Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 11-июлу ПЖ №137
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн офицердик кадрларды сапаттуу даярдоо жана Аскердик институттун окуу-материалдык базасын андан ары өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт, 3-пункттун "а" жана "в" пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |