Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы ПЖ № 8 Жарлыгы менен бекитилген
|
Ынтымак Курултайы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайы (мындан ары - Курултай) - Кыргыз Республикасынын жарандарынын чогулушу (жыйналышы) анда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү менен байланышкан маселелер, ошондой эле төмөнкү маанилүү маселелер талкууга алынат:
- Кыргызстанды гуманитардык-маданий жактан өнүктүрүү;
- улуттук маданиятты өнүктүрүү, кыргыздардын тилин жана улуттук мурастарын калыбына келтирүү;
- Кыргызстандын элинин салттарын жана мурастарын сактоо;
- коңшу өлкөлөр менен алака-мамилелер;
- мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара карым-катнашы:
- экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү;
- улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды азыркы турмуштун реалийлерине ылайыкташтыруу.
Курултайды өткөрүүнү уюштуруу, Курултайда маселе көтөрүү жана аны талкуулоо кыргыздардын тарыхый салты болуп саналат.
2. Бул Жободо каралган тартипте Курултайдын ишине аймактык, кесиптик, этномаданий жана конфессиялык жамааттардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
3. Курултай төмөнкү максаттарда өткөрүлөт:
- Кыргызстанда ынтымактуу коомду түзүү;
- сабырдуулук жана жарандык тынчтык принциптерин турмушка ашыруу;
- кыргыздардын улуттук өз алдынчалыгын жана маданий каада-салттарын сактоо жана өнүктүрүү;
- каада-салттар менен инновациялардын ортосунда акыл-эстүү балансты камсыз кылуу.
4. Курултай маданий өзгөчөлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө, улуттун көрөңгөсүн сактоого жана колдоого, жашоо-турмуштун сапатын жакшыртууга, улуттук таламдарды ишке ашыруунун айланасында коомду баш коштурууга өбөлгө болот.
5. Курултайдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргызстандын элин түзгөн жамааттардын ортосунда диалогду жүзөгө ашыруу;
- Кыргызстандын бийлигинин жана калкынын ортосунда эки тараптуу байланышты жана пикир алмашууну орнотуу;
- өлкөнү жана анын региондорун өнүктүрүү маселеси боюнча улуттук ынтымакка жетишүү;
- Кыргызстандын калкын түзгөн жамааттардын макулдашылган позициясын, өлкөнүн жетекчилигине сунуштарды жана жолдомо сөздөрдү иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууда макулдашылган пикирлерди берүү.
6. Курултайда каралган маселелердин жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алынат. Курултайдын чечими тиешелүү органдарга сунуш катары жөнөтүлөт.
7. Курултай бул Жободо каралган тартипте өткөрүлөт. Курултай Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген чечимдерди кабыл алат.
II. Курултайдын делегаттарын шайлоо жана аны өткөрүү тартиби
8. Курултай жылына бир жолу өткөрүлөт. Курултайды өткөрүү күнүн Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Президенти жеке демилгеси же Курултайдын Төркеңешинин (Президиумунун) сунушу боюнча кезексиз Курултай чакырууга укуктуу.
9. Курултай 750 делегаттан түзүлөт, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринен 545 делегат;
- чет өлкөдөгү эмгекчи-мигранттардан - 35 делегат;
- конфессиялык жамааттардан - 20 делегат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин квотасынан - 150 делегат.
10. Администрациялык-аймактык бирдиктерден делегаттар төмөндөгүдөй тартипте шайланат:
- 441 айылдык округдардан жана 18 поселкалардан бирден (459 делегат);
- облустук маанидеги 12 шаардын жана райондук маанидеги 11 шаардын ар биринен үчтөн (69 делегат);
- Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан жети (17 делегат).
11. Айыл округдарынан, поселкалардан жана шаарлардан делегаттар "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесине ылайык өткөрүлүүчү жергиликтүү курултайларда шайланат.
12. Курултайга чет өлкөлөрдөгү эмгекчи мигранттардан делегаттар алардын таламдарынын руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрүнүн жалпылыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан чет өлкөдө белгиленген тартипте түзүлгөн коомдук уюмдар тарабынан шайланат.
Курултайдын эмгекчи мигранттардан делегаттар коомдук уюмдар тарабынан бир уюм - бир мандат принциби боюнча шайланат. Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген коомдук уюмда Курултайдын делегатын шайлоо укугу болот. Ал коомдук уюм жайгашкан өлкөдө мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде ал уюм тизмеге киргизилет. Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги тарабынан аныкталуучу квота боюнча чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине берилет.
Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген коомдук уюм дипломатиялык өкүлчүлүктөн уюмдун тизмеге киргизилгендиги тууралу маалым кат алат. Бул тизме жана делегатты шайлоо тууралу протокол Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине (мындан ары - уюштуруу комитети) берилет.
13. Курултайга конфессиялык жамааттардан делегаттар жамаат мүчөлөрүнүн санына теңдеш аныкталган квота боюнча тиешелүү конфессиялык жамааттын таламын көздөгөн диний уюмдун тиешелүү башкаруу органдары тарабынан шайланат. Конфессиялык жамааттар үчүн квота Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан аныкталат.
Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген диний уюм Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан уюмдун тизмеге киргизилгендиги тууралуу маалым кат алат. Бул тизме жана делегатты шайлоо тууралу протокол уюштуруу комитетине берилет.
14. Курултайдын делегаттарынын бештен бир бөлүгү, же 150 делегат Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан көркөм өнөрдүн, маданияттын, илимдин, билим берүүнүн, медицинанын, бизнес-шериктештиктердин, коомдук ишмерлерден, этномаданий жамааттардын өкүлдөрүнөн куралат.
Курултайдын Кыргыз Республикасынын Президентинин квотасы боюнча делегаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет.
15. Курултайдын делегаттары эки жылдык мөөнөткө шайланат. Курултайдын делегатына документтин ээсин тастыктоочу документ болуп эсептелген мандат берилет. Курултайдын делегатынын "ID" картасынын (паспортунун) формасындагы жана өлчөмүндөгү документи (мандаты) уюштуруу комитети тарабынан берилет.
Курултайдын делегатынын мандаты аны уюштуруу комитети каттаган күндөн тартып колдонулат.
16. Курултайдын делегаттары төмөнкүлөргө укуктуу:
- Курултайдын органдарына шайлоого жана шайланууга;
- Курултайдын күн тартибиндеги маселелер боюнча талкууга катышууга, өз пикирин билдирүүгө;
- жергиликтүү курултайдын тапшырмасы боюнча маселелерди Курултайдын кароосуна алып чыгууга;
- бул Жободон келип чыккан башка укуктарга.
17. Төмөнкүлөр Курултайдын делегаттары боло албайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
- соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;
- мурда соттолгондор;
- жашы жетелектер.
18. Курултай Курултайдын Төрагасын, Курултайдын Төрагасынын эки орун басарын, Курултайдын катчысын жана Курултайдын Төркеңешин (Президиумун) Курултайдын делегаттарынын ичинен делегаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
Курултай Курултайдын күн тартиби менен иш регламентин делегаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитет.
Курултайдын чечими ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Курултайдын чечимине Курултайдын Төрагасы жана Курултайдын катчысы кол коет. Курултайдын чечими катталат жана анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш катары жөнөтүлөт.
Курултайдын чечимдерин каттоо, сактоо жана материалдарды пайдалануу тартиби Курултайдын Төрагасы жана катчысы тарабынан аныкталат.
19. Курултайдын Төрагасы:
- Курултайдын ишин алып барат;
- Курултайдын Төркеңешин жетектейт, анын ишин чакырат жана уюштурат, анын жыйналыштарында төрагалык кылат, анын чечимдерине кол коет.
Курултайдын Төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын орун басарларынын бири аткарат.
20. Курултайдын Төркеңешинин курамы 17 адамдан түзүлөт. Төркеңештин курамына кызматы боюнча Курултайдын Төрагасы, Курултайдын Төрагасынын эки орун басары, Курултайдын катчысы жана Төркеңештин 13 мүчөсү кирет.
Курултайдын Төркеңеши Курултайлардын аралыгында анын ыйгарым укуктарын ишке ашырган жумушчу орган болуп саналат жана кезектеги Курултайдын күн тартибине келип түшкөн сунуштарды топтоону жана жалпылоону камсыз кылат. Курултайдын Төркеңеши өз ишин жыйналыштарды зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүү жолу менен ишке ашырат.
Курултайдын Төркеңешинин регламенти Курултайда бекитилет.
21. Кыргыз Республикасынын Президенти Курултайдын Төркеңешинин кароосуна Курултайга тиешелүү жана тезинен кароону талап кылган маселелерди киргизүүгө укуктуу.
22. Курултайдын делегатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
- анын шайланган мөөнөтү бүткөндө;
- Курултайдан чыгуу жөнүндө арыз бергенде;
- ага карата сот тарабынан чыгарылган айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- делегат кайтыш болгондо, ал мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдин негизинде дүйнөдөн кайтты деп табылганда;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдин негизинде ал аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жоголду деп табылганда;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде.
III. Биринчи курултайды өткөрүүнүн тартиби
23. Биринчи Курултай Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен чакырылат. Президент Курултайды өткөрүүнүн датасын аныктайт жана уюштуруу комитетин түзөт.
24. Уюштуруу комитети ушул Жободо каралган тартипте Курултайдын делегаттарын түзүү боюнча ишти жүргүзөт, делегаттарды каттоо тартибин аныктайт, Курултайдын иш тартибин түзөт, делегаттардын арасынан Курултайдын Төрагасынын, Курултайдын Төрагасынын орун басарларынын, Курултайдын катчысынын кызмат ордуна жана Курултайдын Төркеңешинин курамына талапкерлерди аныктайт, Курултайдын жана Курултайдын Төркеңешинин регламенттеринин долбоорлорун даярдайт.
Уюштуруу комитети зарыл болгон учурда Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
25. Курултайдын делегаттарды каттоо анын ишинин башталганга чейин бир күн мурда жүргүзүлөт.
Биринчи Курултайдын ишин уюштуруу комитетинин төрагасы ачат. Курултайдын кворуму жөнүндө маалымат берет жана эң аксакал делегатты тааныштырат. Эң аксакал делегат Курултайдын Төрагасы шайланганга чейин төрагалык кылат.
Курултайдын эң аксакал делегаты делегаттардан Курултайдын Төрагасын шайлоону сунуштайт. Уюштуруу комитетинин төрагасынын консультациясы боюнча Курултайга эң аксакал делегат Курултайдын Төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.
26. Курултайдын Төрагасы ушул Жободо каралган тартипте шайланат. Шайланган Төрага Курултайдын ишин алып барат.
27. Курултайдын Төрагасы уюштуруу комитетинин төрагасынын консультациясы боюнча өзүнө Курултайдын Регламентин, Курултайдын Төрагасынын Регламентин бекитүүнү, Курултайдын Төрагасынын орун басарларын, Курултайдын катчысын шайлоону, Төркеңешти түзүүнү, ошондой эле күн тартибине киргизиле турган башка маселелерди камтыган Курултайдын күн тартибин кароого киргизет.
IV. Корутунду жоболор
28. Курултайдын ишмердүүлүгүн финансылык, материалдык-техникалык, маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
29. Курултайдын ишмердүүлүгүн маалыматтык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы жүзөгө ашырат.
30. Курултайдын ишин уюштуруу жактан камсыз кылууну Курултайдын Төркеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жүзөгө ашырат.
31. Курултайдын Төрагасынан, анын орун басарларынан жана Курултайдын катчысынан тышкары, Курултайдын Төрагасынын мүчөлөрү өз ишмердүүлүгүн коомдук башталыштарда ишке ашырышат.