Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 27-августу ПЖ №156
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде фракциялардын "Биримдик" парламенттик көпчүлүк коалициясынын статусун жоготкондугуна байланыштуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, 84-беренесинин 2- жана 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү жана 2012-жылдын 17-сентябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын, түзүмүн жана курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кароону жана бекитүүнү камсыз кылуу сунуш кылынсын.
2. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы парламенттик фракциясы жаңы коалициялык макулдашуунун катышуучулары менен Премьер-министрдин талапкерлигин, Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын иштеп чыгууну макулдашуунун жүрүшүндө:
- аткаруу бийлик органдарынын системасынын иштешинде зарыл болгон укук улантуучулукту жана ырааттуулукту камсыз кылсын;
- Өкмөттүн иштеп жаткан курамынын, барыдан мурда ишкердик иш-аракеттерине мамлекеттик кийлигишүүнү минималдаштыруу, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү маселелеринде оң жактарын жана иш тажрыйбаларын эске алсын;
- Кыргыз Республикасын региондук экономикалык союздарга интеграциялоо, экономикалык коопсуздукту жогорулатуу жана транспорттук инфраструктураларды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жагындагы күч-аракеттерди активдештирүүнүн актуалдуулугун көңүлгө алсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |