Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы ПЖ №5 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) бүткүл Кыргыз Республикасынын аймагында интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү, ошондой эле "KG" домендик аймагын башкарууну ишке ашыруучу мамлекеттик орган болуп саналат.
Кыргызпатент өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
2. Кыргызпатент өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Кыргызпатент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы жана ага бекитилип берилген мүлкү, банктык мекемелерде эсептик (анын ичинде валюталык) жана башка эсептери бар жана мыйзамдарга ылайык жаңы эсептерин ачууга укуктуу.
Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
4. Кыргызпатент жана анын ведомствого караштуу уюмдары Кыргыз Республикасынын бирдиктүү интеллектуалдык менчик системасын түзөт.
5. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын атынан интеллектуалдык менчик объекттерине коргоо документтерин берет.
6. Кыргызпатент ушул Жободо белгиленген жана ага карама-каршы келбеген ыйгарым укуктардын чектеринде өз ишмердүүлүгүн өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
7. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын укук мурастоочусу болуп саналат.
8. Кыргызпатенттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жана камсыз кылуу: ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары, фирмалык аталыштар (мындан ары - өнөр жай менчик объекттери); илим, адабият жана көркөм өнөр чыгармалары (мындан ары - автордук укук объекттери); фонограммада аткаруулар, оюн коюулар, эфирдик жана кабель аркылуу берүүлөр (мындан ары - чектеш укуктар объекттери); селекциялык жетишкендиктер (өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары); интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- жогору технологиялуу продукциялардын укук ээлерине жана иштеп чыгуучуларына келечектүү технологияларды жана продукцияларды илгерилетүүгө, интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
- патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин улуттук системасын уюштуруу жана башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында бирдиктүү интеллектуалдык менчик системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо жана патенттик-техникалык маалымат тармагында маалымат жана басма ишмердүүлүгүн уюштуруу;
- интеллектуалдык менчик тармагында адистерди даярдоо;
- Кыргыз Республикасында илимий-техникалык жана көркөм-конструктордук чыгармачылыктын, ошондой эле адабият жана көркөм өнөр жагында чыгармачылыктын өнүгүшү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенттик фондун калыптандыруу жана сактоону камсыз кылуу;
- "KG" домендик аймагын натыйжалуу иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу.
9. Кыргызпатент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- коргоо документтерин берүүгө карата ата мекендик жана чет өлкөлүк өтүнмөлөргө мамлекеттик экспертиза жүргүзүү, өнөр жай менчигинин, автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттеринин, селекциялык жетишкендиктердин жана салттуу билимдердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү, мамлекеттин атынан коргоо документтерин берүү, аларды күчүндө кармап туруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик жаатында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы мыйзамдарды колдонуу практикасын талдоо жана жалпылаштыруу;
- коргоо документтерин берүүгө карата өтүнмөлөр боюнча мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктары боюнча арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле Кыргызпатенттин компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын башка арыздарын жана кайрылууларын карап чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу интеллектуалдык менчик объекттерине карата лицензиялык жана автордук келишимдерди каттоо;
- патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн реестрин жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик объекттерин жаратуу, укуктук коргоо, пайдалануу жана коммерциялаштыруу чөйрөсүндө системалык талдоо жүргүзүү жана ушул жагында ишке демилге берүү боюнча мамлекеттик иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн анын натыйжаларын пайдалануу;
- интеллектуалдык менчиктин ата мекендик жана чет өлкөлүк объекттери боюнча расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, ошондой эле анын компетенциясына таандык маселелер боюнча башка адабияттарды чыгаруу;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо маселелери боюнча эл аралык кызматташууну ишке ашыруу, тийиштүү эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк кылуу, эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү;
- авторлордун жана чектеш укук ээлеринин, чыгармаларды, автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдалануучулардын эсебин алууну ишке ашыруу;
- автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга укук берүү жөнүндө пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзүү;
- мыйзамдарга ылайык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн сый акыларды чогултуу жана автордук жана чектеш укуктардын ээлерине бөлүштүрүү жана төлөп берүү;
- улуттук авторлордун жана чектеш укук ээлеринин чыгармаларын чет өлкөдө жана чет өлкөлүк авторлор менен чектеш укук ээлеринин чыгармаларын Кыргыз Республикасында пайдаланылгандыгы үчүн авторлор менен чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен таламдардын өз ара өкүлчүлүгү тууралу макулдашууларга ылайык сый акыларды жыйноо, бөлүштүрүү жана төлөп берүү;
- авторлордун жана автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча уюмдар менен контролдоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик жаатында укуктарды коргоо маселелери боюнча окууларды уюштуруу, окуу пландарын, программаларды, усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу;
- интеллектуалдык менчик укуктарын бузгандыгы үчүн интеллектуалдык менчик объекттери камтылган продукцияларды жана товарларды изилдөө жана экспертиза жүргүзүү;
- Кыргызпатентке караштуу Авторлор кеңешинин кеңешүүчү органын түзүү менен авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялоо;
- Кыргызпатентке караштуу Чектеш укук ээлеринин кеңешинин кеңешүүчү органын түзүү жолу менен чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялоо;
- Кыргызпатентке караштуу Ойлоп табуучулардын кеңешинин кеңешүүчү органын түзүү жолу менен жамааттык негизде чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын башкарууну координациялоо;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо;
- автордук укуктун коомдук кенчке өткөн объекттерин пайдалангандыгы үчүн түшкөн каражаттардын, ошондой эле үч жыл бою талап кылынбаган автордук акынын жана мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондусунун каражаттарын чогултуу жана бөлүштүрүү;
- чет өлкөдө патенттөөгө жана мамлекеттин атынан патенттерди сатып алууга көмөк көрсөтүү;
- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик патент фондун ата мекендик жана чет өлкөлүк ойлоп табуулардын баяндоолору, интеллектуалдык менчиктин башка объекттери боюнча документтер жана адабияттар менен комплекттөө;
- автоматташтырылган маалымат базасын жана аларды пайдалануунун бирдиктүү системасын түзүү максатында интеллектуалдык менчик объекттери боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк документтерди иштеп чыгуу;
- патенттик-техникалык маалымат жаатында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүктү координациялоо;
- патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик кызыкдар болгон уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды маалымдама жана аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу;
- патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын жана өнүктүрүү көйгөйлөрүн баалоо, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- маалыматтык отчетторду чыгаруу жана Кыргыз Республикасындагы патенттик-техникалык жетишкендиктер жөнүндө маалымат жайылтуу;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга, илимий изилдөө иштеринин натыйжаларын жана экономикалык мааниси бар жогорку натыйжалуу интеллектуалдык менчик объекттеринин иштеп чыгууларын өздөштүрүүгө, анын ичинде көргөзмөлөрдү уюштуруу жолу менен көмөк көрсөтүү;
- электрондук документ жүгүртүү, электрондук өтүнмө берүү процессинде электрондук санарип кол коюуну пайдалануу үчүн шарт түзүү;
- Кыргызпатенттин компетенциясындагы мамлекеттик маалымат ресурстардын, маалымат системалардын жана тармактардын коопсуздугун жана коргоону камсыз кылуу;
- келишимдик негизде интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана пайдалануу тармагында жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү жана иштерди жүргүзүүдө жардам берүү;
- "KG" домендик аймагын башкаруу боюнча ишмердүүлүктү координациялоо.
10. Кыргызпатент ошондой эле мыйзамдарда каралган башка функцияларды ишке ашырат.
11. Кыргызпатент төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Президентине интеллектуалдык менчик системасын түзүү, укуктук коргоо жана иштетүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга;
- интеллектуалдык менчиктин көйгөйлүү маселелери боюнча илимий-изилдөө, көргөзмө, сынактык жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында маалыматтар базаларын түзүү жолу менен маалымат ресурстарын калыптандырууга;
- мыйзам менен белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коргоого байланыштуу документтердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;
- автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга ыйгарым укуктуулугун тастыктаган документтерди алууга;
- бардык автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга тийиштүү лицензиялык келишимдин болушун талап кылууга, ошондой эле пайдаланылган чыгармалар жөнүндө ай сайын отчет берүүгө жана бул талап аткарылбаган учурда мыйзамдарга ылайык чара көрүүгө;
- автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулар автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда, мыйзамдарга ылайык чара көрүүгө;
- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон жана уюмдардан ойлоп табуучулук жана патенттик-лицензиялык иштер боюнча зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объекттери жөнүндө статистикалык маалыматтарды мыйзамдар менен белгиленген тартипте алып турууга;
- белгиленген тартипте илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукцияларынын, ошондой эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жана тарифтерин аныктоого, аталган продукциялар, иштер менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн мамлекеттик бааларды жана тарифтерди киргизүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүү үчүн Кыргызпатентке караштуу уюмдар менен топторду түзүүгө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Кыргызпатенттин бюджетинин чектеринде башка иштерди, тейлөө кызматтарын аткаруу үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;
- ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана уюмдардын бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланышын контролдоону ишке ашырууга;
- маалыматтык, ченемдик, илимий, усулдук жана окуу материалдарын басып чыгарууга жана сатууга, ошондой эле полиграфиялык башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы көйгөйлүү маселелер боюнча илимий-изилдөө жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
- интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштурууга;
- ден соолукту чыңдоо жана спорттук-массалык иш чараларды өткөрүүгө;
- "KG" домендик аймагында домендик аталыштарды каттоо жана тейлөө боюнча субподряддык келишимдерди түзүүгө;
- мыйзамда каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
12. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу директор башкарат.
13. Кыргызпатентте статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызмат орундары каралган, алар Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Статс-катчы жана директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурушат.
14. Кыргызпатенттин директору, статс-катчы жана директордун орун басары мамлекеттик кызматкер болуп саналат.
15. Кыргызпатенттин директору:
- Кыргызпатенттин, анын борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу уюмдарынын ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Кыргызпатентке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттер менен мамилелерде Кыргызпатенттин атынан өкүл болот, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү алып барат жана белгиленген тартипте Кыргызпатенттин компетенциясындагы маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргызпатент жөнүндө Жобонун долбоорун бекитүүгө берет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргызпатенттин статс-катчысын жана директордун орун басарын дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- статс-катчы менен директордун орун басарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт жана аларга өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат, алар тарабынан Кыргызпатенттин компетенциясындагы ыкчам, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргызпатенттин башка кызмат орундарындагы адамдардын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- мыйзамдарга ылайык Кыргызпатентке кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызматтан бошотот;
- белгиленген чектелген сандын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жобосунун чегинде Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жоболорун, түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитет;
- мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен бирдикте же макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана ведомствого караштуу уюмдарында аларды текшерүүнү уюштурат;
- мыйзамдарга ылайык Кыргызпатенттин ишинин ички тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- белгиленген тартипте Кыргызпатент системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардактуу наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
- Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата мыйзамдарда белгиленген тартиптик жазанын түрлөрүн колдонот;
- кредиттерди, анын ичинде валюталык каражаттарын бөлүштүрүүчү болуп эсептелет;
- мыйзамдарга, ошондой эле жамааттык келишимдерге ылайык, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин эмгегин колдоо тууралу чечим кабыл алат;
- мыйзамдарга ылайык Кыргызпатенттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
16. Кыргызпатентте коллегия түзүлөт, анын курамына 9 киши: коллегияга кызмат орду боюнча директор (төрага), статс-катчы жана директордун орун басары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин өкүлү кирет.
17. Өнөр жай менчигинин жана селекциялык жетишкендиктердин объекттерине укуктук коргоо берүү боюнча Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш түзүлөт, ал аталган объекттер боюнча келип чыккан талаштарды өзүнүн компетенциясына ылайык кароо боюнча баштапкы милдеттүү орган болуп эсептелет. Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобо Кыргызпатенттин коллегиясы тарабынан бекитилет.
18. Учурдагы өндүрүштүк маселелерди ыкчам чечүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Илимий-техникалык кеңеш (ИТК) түзүлөт, анын персоналдык курамын Кыргызпатенттин директору бекитет.
19. Кыргызпатенттин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары түзөт, алардын абалы өз алдынча баланста чагылдырылат.
20. Кыргызпатент өз ишмердүүлүгүн өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырат. Кыргызпатент мыйзамдарда белгиленген интеллектуалдык менчик объекттерин каттагандыгы жана коргоо бергендиги үчүн, ошондой эле Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна Протокол, Евразиялык патенттик конвенция, Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусу жана интеллектуалдык менчик жаатындагы башка эл аралык келишимдер боюнча экспертиза жүргүзгөндүгү жана башка юридикалык маанилүү аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн патенттик алымдар жана жыйымдар түрүндө келип түшкөн каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка келип түшүүлөрдүн эсебинен каржыланат.
21. Кыргызпатентте келип түшкөн каражаттардын эсебинен Материалдык демилге берүү жана социалдык өнүктүрүү фонду жана башка фонддор түзүлөт.
22. Кыргызпатент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулук боюнча тийиштүү органдарга маалыматтарды даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.
23. Кыргызпатентти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
24. Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү токтотулган учурда, анын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте өткөрүлүп берилет, сакталат жана колдонулат.