Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 1-сентябры ПЖ №157
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө
Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин берген арызына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 жана 20-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бабанов Өмүрбек Токтогулович 2012-жылдын 1-сентябрында берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Ресиубликасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин убактылуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетии аткаруучу Карашев Аалы Азимовичке жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |