КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 27-декабры ПЖ № 270
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сатыев Медербек Асанбековичтин Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын кызмат ордунда ыйгарым укуктары 2012-жылдын 23-декабрынан тартып ал ээлеген кызмат орду Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |