Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 27-июну №127
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларынын жана жергиликтүү сотторунун төрагаларынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 29-июнунан баштап алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:
- Баткен гарнизонунун аскердик сотунун төрагасы - Адыл уулу Уландын;
- Ош гарнизонунун аскердик сотунун төрагасы - Арабаев Бакыт Исаевичтин;
- Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары - Бактыгулов Басурманкулдун;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун төрагасы - Калмамат уулу Алтынбектин;
- Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасы - Тургунбаев Куттубайдын;
- Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун төрагасы - Эрматов Жапар Асынбековичтин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |