Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 27-декабры ПЖ № 273
2013-жылдын Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын көңүлгө алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү милдеттерин чечүүдө Кыргызстандын элинин күч-аракетин бириктирүү, коомдо эмгек адамынын кадыр-баркын жана өлкөнүн азыркы турмушунда анын жаратман ролун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жыл Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында Иштерман жылын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |