Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 24-ноябры ПЖ № 251
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын алдында турган маселелер узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын, ошондой эле экономикалык, идеологиялык, социалдык чөйрөлөрдө, мамлекеттик түзүлүш, коопсуздук жана тышкы саясат маселелеринде ачык-айкын чараларды жана максаттуу багыттарды белгилөө менен жакынкы беш жылга "жол картасын" иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну талап кылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин чегинде улуттук коопсуздук, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, этностор аралык, региондор аралык, диний маселелерди чечүү, мамлекеттик башкаруу жана натыйжалуу мамлекеттик кызматтын ишке жөндөмдүү системасын түзүү чөйрөсүндө стратегиялык документтерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга киришти.
Ошону менен бирге азыркы дүйнөдө Кыргыз Республикасынын ордун жана ролун аныктоо, өлкөбүздүн чыныгы көз карандысыздыкка жетишүүсү, улуттук коопсуздукту чыңдоо анын бардык аспекттеринде, биринчи кезекте экономиканын абалына жараша болот.
Мурдагы СССРдин көп башка республикаларынан айырмаланып, Кыргыз Республикасы 20 жылдын ичинде тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун таба алган жок. Эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, 2009-жылы эле Кыргыз Республикасы KMШ өлкөлөрүнүн арасында эң кедей мамлекет деп таанылган. Калктын 35 пайызы - 1 млн. 829 миң киши кедейликтин чегинен төмөн жашайт, жумушсуздуктун деңгээли 18 пайыздан ашып кеткен.
Көптөгөн эл аралык эксперттер жана байкоочулар биздин өлкөнү мурдагыдай эле "аракетке жөндөмсүз" мамлекеттердин катарына кошот жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине күмөн санайт.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтары боюнча 2012-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соодага тартылуу рейтингинде 110-111-орундарды ээлеген. Экономиканын атаандашууга жөндөмдүүлүк индексине ылайык Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 187 өлкөсүнүн ичинен 126-орунда турат. Тартылган инвестициялардын көлөмү өлкөнүн керектөөлөрүн жаппайт.
Мурдагы СССРдин соңку жетекчилигинин экономикалык факторду жеткире баалабагандыгы жана терең ойлонбостон саясый реформаларга артыкчылык берүүсү, өз кезегинде өлкөнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын бүлүнүшүнө жана Советтер Союзунун ыдырашына алып келген.
Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн азыркы этабы парламенттик демократиянын торолушу менен байланышкан жана объективдүү себептер боюнча аткаруу бийлик органдарынын туруксуздугу жана тез-тез алмашуу тобокели менен мүнөздөлөт.
Өнүгүүнүн жеке кыргызстандык стратегиялык долбоорунун жоктугунан улам өлкөнүн мүмкүн болуучу тышкы процесстердин терс таасирлерине көз карандылыгы дале жогору бойдон калып жатат.
Коом менен бизнеске орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын көрсөткөн стратегиялык мамлекеттик расмий документтин актуалдуулугу жана керектүүлүгү барган сайын айдан ачык болуп баратат.
Бул милдетти сапаттуу жүзөгө ашыруу атайын координациялык орган болгондо гана мүмкүн, ал узак мөөнөттүү негизде мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын, жеке сектордун жана жарандык коомдун күч-аракетин бириктире алаар эле.
Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн азыркы этабында экономикалык маселелерди чечүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жана чыңдоо милдеттери менен тыгыз байланыштуу экендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти кабыл алууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бул багытта мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракетин координациялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин Жобосу бекитилсин (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп катчылык санала тургандыгы аныкталсын, анын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлөт.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 251 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 268 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ