Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 24-августу ПЖ №153
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө
КСДП, "Ар-Намыс", "Республика", "Ата-Мекен" депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2011-жылдын 16-жана 20-декабрындагы макулдашуулардын негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде фракциялардын "Биримдик" парламенттик көпчүлүк коалициясынын статусун жоготкондугу жөнүндө расмий билдирүүгө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, 87-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. КСДП, "Ар-Намыс", "Республика", "Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2011-жылдын 16-жана 20-декабрындагы макулдашууларына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
2. Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин тиешелүү түрдө мурда ээлеген кызматтарына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткарууну улантсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |