн шарттарды түзүүдө. Экинчи жагынан, бул жергиликтүү эмгек ресурстарынын сүрүлүп чыгуусуна жана республиканын экономикасында квалификациялуу эмес чет өлкөлүк жумушчу күчүнүн пайдалануу масштабдарынын кеңейүүсүнө алып келүүдө.
Мына ошентип, калктын тышкы жана ички орун которуштуруусу, чет өлкөлүк жумушчу күчүнүн контролдонбогон агымынын көйгөйлөрүн чечүүнү Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү элементтеринин бири катары кароо зарыл. Мамлекеттин миграциялык саясатын республиканын эл аралык жана региондук мамилелер системасында жайгашуу ордунун стратегиялык аспекттерин эске албастан жүзөгө ашыруу өлкөнүн коопсуздугуна орду толгус зыян алып келиши мүмкүн.
Республикада башкаруу системасынын жетишсиз натыйжалуулугу
Мамлекетти башкаруу системасы коомдун өнүгүүсүнүн жана анын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги аспабы болуп саналат. Бирок, эгерде ал өзүнүн курулушу жана иш ыкмасы боюнча бул милдетти архаикалуулугуна жана артта калгандыгынан улам аркалай албаса жана коррупциянын, уруучулдуктун жана компетенттүү эместиктин таасири астында деградация болсо, ал тескерисинче коом үчүн коркунучка айланат. Ушул себептерден улам республикада башкаруу системасы акыркы убакта жарандык согушка аз жерден алып келбеген эки жолку революцияга алып келди.
Акыркы жыйырма жылда жетишилген мамлекеттин башкаруучулук күч-аракеттеринин реалдуу натыйжалары - киши башына ИДП өндүрүшү (2011-жыл үчүн АКШнын 1300 доллары), калктын жашоо-турмушунун деңгээлинин төмөндүгү (2010-жылы калктын 33%дан ашыгы кедейлик чегинде жашаган), пенсионерлердин 76%ы пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алышкан - ушулардын бардыгы натыйжалуулуктун өтө начардыгы жөнүндө айтып турат. Эгемендүү өнүгүү жылдары Кыргызстандын экономикасы индустриалдык-агрардыктан майда товардык агрардык-кызмат көрсөтүүчү системага айланды.
Башкаруу чөйрөсүндө жагымсыз нерселердин индикатору болуп, ошондой эле жагымсыз социалдык-экономикалык шарттарга байланыштуу республиканын жарандарынын анын чектеринен сырткары массалык түрдө кетүүлөрү саналат. Бул мурдагы башкаруу системасы республиканы азыркы өнүгүүнүн алдыңкы чектерине чыгаруу боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен түгөткөндүгү жөнүндө айтып турат.
Мамлекеттик аппарат көз карандысыздык жылдары туруктуу өсүүдө, анын саны 2011-жылы 60 миң адамга жеткен, мамлекеттик бюджеттен ага чыгымдар 18,7 млрд. сомду түзгөн. Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжасыздыгынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын теңдеш эместигинин өнөкөттүүлүгү, анын туруктуу сакталган жогорку дефицити саналат.
Чиновниктердин эбегейсиз сандагы армиясы, мыйзамдардын, мыйзамга караштуу актылардын, нускамалардын көптүгү, алар тарабынан уруксат берүүчү ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалануу, укук коргоо жана сот органдарынын чабалдыгы - мунун бардыгы жыйындысында Кыргызстандын натыйжасыз башкаруу системасынын белгиси. Бул чет өлкөлүк да, ата мекендик да инвесторлорду чочутуучу жогорку административдик жана коррупциялык бөгөттөрдү түзөт.
Анын үстүнө мамлекеттик кызматчы сапаттуу эмгекке жүйөөсү жок, анын ишинин биротоло натыйжасы көп учурда чачыранды жана аныкталган эмес.
Өкмөттүн өз активдерин башкаруу боюнча саясаты пассивдүүлүк жана өнүгүүнүн натыйжалуу пландарынын жана аларды пайдаланууга контролдун жоктугу менен мүнөздөлөт. Мамлекеттик ишканалар өздөрүн өздөрү билгендиктен, алардын ишинен кирешелердин мамлекетке жеткире келип түшпөөсүнө алып келген.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, мамлекетти башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча чаралардын алкагында бул же тигил багытта тийиштүү концепцияларды реформалоону иштеп чыгууну карап чыгуу керек. Алсак, кийин аларды ишке ашыруу менен администрациялык-аймактык түзүм боюнча, укук коргоо жана сот системаларында жана башка чөйрөлөрдө мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу.
Азыркы учурда мамлекетти башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү үчүн конституциялык шарттар түзүлгөн, эгерде бул көйгөй жакынкы убакта чечилбесе, дүйнөдөгү жана региондогу катуу атаандаштык шартында башкаруучулук факторунун адекваттуу эместиги андан да чоң деңгээлде Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Экономиканын абалы жана республиканын энергия менен камсыз кылуу
системасынын чабалдыгы
Кыргызстандын экономикасы бир катар тышкы жана ички факторлордун ыңгайсыз таасири астында турат, бул экономикалык өсүүгө жана калктын көпчүлүгүнүн жашоо жыргалчылыгын жогорулатууга тоскоолдук кылат. Дүйнөлүк экономикадагы, ошондой эле негизги соода өнөктөрдө - Россиядагы жана Казакстандагы каатчылык көрүнүштөрү, азык-түлүк товарларына жана мунай продуктыларына дүйнөлүк баанын өсүшү, Бажы бирлигинин шарттарын колдонууга киргизүү тышкы факторлорго кирет. Ички рыноктун азык-түлүк товарларынын жана отундун импортунан көз карандылыгы, бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык чендер, азык-түлүк товарларына баалардын сезондуу өзгөрүүлөрүнөн улам инфляциялык секириктердин болуу мүмкүндүгү, электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү негизденген тариф саясатынын жоктугу ички факторлорго кирет.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде республиканын экономикасы 2000-жылдагы деңгээлге салыштырганда өтө начар натыйжаларды көрсөткөн. Өткөн акыркы он жылда Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өздөрүнүн ИДП көлөмүн 2 эседен жогору, ал эми Кыргызстан - 1,5 эсе көбөйткөн.
КМШда абал ушундай эле. Реалдуу сектор Кыргызстандын экономикалык системасынын өтө начар звеносу болуп калууда. Өнөр жай дагы, айыл чарбасы дагы республиканын экономикасында кеңейтилгеы кайра өндүрүү процессинин базасы жана тез экономикалык өсүүнүн негизи боло албады. Бул жерде кызмат көрсөтүү чөйрөсү басымдуулук кылат, анда кытай товарлары менен масштабдуу реэкспорттук тышкы соода операциялары башкы ролду ойнойт. Бирок дүйнөлүк каатчылыктын жана Кытайдын тышкы экономикалык жигердүүлүгүнүн төмөндөшүнүн көрүнүшүндө Кыргызстандын ушул транзиттик ролу биздин экономикабыз үчүн өзүнүн маанилүүлүгүн жоготушу мүмкүн.
Көз карандысыздык жылдарында өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу деле салым кошкон эмес - СССРднн ыдыроо алдында ал ИДП түзүмүндө - 46,2% (1990-ж.) болсо, ар кандай жылдарда 13-19% ээлеген. Өнөр жайдын бул олуттуу деле болбогон үлүшү канадалык компания тарабынан иштетилүүчү "Кумтөр" алтын кенинин аркасында дагы да болсо, сакталып турат.
Республиканын айыл чарбасы, мамлекет тарабынан белгилүү бир агылып кирүүлөргө жана тышкы кредиттик линияларга карабастан, узак убакыттын ичинде жөнөкөй кайра өндүрүү менен чектелип, динамикалуу өнүгүүнү көрсөтпөй жатат. Бул тармакта импорттук продукцияга атаандаштыкка жана учурдагы технологияларды жана жабдууну колдонууга жөндөмсүз болгон майда товардык өндүрүштүн жогорку деңгээли сакталууда. Ошондой эле айыл чарбасы менен кайра иштетүү өнөр жайынын ортосундагы байланышты тиешелүү деңгээлде жөнгө салууга жетишилген жок, бул жерде мамлекет жетектөөчү ролду ойноого тийиш. Айыл чарба продукциясын абдан тереңдетип кайра иштетүүнүн эсебинен Кыргызстан экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүү борборуна айланышы мүмкүн болмок. Бирок тиешелүү инфраструктуранын жоктугу бул маселени чечүүгө тоскоолдук кылууда.
Ушунун бардыгы ар кандай мафиялык түзүмдөргө мамлекеттик башкаруу, системасындагы коррупцияланышкан элементтер менен өз ара аракеттенүүдө фермерлерден продукцияны төмөндөтүлгөн баада алууга, андан кийин аны үч эсе жогору сатууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө дыйкандардын демин басуу менен аларды өзүнүн пайдасына кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Натыйжада ар кандай товарлар менен калктын керектөөлөрүн канааттандырууда ата мекендик өндүрүштүн ролу төмөндөөсүн улантып жатат, бул болсо республиканын экономикалык коопсуздугуна тикелей коркунуч жаратууда. Статистикалык маалыматтар боюнча республикалык өндүрүштүн керектөөчүлүк товарларынын үлүшү акыркы жылдары чекене товар жүгүртүү көлөмүндө 35-36% түзөт, ички рынокту контрабанданын эсебинен толтурууну эске алганда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн үлүшү андан да төмөн болушу мүмкүн. Тышкы соода шарттарынын тез өзгөргөн учурунда мындай кырдаал республиканын керектөө рыногунда, азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин жана масштабдуу социалдык катаклизмдерге алып келиши мүмкүн.
Негизги капиталга инвестициялардын азаюусу менен коштолгон өнөр жай өндүрүшүнүн ролунун кыйла кыскарышы республиканын кайра өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тарытып турат, натыйжада экономиканы кеңири эмес, жөнөкөй гана кайра өндүрүү мүмкүн болбой турат. Мына ушундай тенденция узак убакыттан бери байкалып турат. Кыргызстан бул көрсөткүч (негизги капиталга инвестициялар) боюнча КМШда акыркы орундарда турат - Армения гана бизден да начар абалда турат. Биздин экономиканын төмөнкү сактык жөндөмдүүлүгүндө экономикалык саясатта негизги басым чет өлкөлүк тикелей инвестицияларга, аларды өндүрүш чөйрөсүнө тартууга жасалышы керек. Чет өлкөлүк тикелей инвестицияларды тартууга коррупция эң жаман таасир тийгизет - чет өлкөлүк инвесторлор коррупционерлердин кысымы астында республиканын экономикасына өздөрүнүн каражаттарын салуу боюнча пландарынан баш тартууга аргасыз болушат. Акыркы эки жылда гана негизги капиталга чет өлкөлүк тикелей инвестициялар кыйла кыскарган: 2010-жылы 20,1%, 2011-жылы - 21,8%.
Ошентип, кыргыз экономикасынын учурдагы абалы өзүнүн кайра өндүрүү базасынын айкын туруксуздугун көрсөтүп турат, бул болсо азыркы шарттарда улуттук коопсуздуктун олуттуу коркунучу болуп саналат. Экономикадагы мындай кырдаал отун-энергетикалык комплекстеги татаал абал менен тереңдеп жатат. Постсоветтик мезгилде Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бул мезгил аралыгында көмүрдү, жаратылыш газын, отун мазутун керектөөнүн кыйла (бир нече эсеге) кыскаруулары жана теңдештирилбеген тариф саясатынан улам электр энергиясын керектөөнүн жогорулоосу келип чыккан, ал эми электр энергиясына тарифтер күйүүчү-майлоочу материалдарга, газга жана отун мазутуна болгон бааларга караганда өтө төмөн болуп калууда. 1990-жылы отун-энергетикалык баланста электр энергиясынын үлүшү 26%ды түзгөн, ал 2010-жылы 70%га өскөн.
Бул электр тармактарына жана бүтүндөй алганда электр энергетикасынын тармактарына оорчулуктун жогорулоосунун негизги себеби болгон. Электр энергетикасынын тармактарында жабдуулардын эскириши 60%га чейин жетет. Бөлүштүрүүчү компаниялардын өткөн кылымдын 60-70-жылдарында колдонууга киргизилген электр берүүнүн чубалгылары дээрлик жаңыртылган эмес. Мунун бардыгы жыл сайын көп сандаган авариялык өчүрүүлөргө алып келүүдө. Өчүрүүлөрдүн көпчүлүгү кыш мезгилине туура келет, анткени тармактардагы оорчулук жайкы мезгилден 3 эсеге жогорулайт. Кыш мезгилинде электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгү олуттуу түрдө төмөндөйт.
Республиканын электр менен жабдуусу Борбордук Азиянын Бириккен энерго системасынан жана Казакстан менен Өзбекстандын аймагы боюнча өтүүчү электр берүү чубалгыларынан көз каранды. Ал эми Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча электр берүүнүн жаңы системалуу чубалгылары 1991-жылдан бери мезгил аралыгында иш жүзүндө курулган эмес.
Органикалык энергия алып жүрүүчүлөр чөйрөсүндө абал андан да кооптуу. Кыргыз Республикасы газдын жана мазуттун, ошондой эле бөлүгү менен көмүрдүн жеткирүүлөрүнөн толук көз карандылыкта турат. Ошону менен монополиялык жеткирүүчүлөр бааларды үзгүлтүксүз жогорулатышат жана өзгөчө кыш мезгилинде жеткирүүлөрдүн ишенимдүүлүгүнө кепилдик беришпейт. Ал эми Кыргызстандын көмүр өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз түрдө пайдаланылат. Энергетикалык көз карандылык кыргыз экономикасынын "чабал жери" болуп бара жатат, эгер республиканын отун-энергетикалык балансын диверсификациялоо боюнча чечүүчү чаралар көрүлбөсө, бул чөйрөдөгү коркунучтар, аларды жүзөгө ашырууда республика үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Коомдун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө көмүскө экономиканын
жана коррупциянын масштабдарынын өсүшү
Учурда коррупция жана көмүскө экономика өлкө үчүн олуттуу көйгөй болуп калууда, республикада алардын масштабдары коопсуздукка, мамлекеттин саясый жана экономикалык негиздерине реалдуу коркунуч жаратуучу деңгээлге жетти. Мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун органдарында, укук коргоо жана фискалдык органдарда жана башка күч түзүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн өсүшүнүн байкалып жаткан тенденциялары социалдык-экономикалык программаларды натыйжалуу ишке ашырууга тоскоолдук кылат, коомчулуктун социалдык катмарларга бөлүнүшүн, социалдык жактан чыңалууну жогорулатат жана аны менен бирге мамлекеттик бийликтин институттарына калктын болгон ишенимин кетирет. Акыркы жылдары республика дүйнөнүн эң коррупцияланган өлкөлөрүнүн тизмесинен бекем орун алган.
Адистердин ар кандай баа берүүсү боюнча коррупциянын жана көмүскө экономиканын көлөмү ИДПнын 40тан 60%га чейин жеткен жогорку деңгээли бүгүнкү күндө атаандаштык үчүн тең эмес шарттарды түзүү менен мыйзамдуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн олуттуу тоскоолдук болуп калууда. Мындан тышкары, бул терс көрүнүштөр мыйзамдуу секторлорго жанаша болуу менен салык салуу базасын төмөндөтүү, өлкөнүн бюджеттик чөйрөсүн туруксуздаштырууга өбөлгө түзүп, анын көмүскөгө кетүүсүнө түрткү берет. Масштабдуу коррупциянын жана көмүскө экономиканын өсүшү экономиканын ар кандай секторлорун өнүктүрүүдө теңдемдин бузулушун шарттайт.
Ошону менен бирге коррупцияланган көрүнүштөр бийликтин бардык бутактарынын жана органдарынын арасында орун алган, көмүскө экономиканын чоң үлүшүнүн, социалдык чыңалуунун жогорку деңгээлинин сакталышынын себептери болууда, ошондой эле республиканын улуттук кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна карабастан, бир катар ички жана тышкы кызыкчылыктарга жасакерленип, кызмат адамдары тарабынан саясый, уюштуруучулук-башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшөт. Көптөгөн бюджет түзүүчү ишканалардын жасалма кудуретсиздиги (банкроттук) өңдүү, бүтүндөй өнөр жай өндүрүшүнүн стагнациясы дагы системалуу коррупция менен байланышкан.
Коррупциялык көрүнүштөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына, ошондой эле укук коргоо жана фискалдык системасына иштиктүү чөйрөлөрдүн, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун ишенимин кыйла төмөндөтөт, аны менен бирге бизнести көмүскөгө кетирип, республиканын инвестициялык кызыкчылык жаратуусун төмөндөтөт.
Укук коргоо системасындагы коррупциялык көрүнүштөр уюшкан кылмыштуу топтордун жана баңги мафияларынын мыйзамсыз иши контрабанданын өсүп-өнүгүшү жана чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык диний-экстремисттик, террордук жана сепаратисттик уюмдардын иши үчүн шарттарды түзүүдө. Ошону менен бирге, алардын өкүлдөрү укук коргоо системасындагы коррупциялык байланыштарды пайдалануу менен чек ара аркылуу курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды, финансылык каражаттарды, үгүттөөчү экстремисттик адабияттарды жана рекруттарды алып өтүү, ошондой эле жоопкерчиликтен кетүү үчүн мүмкүнчүлүк алышат.
Төмөнкүлөр коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги көйгөйлөрү болуп саналат: биринчиден, жогорку кесипкөй адистердин жетишсиздиги, экинчиден, коррупцияны татаал социалдык көрүнүш катары түшүнүүгө системалуу мамиленин жоктугу, үчүнчүдөн, укук коргоо органдарынын жана бүтүндөй коомчулуктун күч-аракеттерин баш коштуруунун алсыздыгы.
Бүтүндөй алганда Кыргызстандагы коррупция мамлекеттик башкаруу системасынын түзүүчү бөлүгүнүн бири болуп калды. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мамлекет тарабынан системалуу чаралар жана саясый эрк, ошондой эле бийликтин, бизнестин жана коомчулуктун макулдашылган аракеттери зарыл. Учурда республиканын жетекчилиги тарабынан биздин жашообуздан бул көрүнүштү түп тамырынан жок кылуу жана экономиканын эркин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча чечүүчү чаралар көрүлүүдө.
Кылмыштуулук, баңгилик, аракечтик жана жумушсуздук
Кыргыз Республикасынын кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктары коом менен мамлекеттин күч-аракеттерин баш коштурууну, бул укукка каршы көрүнүштөрдүн экономикалык жана социалдык-саясый негиздерин дароо чектөө, кылмыштуу кол салуулардан инсандарды, коомду жана мамлекетти коргоону камсыз кылуу үчүн кылмыштуулуктун жана тартип бузуунун алдын алуунун натыйжалуулугу үчүн укуктук, атайын жана башка мүнөздөгү комплекстүү системаны иштеп чыгууну талап кылат.
Коомчулуктун жана мамлекеттин күч-аракеттери таасирдүү алдын алуу чараларынын системасын түзүүгө жана мыйзамга баш ийген жарандарды тарбиялоого багытталууга тийиш.
Уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, терроризмге жана бандитизмге каршы күрөш тартип бузуучу аракеттердин алдын алууга жана болтурбоого, кандай болбосун кылмыш үчүн жоопкерчиликтин болбой койбостугуна жана ар бир адамдын укуктарын коргоого, улутуна, жарандыгына, дин тутуусуна, көз карашына жана ынанымдарын карабастан алардын жеке коопсуздугуна багытталууга тийиш. Аны учурдагы жазык саясатынын реалдуу мүнөздөмөлөрүнө, максаттарына жана милдеттерине ылайык келген бекем мыйзамдык негизде ишке ашырган учурда гана ал натыйжалуу болушу мүмкүн.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуу өз ара толуктап туруучу жана башка ченемдик укуктук актыларды, жазык, жазык-процесстик, жазык-аткаруучу, администрациялык, жарандык, эл аралык жана укуктун башка тармактарына кирген айрым ченемдерди камтыйт.
Бүгүнкү күндө бийликтин жана башкаруунун айрым өкүлдөрү менен криминалдын биригип кетүүсү башкы коркунуч болуп саналат. Учурда кылмыштуулукка каршы жарыяланган согуш уюшкан кылмыштуу топтун айрым өкүлдөрүнө гана тийип өткөн. Ал коомдун жашоо турмушунун бардык чөйрөсүндө өз таасирин тийгизүүнү улантып жатат жана мектептеги билим берүү системасына да сүңгүп кирген, анда криминалдык жүрүш-туруштун түшүнүктөрү жана стереотиптери көптөгөн окуучулар үчүн ченем болуп калууда. Акыркы жылдары өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу 12,4%га өскөн, бул мектеп рэкетинин жана бүтүндөй өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун орун алган көйгөйлөрүнүн татаалдыгын тастыктап турат.
Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукка жүргүзүлгөн талдоо өспүрүмдөрдүн криминалдашуусунун деңгээлине көптөгөн факторлор, анын ичинде мыйзамдуу жөнгө салуунун боштуктары, укук колдонуучулук практиканын жетишилбегендиги, коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык процесстер таасир тийгизе тургандыгын күбөлөндүрүп турат. Укуктук нигилизм, жетишсиз тарбия берүү жана алдын алуу иштери, үй-бүлөдөгү жагымсыз кырдаал, окууга болгон төмөн умтулуусу, ата-энеси жана курдаштары менен чыр-чатактар, ошондой эле массалык батыш маданиятынын өтө начар үлгүлөрүн жайылтуу, Кыргызстан элинин салттарына жана менталитетине өөн учураган зордук культу тартип бузуунун азыктандыруучу чөйрөсү болуп саналат.
Мамлекеттик бийликтин бардык органдарынын, аткаруу бийлигинин түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана коомдук бирикмелердин аракеттерин координациялоо зарыл. Өспүрүмдөр чөйрөсүндө мектеп рэкети, зордук жана укуктук нигилизм сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алууну жашы жете электердин кызыкчылыктарын жана психологиясын эске алуу менен билим берүү системасынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, учурга ылайык жаңы деңгээлде ишке ашыруу керек.
Акыркы жылдары жалпы кылмыштуулук менен катар баңгилик жана аракечтик коомдо көп таралууда, алар өсүүнүн туруктуу тенденциясына ээ болуп, акыркы жыйырма жыл ичинде баңгиликке көз каранды адамдардын саны дээрлик 8 эсеге өскөн. Медицина кызматынын маалыматтары боюнча наркологиялык каттоодо 11 миңге жакын адам турат, алкоголь ичимдигине көз каранды адамдардын саны 41 миң адамга жеткен. Булар наркология диспансерлеринде каттоодо турган гана адамдар, иш жүзүндө эксперттердин жана эл аралык уюмдардын баа берүүсү боюнча алардын саны эң аз дегенде он эсеге көп. Социалдык жактан деградацияланган жарандардын бул саны коомдогу тартипке жана туруктуулукка олуттуу коркунуч келтирет, анткени алар тарабынан жалпы жазык кылмыштары жасалат жана алар ар кандай бузуку күчтөрдүн таасирине оңой эле туш болушат.
Республикада жогорку жумушсуздук жана эмгек ресурстарынын төмөн атаандаштыкка жөндөмдүүлүк менен артыкбаш эмгек күчтөрү байкалат, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кытайдын жарандарынын контролго алынбаган иммиграциясы белгилүү бир социалдык чыңалууну жана түпкүлүктүү элдин арасында улутчулдук маанайдын өсүшүн жаратышы мүмкүн. Статистикалык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча 2011-жылы Кыргызстандагы жумушсуздардын саны 212 миңден ашык адамды түзгөн. Өздүк эмгекке жөндөмдүү калктын табигый өсүшүнүн жана көрсөтүлгөн өлкөлөрдөн чет мамлекеттик жумушчу күчтүн агылып келүүсүнүн эсебинен Кыргызстандын эмгек рыногуна жалпы басым жакынкы мезгилде 200-250 миң адамга чейин жогорулашы мүмкүн. Республиканын экономикасы жаңы эмгек ресурстарынын мындай санын өзүнө камтууга жөндөмсүз, бул жергиликтүү калк менен чет өлкөлүктөрдүн жумуш орунга болгон жогору атаандаштыгын жаратышы мүмкүн. Бул белгилүү бир жагдайларда коомчулук тарабынан өкмөткө чет өлкөлүк жумушчу күчтүн республикага кирүүсүн чектөө талаптарын коюуга алып келет.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жетиштүү
өнүкпөгөндүгү жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин начар корголушу
Технологиялык прогресс жана маалыматтык-коммуникативдик технологияларды (МКТ) өнүктүрүү кыргыз коомунун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктардын жана жарандардын өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу процесстеринде, илимий изилдөөлөрдө жана инновациялык ишмердүүлүктө, билим берүүдө, социалдык жактан камсыз кылууда жана медициналык тейлөөдө, продуктылар жана кызмат көрсөтүүлөр менен сооданы камсыз кылуу, бош убакта аларды тездик менен пайдаланууда аныктоочулардан болуп калган.
Ушундан улам МКТны пайдалануу социалдык, технологиялык жана укуктук чөйрөлөрдө, колдонулуп жаткан жол-жоболордо жана механизмдерде өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Сөз эркиндигин жана өзүн көрсөтүүнү өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн МКТларды пайдалануу менен жайылтууга тыюу салынган маалымат жана укукка каршы жасалган аракеттер түрүндө МКТлар мамлекетке жана жарандык коомго жаңы чакырыктарды жаратат. Цензурага каршы мыйзам жана практикалык чараларды күчөтүүнү маалыматтык чөйрөдө укукка каршы көрүнүштөргө натыйжалуу каршы турууну камсыз кылуучу укуктук ченемдерди жана механизмдерди түзүү менен коштоо зарыл.
Интернет тармагын пайдалануунун жогорулашын көңүлгө алуу менен байланыш тармагы жаатындагы чаралардын кеңири диапазонун жана алардын маалыматтык коопсуздугун, кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү талап кылуучу маалыматтык инфраструктураны коргоо маселеси өзгөчө курч турат. Оперативдүү жооп берүү жана укукка каршы аракеттерге натыйжалуу каршы туруу компьютердик инциденттерге жооп кайтаруу борборлорунун тармактарын өнүктүрүүнү жана алардын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттерин уюштурууну талап кылат.
Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө орун алган потенциалдуу коркунучтар XXI кылымдын өтө олуттуу чакырыктарынын катарына кирет. Булактардын кеңири чөйрөсүндөгү бул коркунучтар жеке адамдарга, бизнеске, мамлекеттик органдарга жана да өкмөткө каршы багытталган бузуку аракеттерде көрүнөт. Алардын кесепеттери бир бүтүн катары эл аралык коомчулуктун бири-бири менен глобалдуу байланышкан коомдун коопсуздугу, мамлекеттердин коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн олуттуу тобокелдикти алып жүрөт.
Кыргызстанда сертификатталбаган (көп учурда контрафакттык) телекоммуникациялык жабдууну, оргтехниканы, байланыш каражаттарын, программалык камсыз кылууну, маалыматты көчүрүүнүн, ошондой эле аны коргоонун атайын техникалык каражаттарын алып келүү, өндүрүү жана сатуу начар контролдонот.
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, аны чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бийлик жана башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча бирдей мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу маселелерине жетиштүү түрдө көңүл бурулбай жатат. Маалымат чөйрөсүн коргоого багытталган иш-чаралар финансы ресурстары менен жетиштүү түрдө камсыз болгон эмес.
Жогоруда аталган себептердин кесепетинен Кыргыз Республикасында төмөнкү багыттар боюнча өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтун күч алуусу байкалууда:
- чектеш мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын маалыматтык мейкиндигинде басымдуулук кылуусуна умтулуусу (чектелген жеткиликтүүлүк менен маалыматка жетишүүнү кошо алганда) жана анын натыйжасы катары аны ички рыноктон сүрүп чыгуу;
- маанилүү улуттук маалыматтык инфраструктураны камсыз кылуу үчүн чет өлкөлүк техниканы сатып алуудан Кыргыз Республикасынын көз карандылыгын күчөтүүчү, алдыңкы дүйнөлүк державалардан технологиялык ажырымдын көбөйүүсү;
- башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык экстремисттик, террордук жана башка кылмыштуу уюмдардын, коомго каршы уюмдардын жана топтордун Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүндөгү иши, алардын маалыматтык куралга ээлик кылуу жана аны колдонууга кызыкчылыгы.
Экосистеманын деградациясы, жаратылыш ресурстарынын начарлашы жана
аларды сарамжалсыз пайдалануу, табигый жана техногендик мүнөздөгү
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жооп кайтаруунун иштеп
жаткан системасынын жетишсиз натыйжалуулугу
Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүүсү көп учурда бүткүл дүйнөлүк коомчулук туш болгон глобалдуу чакырыктарга болгон жооп кайтаруудан көз каранды болууда. Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери түздөн-түз коркунуч келтирүү деңгээлине чейин жогорулаган жана Кыргызстан өңдүү тоолуу өлкөлөр тобокелдик тизмесине биринчилерден болуп кирген.
Климаттын өзгөрүүсү убагынан эрте каза болуунун жана адамдардын эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн жоготуусунун кошумча себептери болуу менен калктын ден соолугуна терс таасир тийгизет, бул калктын турмуш деңгээлине жагымсыз таасир берет.
Экологиялык терең өзгөрүүлөрдүн натыйжасында эски коркунучтуу жугуштуу оорулардын кайра пайда болуусу жана жаңыларынын таралышы жыйырма биринчи кылымдын чакырыктарынын бири болуп саналат. Акыркы убакта алардын ичинен эң олуттуусу - бул күндүн глобалдуу жылуу тартышы, ал ар кандай жугуштуу оорулардын жогорулашын пайда кылышы мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдардын, ошондой эле жер көчкү, селдер жана суу ташкындары, көр көчкүлөр, суу каптоо, бийик тоолуу көлдөрдүн жарып чыгуулары жана башкалар өңдүү климаттын өзгөрүүсү менен түздөн-түз байланыштуу болгон көрүнүштөрдүн тез-тез болуу тенденциясы өлкөнүн экономикасына эң чоң зыян келтирүү менен көбөйүүдө.
Өзүнүн табигый кырсыктардан начар корголгондугунун, Борбордук Азия регионунун негизги суу артерияларына, калктуу конуштарга жана мамлекеттик чек араларга жакындыгынын кесепетинен калдык сакталган жайлар олуттуу коркунуч туудурат.
Чектелген жаратылыш ресурстарын, биринчи кезекте, калктын санынын өсүшү, жалпы керектөөнүн көбөйүүсү менен айкалышууда сууну сарамжалсыз пайдалануу айыл чарбасынын жана бүтүндөй алганда экономиканын өндүрүмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келет, коомдогу миграцияга жана чыр-чатактуу жагдайларга өбөлгө түзөт, бул акырында мамлекетти алсыздандырат. Республикада 660 миңге жакын адам өз муктаждыктары үчүн сууну сугат каналдарынан жана сууларынан пайдаланууну улантып жатышат, бул санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды курчутууда. Азыркы учурда суу өткөргүчтөрүнүн 20% санитардык ченемдердин талаптарына жооп бербейт, санитардык коргоонун жетиштүү зоналарына, суу тазалоо курулмаларынын комплекстерине, зыянсыздандыруучу орнотмолоруна ээ эмес. Бишкек шаарынын айланасында жаңы конуштардын тез көбөйүүсүнөн жана суу өткөргүчтөрүнүн жай курулушунан улам, алардын калкынын белгилүү бир бөлүгүнүн таза сууга жеткиликтүүлүгү жок.
Республиканын айыл жеринде жашаган калкынын 60%дан көбү жашоо каражаттарынын булагы катары жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түздөн-түз көз каранды, бул аларга катуу таасир тийгизет. Негизги жаратылыш ресурс - өлкөнүн аймагынын 40% жана айыл чарбасы багытындагы жерлердин 85% түзгөн тоо жайыттары. Ошондуктан жайыттарды сарамжалсыз пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу керек, ал өзүнчө региондор жана бүтүндөй өлкө үчүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен байланыштуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
Эрозия, селдер жана жер көчкүлөр өңдүү жагымсыз жаратылыш көрүнүштөрүнө карата жер ресурстарынын аялуулугун жогорулатуучу токой кыюулар көбүрөөк тынчсызданууну жаратат.
Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жооп кайтаруунун, алдын алуунун жана жоюунун жетишерлик натыйжалуу механизмдеринде табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын санынын жана масштабдарынын өсүшү Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирет.
Талдоо көрсөткөндөй, өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын саны төмөндөбөй, тескерисинче, өсүү тенденциясын көрсөтүүдө, анда негизинен сел агымдары, катуу шамалдар, кар көчкүлөр, ылай суулардын каптоосу менен чоң зыян келтирилет, транспорттук кырсыктар, өрттөр болуп, уулуу жана радиоактивдүү калдык сактагычтардан кооптуулук бар.
Акыркы маалыматтар боюнча республика боюнча бардыгы 5000 жер көчкү, 3103 сел жүрүү суулары, кар көчкүнүн 30 миңден ашык очоктору эсептелген, алардын миңге жакыны, кооптуулуктун ар кандай категорияларындагы 330 жарып чыгуу коркунучундагы көлдөр, тоо-кен өндүрүшүнүн уулуу жана радиоактивдүү калдыктары бар 92 объект коркунуч жаратат. Мунун бардыгы транс чек аралык кыйроолордун, анын ичинде, миллиондогон адамдар жашап жаткан Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагы кирген радиациялык-кооптуу экологиялык зонанын келип чыгышынын жогорку тобокелдигин көрсөтүп турат.
4. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу системасы
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы - бул өлкөдө атайын түзүлгөн жана укуктук ченемдердин жана принциптердин, мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарынын, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылуучу каражаттардын, ыкмалардын жана багыттардын конституцияланган жыйындысы.
Инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч келтирүүчү коркунучтарына ылайык келген коопсуздуктун кепилдиктери, экономикалык, саясый, уюштуруучулук, идеологиялык тартиптеги чаралар системасы чөйрөсүндө бирдей мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен коопсуздукту камсыз кылууга жетишүүгө болот.
Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу системасы төмөнкү принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын балансын сактоо;
- зарыл болгон жетиштүүлүк;
- транспаренттүүлүк;
- улуттук системаны коопсуздуктун эл аралык системалары менен интеграциялоо;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара жоопкерчилиги.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу укук талаасынан тышкары болушу мүмкүн эмес, Конституциянын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, республиканын мыйзамдарын жана башка мыйзам актыларын бузууга алып келбөөгө тийиш. Ошондуктан бул чөйрөдө аракеттерди мыйзамдуу камсыз кылуу процесси үзгүлтүксүз жана келип чыгуучу чакырыктарга жана коркунучтарга ылайык келүүгө тийиш. Коопсуздук системасынын мыйзамдары да, уюштуруучулук түзүмү да өзүнчө адамдыкындай эле мамлекеттин да кызыкчылыктарын бирдей коргоого тийиш, аны менен бирге бүтүндөй коомчулуктун кызыкчылыктары кемсинтилбеши керек. Системанын бир тараптуулугу, анын коопсуздуктун бир субъектинин кызыкчылыктарын коргоого артыкчылыктуу багытталгандыгы анын өз убагында болбогон реакциясынын башкаларда, кесепеттери бүтүндөй өлкө үчүн кыйратуучу болгон коркунучтардын жаралышына алып келиши мүмкүн. Ошону менен мамлекет, коом жана жарандар тарабынан коопсуздукту колдоп туруу үчүн өз ара жоопкерчилик принцибин бекем кармануу зарыл. Эгер булардын бири гана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өзүнүн милдеттерине назар салбаса, же андан да жаманы болсо, өзүнүн аракеттери менен башка субъекттердин коопсуздугуна зыян келтирсе, анда акыр аягы бардыгы жапа чегет.
Албетте, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын толук түрдө коргоо үчүн, тышкы жана ички коркунучтарды натыйжалуу чагылдыруу үчүн зарыл болгон жетиштүү күчтөрдү жана каражаттарды камтууга тийиш. Бул максаттар үчүн бөлүнүүчү ресурстардын көлөмү экономиканын айкын мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталууга тийиш.
Кыргызстандын шарттарында бүтүндөй коомго гана таянуу коркунучтарга жана чакырыктарга каршы натыйжалуу аракеттенүүнү камсыз кыла алат, ошондуктан бул чөйрөдө жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө калктын жана жарандык сектордун максималдуу маалымдалышы, коопсуздуктун көйгөйлөрүн чагылдыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын кеңири тартуу, башкача айтканда транспаренттүүлүк коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптеринин бири болуп саналат.
Өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуунун эл аралык факторлорунун жигердүүлүгү дүйнөлүк алдыңкы державаларды жана эл аралык уюмдарды тартуу менен региондо туруктуулуктун жана кызматташтыктын бир нече алкактарын түзүү региондо мамлекеттер аралык мамилелердеги кыйын кырдаалда республика үчүн маанилүү принцип болуп саналат. Бул жерде региондо коопсуздуктун эл аралык түзүмдөрүнүн тармагына жеке системаны чектелүү менен киргизүү башкы максат болот, аларды түзүүгө республика өзүнүн коопсуздуктун улуттук институттары аркылуу максималдуу күч-аракеттерин жумшашы керек.
Улуттук коопсуздукту ченемдик укуктук жөнгө салуу бул чөйрөдө мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Тышкы жана ички коркунучтар комплексинде өзгөрүүлөрдү пайда кылуучу жаңы шарттарга жана факторлорго ылайык, өлкөнүн коопсуздугун мыйзамдык жактан камсыз кылуунун бүткүл системасын өркүндөтүү, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого кепилдик берүүчү жаңы эл аралык келишимдерди түзүү зарыл.
Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздуктун ар кандай чөйрөлөрүндө укуктук мамилени жөнгө салуучу мыйзамдар кабыл алынган жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. Барынан мурда алар, улуттук коопсуздукту камсыз кылуучу органдарды түзүүнүн жана финансылоонун тартибин жөнгө салуучу, учурдагы шарттарда атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын ишин регламенттеген мыйзамдар, ошондой эле терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү, мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамдар болгон.
Бирок улуттук коопсуздукту камсыз кылуу - бул атайын кызматтардын иши, өлкөнү коргоо же тышкы саясый кызыкчылыктарды камсыз кылуу эмес, ал илимий-техникалык, экономикалык, саясый, адептик-этикалык жана башка күч каралбаган аспектилер, ушул аталган багыттарда дагы мыйзамды өркүндөтүү зарыл.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарын чыңдоо жана анын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Бирок анын башка ченемдик укуктук актылар менен тыгыз байланышта колдонулушу андан да жогору болушу мүмкүн.
Ошондуктан улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү бул жааттагы укуктук мамилелердин бүткүл спектрин жөнгө салууга мүмкүндүк берүүчү бирдей бүтүн системаны түзүү багытында ишке ашырылууга тийиш.
Муну менен бирге төмөнкүлөр улуттук коопсуздук жаатында мыйзамды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары болуп саналат:
- этностор аралык жана региондор аралык жагдайды жакшыртуу чөйрөсүндө: этностор аралык араздашууну тутандырганы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, Кыргызстан элинин улуттук биримдигин түзүү жана бекемдөө;
- мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө: мамлекеттик чек аранын айрым участкаларын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин аягына чыгаруу;
- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө: маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча натыйжалуу мамлекеттик механизмдерди түзүү, ошондой эле бул ишке жарандык коомдун катышуусу;
- миграция чөйрөсүндө: чек аралык райондордун калкынын кыскаруу процессин жана республиканын региондорун өнүктүрүүдө дисбаланстын алдын алуу, ошондой эле калктын квалификациялуу жана эмгекке жөндөмдүү бөлүгүнүн чет жактарга кетүүлөрүндө, демографиялык жагдайдын начарлашында, төрөлүүнүн жана калктын өсүү арымынын төмөндөшүндө чагылдырылган тышкы миграцияны кыскартуу.
Бул Концепцияда тышкы жана ички коркунучтардын алдын алуунун жана жоюунун негизги багыттары жалпыланган түрдө чагылдырылган, алар мындан ары тышкы жана ички саясаттын практикалык чараларынын комплекси түрүндө жүзөгө ашырылат:
эл аралык мамилелер чөйрөсүндө:
- Борбордук Азияда коопсуздуктун көйгөйлөрү боюнча эл аралык конференцияны Бишкек шаарында өткөрүү демилгеси;
- зарыл болгон эл аралык базаны жана эл аралык терроризмге, экстремизмге жана баңги бизнеске каршы күрөшүү жаатында эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк коомчулуктун мамлекеттери менен кызматташтыкты түзүү;
- көз карандысыз тышкы саясатты сактоодо региондук жана глобалдык коопсуздук системасына Кыргызстандын улуттук коопсуздугун интеграциялоо;
- өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу ишинде региондук жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө;
- Фергана өрөөнүндөгү демографиялык жагдай жөнүндө маселени эл аралык деңгээлде кароо демилгеси;
чек ара чөйрөсүндө жана калктын миграциясында:
- мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, чек аралык мейкиндикте тынчтыкты жана бакубаттыкты жана коңшулаш мамлекеттер менен жылуу коңшулаш мамилелерди колдоп туруу;
- чек аралык аймактарды ар тараптуу өнүктүрүүнүн адистештирилген мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- иммиграциялык, чек аралык, бажылык жана санитардык контроль системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
- коңшу мамлекеттер менен чек аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жана бул аймактарда зарыл болгон учурларда түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүү менен улуттук кызыкчылыктарды коргоого багытталган мамлекеттик чек аранын оптималдуу режимин орнотуу;
- жер үлүштөрүнө жана кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрүнө мыйзамсыз ээлик кылган чет өлкөлүк жарандарды аныктоо максатында мамлекеттик чек араны бойлото кеткен жеке жер участкаларына текшерүү жүргүзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын менчигине кайтарып берүү;
- республикага чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясына, тиешелүү уруксаты жок жүргүзүп жаткан алардын ишкердик жана эмгек ишине каршы күрөшүүгө багытталган миграциялык мыйзамдарды жана иммиграциялык контролдун институтун жана эмгектин ички рыногун коргоону өркүндөтүү;
- аткаруу бийлигинин органдарынын ортосунда функцияларды ажыратуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелеринде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу;
аскердик чөйрөдө:
- учурдагы шарттарга ылайык келген жаңы Аскердик доктринаны иштеп чыгуу;
- Кыргызстандын коргоо потенциалын коргоонун жетиштүүлүгүн камсыз кылуучу деңгээлде күтүү;
- аскердик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө, жарандык жана аймактык коргоого катышууга өлкөнүн аймактарынын, мамлекеттик органдарынын, уюмдарынын, калкынын ар тараптуу мобилизациялык даярдыгын күчөтүү;
- аскер жаатында ишенимдин чараларын кеңейтүү жана бекемдөө, куралданууга контролду ишке ашырууга катышуу;
- эл аралык аскердик-саясый уюмдар жана мамлекеттер менен тең укуктуу өнөктөш мамилелерди орнотуу жана өнүктүрүү;
- чектеш мамлекеттер менен аскердик кызматташтыкты кеңейтүү;
- бирдей мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, аскердик реформаны натыйжалуу жүргүзүүнүн негизинде, тоолуу аймактарда күжүрмөн аракеттерди жүргүзүү шарттарына жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген куралдуу коргонуу системасын түзүү;
социалдык-экономикалык чөйрөдө:
- экономиканы турукташтыруу жана көтөрүү максатында рыноктук мамилелер системасын өркүндөтүү, мамлекеттин жөнгө салуучу функцияларын андан ары азайтуу;
- көмүскө экономиканы жана контрабанданы азайтуу шарттары катары экономикада ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;
- өлкөнүн, өзгөчө региондорунда экономиканы мобилизациялык жактан даярдоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарында материалдык каражаттардын запастарын түзүү;
- өзгөчө экспортко багыт алган жерлерде алдыга озуп чыгуучу кайра иштетүү тармактарынын өнүгүүсүн өнөр жайдын токтоп турган өндүрүштөрүн реанимациялоонун эсебинен жигердүү өнөр жай саясаты, дүйнөлүк рынокто ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- азык-түлүк коопсуздугу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- жумушсуздукту төмөндөтүү, экономиканын индустриялык секторлорунда жогорку жумуштуулукту камсыз кылуу;
- калктын жашоо деңгээли боюнча коомдун социалдык дифференциациясын жеңилдетүү;
- пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу;
- республиканын транспорттук көз карандысыздыкка жана бүтүндөй жыл ичинде региондор арасында үзгүлтүксүз транспорттук байланышка, ошондой эле республиканын транспорттук системасын анын чек араларын бойлото айландырууга жетишүү;
- региондорду өнүктүрүүдө тең салмактуулукту камсыз кылуу, чек аралык аймактардын социалдык-экономикалык өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- улуттук валютанын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүн колдоп туруу, республиканын банктык жана төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
- валюталык, кредиттик жана экспорттук-импорттук операцияларды контролдоо системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик карыздын деңгээлине натыйжалуу контролду камсыз кылуу, карызды эсептен алып салуу же болбосо реструктуризациялоо маселелери боюнча эл аралык деңгээлде сүйлөшүү процессин жигердүү жүргүзүү;
- тикелей чет өлкөлүк инвестициялар үчүн айкын кызыктыраарлык инвестициялык климатты түзүү;
суу-энергетика чөйрөсүндө:
- натыйжалуу тариф саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, республиканын отун-энергетикалык балансын өркүндөтүү;
- гидроэнергетиканы андан ары өнүктүрүү;
- сапаттуу жаңылоо жана негизги жабдууну толук алмаштыруу менен Бишкек шаардык ЖЭБ реконструкциялоо;
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу аяктагандан кийин көмүрдүн экспорту үчүн шарттарды түзүү;
- көмүр кендеринин базасында генерациялоочу кубаттуулуктардын курулушу;
- энергияны транспорттоо боюнча инфраструктуранын курулушу жана аны реконструкциялоо;
- энергия үнөмдөө жана көмүр суутектерин тышкы жеткирүүдөн көз карандылыгын төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү;
- суу-энергетика ресурстарын тескөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- электр энергиясынын коммерциялык жана техникалык жоготууларын кыскартуу максатында райондук бөлүштүрүүчү компаниялардын объекттеринин менеджментин өркүндөтүү, ошондой эле электр жабдуулардын модернизациясын камсыз кылуу;
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн ички суу сактагычтарын түзүү;
- энергиянын кайра иштелип чыккан булактарын пайдалануунун технологияларын өнүктүрүү (чакан ГЭСтер, шамал энергия орнотмолор, күн батареялары, термалдуу суулар ж.б.);
мамлекеттик жана коомдук өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- республикада парламентаризмди андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, айрым функцияларды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү менен мамлекеттик бийликти борбордон ажыратуу;
- сот бийлигин жана мыйзамдуулукту өнүктүрүү жолу менен адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун улуттук системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик кадр саясатынын системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү, мамлекеттик кызматчылардын квалификациялык потенциалын түзүү;
- ЖОЖдордун санын акылга сыярлык чектерге чейин азайтуу жана адистерди даярдоо сапатын жогорулатуу;
- техникалык адистиктин кадрларын даярдоо багытында билим берүү системасын кайра уюштуруу;
- ишке орноштуруу жана жаштардын кесиптик жактан өзүн ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- туруктуу саясый системанын жана туруктуу өнүктүрүүнүн негизи катары көп партиялуулукту жана өнүккөн жарандык коомду бекемдөө;
- өлкөнүн илимий, билим берүү жана маданий потенциалын өнүктүрүү;
- социалдык жактан коргоо механизминин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калктын мүлктүк дифференциациясын жоюу;
- адамдардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын ден соолугун коргоо үнүн квалификациялык медициналык-санитардык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу;
коомдук жана мамлекеттик коопсуздук чөйрөсүндө:
- республиканын бардык жашоочуларынын жарандык жалпылыгынын сезимдерине негизденген коомдук идеологияны культивациялоо, курагына, жынысына, улутуна жана дин тутуусуна көз карандысыз коомчулуктун бардык мүчөлөрүндө мекенчилдикти, интернационализмди жана толеранттуулукту тарбиялоо;
- саясый экстремизмдин болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларынын комплексин иштеп чыгуу;
- диний негизде укукка каршы мүмкүн болгон көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча мамлекеттик дин саясатын жана алдын алуу иш-чараларын иштеп чыгуу;
- радикалдык-экстремисттик жана сепаратисттик көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди активдештирүү;
- дин маселелери боюнча жогорку окуу жайларда, орто мектептерде жана калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин күчөтүү;
- диндин салттуу эмес формаларынын жана экстремисттик мүнөздөгү агымдардын маңызын түшүндүрүү боюнча радиодо жана телекөрсөтүүдө иш-чаралардын системасын иштеп чыгуу;
- улутчулдукка жана этностук чыдамсыздыкка каршы аракет, коомдук мамилелер системасында этнорегионализмди жоюу, республиканын жалпы жарандык бирдейлигин күчөтүү;
- экономикалык кылмыштуулукка, контрабандага жана экономиканы криминалдаштыруунун башка көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү;
- уюшкан кылмыштуулукка, баңги мафиясына, коррупцияга жана көмүскө экономикага каршы күрөштү күчөтүү;
- Кыргыз Республикасында баңги заттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорун, алардын транзитин кошо алганда, мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө натыйжалуу каршы аракеттенүү; ошондой эле өлкөнүн аймагында баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө бөгөт коюу;
- улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлдерде баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, терроризмге, диний экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташтык;
- чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана алар пайдаланып жаткан уюмдардын бузуку иштерине бөгөт коюу;
маданий-билим берүү жана маалыматтык чөйрөдө:
- элдин каада-салтынын кайра жаралуусунда жана аны сактоодо маданияттын бийик деңгээлдеги ролун, көп улуттуу Кыргызстандын биримдигин чыңдоодо анын маданий-адеп-ахлактык баалуулуктарын таануу;
- Кыргыз Республикасынын региондорунун маданий потенциалын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү жана маданият чөйрөсүндө региондук демилгелерге колдоо көрсөтүү;
- маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- жаңы маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу менен китепканалар тарабынан көрсөтүлүүчү маалыматтык кызматтардын спектрин кеңейтүү;
- башкаруунун сапатын жогорулатуу жана билим берүү секторун финансылоо принциптерин өзгөртүү;
- билим берүү системасынын кызматчыларынын квалификациясын бекитүүнүн жана жогорулатуунун эсебинен билим берүү системасынын туруктуулугун жогорулатуу;
- билим берүү мекемелеринде коррупцияны жоюу;
- улуттук маалыматтык саясатты түзүү жана маалыматтык технологиялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу, өлкөнүн жашоо турмушунун бардык чөйрөлөрүндө жана региондорунда маалыматтык камсыз кылуунун системасын өркүндөтүү;
- республиканын региондорунда жергиликтүү телерадио берүүнүн потенциалын чыңдоо жана кеңейтүү;
- маалыматтык коопсуздукту чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бийлик жана башкаруу органдарынын ишин координациялоону күчөтүү;
- радиомониторингдин мамлекеттик тармагын өнүктүрүү;
экология жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндө:
- экологиялык жактан аз калдыктуу, калдыксыз жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү аркылуу жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- энергиянын салттуу эмес кайра иштелип чыккан булактарын, коопсуз жана-экологиялык жактан таза технологияларды колдонуу аркылуу айлана-чөйрөнүн булганышын четтетүү;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү жана өнүктүрүү аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;
- транс чек аралык суулардын абалына мониторинг жүргүзүү;
- экологиялык маселелерди чечүү үчүн кошумча эл аралык инвестицияларды тартуу;
- калкты экологиялык маданиятка тарбиялоо;
- климаттык өзгөрүүлөргө көнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо системасын түзүү;
- жаратылыштык, техногендик жана экологиялык кыйроолорду укуктук жана финансылык камсыздоо менен алардын алдын алуу жана жоюунун натыйжалуу системасын түзүү;
- өз өндүрүшүндө күчтүү таасир этүүчү уулуу жана ууландыруучу заттар бар объекттердин табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан туруктуулугун жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин жүргүзүү;
- мүмкүн болуучу кооптуу жаратылыш көрүнүштөрү жана техногендик кыйроолор жөнүндө эртелеп алдын алуунун мамлекеттер аралык системасын өнүктүрүү.
Улуттук коопсуздукту башкаруу органдары болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, министрликтер, ведомстволор жана республиканын аткаруу бийлик системасынын башка структуралары саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык коргоо Кеңешинин төрагасы жана Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы катары тиешелүү ыйгарым укуктары бар, ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты аныктайт жана чечимдерди кабыл алат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын жалпы башкаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги менен коргоо Кеңеши аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын талкуулайт жана жактырат;
- ички жана тышкы саясаттын стратегиялык маселелерин карайт;
- улуттук коопсуздук системасынын иш-аракетин координациялайт;
- өз түзүмдөрү аркылуу аткаруу бийлик органдарынын республиканын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруусун контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши улуттук коопсуздук жагында мыйзамдык базаны түзөт, мамлекеттин чегинен сырткары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу маселелери боюнча чечим кабыл алат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен улуттук коопсуздук системасын каржылоону аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коргоо Кеңешинин чечимдерин, Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашырууну, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында доктриналарды, максаттуу программаларды, пландарды жана директиваларды аткарууну камсыз кылат; өлкөнү коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийүүчү аткаруучу бийлик органдарынын иш-аракетине жетекчилик кылат жана координациялайт.
Министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары өз компетенцияларынын чектеринде колдонуудагы мыйзамдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык инсандардын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоонун мамлекеттик программаларын ишке ашырууну камсыз кылат. Мыйзамдарга ылайык улуттук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөтүүгө жарандарды, коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Улуттук коопсуздукту камсыздоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.
Соттор улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында сот адилеттигин жүргүзөт; жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин, уюмдардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын соттук коргоону ишке ашырат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары улуттук коопсуздук маселелерин калыс чагылдырууну камсыздайт жана ачык талкуулоого көмөктөшөт; улуттук коопсуздукту камсыздоо көйгөйлөрү боюнча коомдук пикир түзөт.
Уюмдар жана жарандар улуттук коопсуздуктун коркунучтарын аныктоого, алдын алууга жана четтетүүгө, улуттук коопсуздукту практикалык камсыздоо маселелерин талкуулоого катышат, улуттук коопсуздукту камсыздоо системасынын иш-аракетин коомдук контролдоону ишке ашырат.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары төмөнкүлөр болуп саналат: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдары.
Аларга Кыргыз Республикасынын Коргоо, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Баңги заттарга контролдук кылуу боюнча мамлекеттик кызматынын органдары жана бөлүмдөрү, Улуттук гвардия, ошондой эле башка министрликтер менен ведомстволордун атайын органдары жана кызматтары кирет.
Зарыл учурларда жана өз компетенцияларынын чектеринде улуттук коопсуздукту камсыздоого бардык күчтөр тышкы коркунучтарды майтаруу үчүн тартылат.
Улуттук коопсуздукту камсыздоо күчтөрүн колдонууга контролдукту Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши ишке ашырат.
Аскердик-экономикалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө финансылык, материалдык-техникалык жана башка ресурстарды бөлүүнүн, аларды курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун кепилденген камсыз кылуу үчүн зарыл санда жабдуунун негизинде жүргүзүлөт.
Ресурстук камсыздоо коопсуздук саясатын ишке ашыруу үчүн ресурстарды, биринчи кезекте финансылык жана материалдык ресурстарды өз убагында бөлүү жана сарамжалдуу пайдаланууну, максаттарга жетишүүнү камсыздоого жөндөмдүү күчтөрдү жана каражаттарды, кадрдык жана башкаруу потенциалын даярдоону билдирет.
Идеологиялык камсыздоо улуттук коопсуздугу камсыздоо проблемаларына коомдук кызыкчылыкты жаратуунун карайт, ал өзүнө коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты колдоону камсыздоо жана аны камсыздоого жарандык коомду тартуу максатында калктын кеңири чөйрөсүнө чейин Улуттук коопсуздук концепциясынын идеяларын жана жоболорун үгүттөө жана жеткирүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну камтыйт.
5. Улуттук коопсуздуктун абалына мониторинг жана контроль жүргүзүү, кризиске каршы чара көрүү
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуулугуна улуттук коопсуздуктун коркунучтарын жана чакырыктарын түзүүчү ички жана тышкы жагдайдыгы өзгөрүүлөрдү өз учурунда аныктоого, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана ишке ашыруу боюнча максатка багытталган иштерге айкалыштыруу менен кризисттик кырдаалдын кесепеттерин өз убагында четтетүү же болбосо азайтууга улуттук коопсуздукту камсыздоо системасынын жөндөмдүүлүгү менен жетишилет.
Улуттук коопсуздуктун чектик мааниси (критерийлери жана индикаторлору) - ар кандай чөйрөлөрдө коркунучтардын коопсуз жана кыйратуучу кесепеттеринин ортосундагы чекти аныктоочу сандык мүнөздөмөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик саясаттын шаймандары. Улуттук коопсуздуктун абалынын негизги индикаторлору (көрсөткүчтөрү) төмөнкүлөр:
- ИДПнын өсүү темптери жана түзүмү;
- негизги капиталга инвестициялардын ИДПдагы үлүшү;
- өнөр жай ишканаларынын инновациялык активдүүлүгүнүн деңгээли;
- инфляциянын темпи;
- мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы;
- республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик карызды тейлөө боюнча төлөмдөр;
- адамдык потенциалды (региондор боюнча калктын жашоо деңгээли) өнүктүрүү индекси;
- жумушсуздук деңгээли экономикалык жактан активдүү калктын (үлүшү);
- децилдик коэффициент (20% көп жана 20% аз камсыздалган калктын кирешелеринин катышы);
- депопуляциянын коэффициенти (калктын ички жана тышкы миграциясы);
- саламаттыкты сактоо, билим берүү ресурстары менен камсыз болуу деңгээли;
- маалыматтык технологиялар менен телекоммуникацияларды өнүктүрүү деңгээли;
- аскердик кадрлар менен камсыз болуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар менен жабдылышы.
Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумуна кирүүчү мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чектеринде жана биргелешкен аракет менен улуттук коопсуздук тобокелдиктерине, чакырыктарына жана коркунучтарына төмөнкүлөрдү болжолдоочу мониторингди жана кризиске каршы чара көрүүлөрдү уюштурат:
- тийиштүү чөйрөлөрдө кырдаалдын (абалдын) өнүгүшү тууралуу маалыматты дайыма чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону (мониторингди);
- кырдаалга баа берүүнү, анын өнүгүшүн жана мүмкүн болуучу терс кесепеттерин болжолдоону;
- улуттук коопсуздук коркунучтарына жана чакырыктарына ыкчам аракет кылууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну.
Коркунуч улам жогорулаган, тобокелдиктер, чакырыктар түзүлүп жана коркунучтар курчуган жана алар улуттук коопсуздукка байкалаарлык зыян келтирген учурда антикризистик жооп кайтаруунун алкагында оперативдик мүнөздөгү чараларды кошо алганда тиешелүү башкаруу чечимдери иштелип чыгат, кабыл алынат жана ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши тарабынан жактырылат, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштердин багытын жана милдеттерди тактоочу ведомстволук жана региондук программалар менен пландарды иштеп чыгууну карайт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруунун жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча программалар менен пландарды аткаруунун жүрүшүнө контролдукту Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши жана анын катчылыгы ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашырууга жана коопсуздукту камсыздоого тартылган бардык мамлекеттик органдар тийиштүү чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына болгон коркунучтарга менен чакырыктарга каршы аракеттенүүнүн тиешелүү багыттарындагы абалы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешине мезгил-мезгили менен отчет берип турушат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |