Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 5-октябры ПЖ №208
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги" бөлүмүндө:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор" бөлүмүнөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы бөлүм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
II топ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
III топ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары";
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары" бөлүмүндөгү II топ жана III топтун биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- 16-главада "Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрациялары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-главанын "Улук кызмат орду" тобунун УЗ категориясынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |