Редакцияот 14.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 14-сентябры ПЖ №199

Ж.М. Ибраев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылам:

1. Ибраев Жолдош Мамаевич өз каалоосу боюнча 2012-жылдын 3-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев