Загрузка документа…
ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
УКАЗ
2012-жылдын 14-ноябры ПЖ № 250
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызматынан четтетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук бергендигине байланыштуу Исраилов Автандил Жапарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Түн райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
А. Атамбаев |