Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 31-октябры ПЖ № 240
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын төмөнкү кызмат орундарындагы ыйгарым укуктары 2012-жылдын 31-октябрынан баштап алар ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:
- Абдыкалыков Мамасадыктын - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;
- Адамкулов Чынгыз Толоковичтин - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы;;
- Айжигитов Бостонбай Абдрашитовичтин - Баткен облустук сотунун судьясы;
- Барыктабасова Эльмира Бектургановнанын - Талас облустук сотунун судьясы;
- Джумагулов Азамат Кадырбековичтин - Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясы;
- Жумаев Жыргалбек Канаватовичтин - Ош облустук сотунун судьясы;
- Карагулова Бермет Бейшеновнанын - Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы;
- Каримжанов Исмаил Гапаровичтин - Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясы;
- Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын - Ош облустук сотунун судьясы;
- Маматалиева Айнура Сайбидиновнанын - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы;
- Назаров Дамирбек Дуйшоевичтин - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |