Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 16-июлу ПЖ №138
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызматынан четтетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган Сматов Жолдошбек Шаршеналиевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызматынан четтетилсин:
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |