КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 12-октябры ПЖ № 223
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктары 2012-жылдын 13-октябрынан баштап алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:
- Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары - Жээнбеков Жанышбек Токтомаматовичтин;
- Ысык-Көл облустук Райондор аралык сотунун төрагасы - Асанова Калида Талиповнанын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |