Редакцияот 29.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 29-октябры ПЖ № 238

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызматынан четтетүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Абдыллаева Шааркан Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин аны жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын берген макулдугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев