Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 10-октябры ПЖ № 220
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылдык аймагынын, Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын, ошондой эле Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак поселкалык башкаруусунун айылдык кеңештери тарабынан тиешелүү айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак шаар тибиндеги поселкасынын поселкалык кеңеши таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнүндө жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары жогоруда көрсөтүлгөн кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |