Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 29-октябры ПЖ № 236
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматтан кетишине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү жактыруусу алынганга чейин Атаханов Шамиль Есенжанович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна жактыруу үчүн Ш.Е.Атахановдун талапкерлигин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |