Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 17-январы ПЖ №4
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүлөр өз каалоосу менен 2013-жылдын 16-январынан баштап кызматынан бошотулсун:
- Асанова Нургуль Молдобековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Давлетбаева Мадина Акремовна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Джузенова Светлана Амандыковна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Токсобаева Анаркуль Калыковна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |