КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 31-октябры ПЖ № 241
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Айтмолдоев Бактыбек Аскаровичтин Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун төрагасынын кызмат ордундагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 31-октябрынан баштап анын ээлеген кызмат орду Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |