Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 11-июлу ПЖ №135
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө
Бийликтин бардык деңгээлдеринде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугу өлкөдө жүргүзүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну реформалоо процессинин маанилүү курамы болуп саналат, ал көп жагынан жогору квалификациялуу кадрларды даярдоонун иштелип чыккан системасы жана практикасы аркылуу жетишилет.
Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө базалык адистиктер боюнча кадрларды даярдоону республиканын бир катар жогорку окуу жайлары жүргүзөт, бирок андай окуудан өткөн адистердин саны жана компетенттүүлүгү талаптарга жооп бербейт.
Жалпысынан Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн мамлекеттик башкаруунун заманбап талаптарына жана коомдун суроо-талаптарына жооп берген кадрларды кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун бирдиктүү системасы калыптана элек.
Башкаруу чөйрөсүндө адистердин кесиптик жактан өнүгүшү менен байланышкан укуктук, уюштуруу, финансы-экономикалык жана окуу-усулдук мүнөздөгү чаралардын комплексин жүзөгө ашырууну караган ченемдик укуктук база олуттуу өнүктүрүүнү талап кылат.
1997-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча азырынча өлкөдөгү алдыңкы билим берүүчү, илим-маалыматтык жана эксперттик-талдоо борборуна айлана элек.
Мына ушунун бардыгы мамлекеттин жигердүү колдоосу менен аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун бирдиктүү системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ишмердигин анын максатына, ошондой эле мамлекеттик курулуштун азыркы этабынын милдеттерине ылайык келтирүү боюнча шашылыш чараларды көрүү зарылчылыгын шарттайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын жогору квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуунун, аларды тынымсыз кесиптик жактан өнүктүрүүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ишин жөнгө салуучу мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн натыйжалуу системасын калыптандыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр санала тургандыгы белгиленсин:
1) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жагында адистер үчүн дүйнөлүк мыкты стандарттарга ылайык келген билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу системасын уюштуруу;
3) мамлекеттик саясат маселелери боюнча илим-изилдөө жана эксперттик-талдоо ишин уюштуруу жана өткөрүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу, ошондой эле анын ишин эксперттик-талдоо жана илимий жактан камсыз кылуу;
5) мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык, маалыматтык-талдоо жана илимий-усулдук кызмат көрсөтүү.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы:
1) ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы Уставынын долбоорун, ошондой эле анын түзүмүн анын ишмердигинин билдирилген багыттарына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө 2015-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын өнүктүрүү Стратегиясын иштеп чыксын;
- окутуу процессине, окуп жаткандарды аралыкта жана аяктоочу аттестациялоого контролдук кылуунун натыйжалуу системасын уюштурсун;
- 2012-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окуу процесси менен илим-изилдөө ишмердигинин биримдигин камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырсын;
- 2012-жылдын 1-сентябрына чейин илимге негизделген критерийлердин негизинде профессор-окутуучулар курамынын эмгегинин сапатын калыс баалоо системасын иштеп чыксын жана киргизсин;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окутуунун сырттан жана кечки формалары боюнча билим берүү программаларын жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна жана сапатына талдоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын билим берүү жана илим-изилдөө ишмердигин ушул Жарлыктын 2-пункту менен белгиленген багыттардын гана негизинде этап боюнча кайра багыттоо маселелери боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөр боюнча иш-чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын:
1) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистерин даярдоо маселелери боюнча жогорку билим берүү системасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын координациялоочу ролун аныктоо боюнча;
2) "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы үчүн бюджеттик квотаны этабы менен көбөйтүү боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:
1) төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу Стратегиясын;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын Улуттук жана ички резервдерин калыптандыруу жана иштеши жөнүндө жаңы жобонун долбоорун;
2) төмөнкүлөрдү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды тандоо боюнча жол-жоболорду;
- мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүн максаттуу даярдоо жана ишке орноштуруу программалары боюнча окутууга тандап алуу тартибин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын менен бирдикте кийин алдыдагы жылга республикалык бюджеттин долбоорунда чагылдыруу менен иш-чараларды толук финансылоо маселелерин иштеп чыксын:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды калыптандыруу жана аткаруу боюнча;
2) мамлекеттик саясат маселелери боюнча илим-изилдөө жана эксперттик-талдоо иштерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу, ошондой эле анын ишин эксперттик-талдоо жана илимий жактан камсыз кылуу.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |